Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
Вопрос по этому документу?Сверьте ответ чат-бота с документом
ИИ ответит по тексту законаИИ ответит по действующей редакции · бесплатно
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2025-жылдын 21-майы № 44
Жер тилкесин өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Амирбековдун Мырза-Куршаб каналынын коргоо зонасына кирген 16000 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү сунушун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 07-июлундагы № 271 токтомуна жана Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 01-3/37 катына ылайык, айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып талкуулап чыгып, Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Куршаб каналынын коргоо зонасына кирген 16000 м2 жер тилкесин Өзгөн райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзамдуу иш алып баруу жагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Амирбековго сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, турак жай жана өнөр жай, курулуш, жерге жайгаштыруу, архитектура, жол-транспорт, энергетика коммуникациялар, тазалык жана экология боюнча туруктуу комиссиясына төрагасы (А. Шадмановго) жүктөлсүн.
Төрага
К. С. Мусаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.
40 ответов ИИ в месяц - бесплатно. Банковская карта не нужна.Первый ответ - сразу, бесплатно и без регистрации.