Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө» Токтому
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ ХХIX чакырылышынын кезектүү VIII сессиясы
2025-жылдын 15-апрели № 8/5
Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин категорияларынын аймагын кеңейтүү сунушу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесинин жана Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун 2025-жылдын 12-мартындагы №01-33/63 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы №431 тескемесинин негизинде Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагын кеңейтүүгө берилген Дөбөлү айыл аймагына тиешелүү болгон тик бурчтуу координаттар системасындагы 30 012 га жер аянтын өткөрүп берүүдөн баш тартат.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго тапшырылсын.
Төрага:
Б. Шералиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.