Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Манас айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Манас айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө токтому
МАНАС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы
2024-жылдын 19-апрели № 24/10
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен Манас айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Депутаттар Манас айыл өкмөтүнүнү адиси З.Абдуразаковтун Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти (мындан ары Департаменти) “Жергиликтүү өз алдынча органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” кыргыз Республикасынын мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 Жарлыгына жана “ Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19- декабрындагы №715 токтомуна ылайык “Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” келишимин ( мындан ары Келишим) түзүү жөнүндө2024-жылдын 4—апрелиндеги №7446 сандуу катынын негизинде аракеттенген дректор А.К.Миңбаев менен Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т.Садыков менен түзүлгөн келишимди бекитүү максатында Манас айлдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомунаылайык берилген ыйгарым мамлекеттик укуктарын ишке ашыруу Республикалык бюджеттен жергиликтүү берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин”.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысы келишимде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык адиске материалдык жана финансылык жактан колдоо камсыз кылсын.
3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисин жумушка дайындоо, жумуштан бошотуу жана кошумча милдеттерди жүктөө укугу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.
4. Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын Санарипти өнүктүрүү министрлигинин алдындагы калкты каттоо Департаментине жөнөтүлсүн.
Манас айылдык кеңешинин төрайымы
Х.Ш.Артыкова
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө КЕЛИШИМ
1. Келишимдин тараптары
1.1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктөрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти, мындан ары “Департамент” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №257 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ишеним катынын негизинде аракеттенген директор А.К.Минбаевдин атынан, бир тараптан, жана Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын толук аталышы), мындан ары “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы” деп аталуучу Манас айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн негизинде аракеттенген Садыков Тынчтыкбек Таштанович (фамилиясы, аты, атасынын аты) экинчи тараптан мындан ары “Тараптар” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө”, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №90 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө” нускаманы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 жана 2004-жылдын 4-декабрындагы №886 токтомдору менен бекитилген жоболорду жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
2. Келишимдин негизи
2.1. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) төмөндөгүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет:
-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошонлой эле даярдалган паспортту берүү; -Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү; -Жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо; -баланын туулгандыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү; -Никелешүүнү мамлекеттик катоо, ошондой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү; -Өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо,ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү; -“балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу.
2.2. Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) жогоруда аталган берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.
3.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
3.1. Департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынына өзүнүн ыйгарым укуктарын берүүдө төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максаттарга берилген материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткарылууга милдеттүү актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынана жол берилген бузууларды жоюу боюнча кат жүзүндө сунуштарды берүүгө;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдырды жана документтерди суроого; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык финансылык жана башка каражаттарды колдоонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчетторунун формасын белгилөөгө; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгилеген тартипте өндүрүп алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
-ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мкамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө.
3.2. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунунаткаруучу органына усулдук, уюштуруучулук, конституциялык жана башка жардам көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыздоого; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердик квалификациясын жогорулатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу өткөрүүгө; -берилген малекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана өткөрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого; -келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого.
4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары жана милдеттери
4.1. Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү (Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берилишин талап кылууга; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттин усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам алууга, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча Департаменттин кат жүзүндөгү сунуштарына соттук тартипте даттанууга; -ушул Келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнөнмурда бузууну демилгелөөгө.
4.2. Манас айыл аймагынын айыл өкмөтү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын аталышы) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү:
-Келишимге жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;
-берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүргүзүлүшү үчүн шарттарды камсыздоого; -квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан өткөрүлүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адистеринин катышуусун камсыздоо; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузууларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга; -ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10- күнүнө чейин Департамент учурдагы айга каржылоо Келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө; -ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнө(мындан ары - Департаменттин АБсы) Келишимдин 3-тиркемесине ылайык отчет берүүгө; -ай сайын, квартал сайын, жарым жылда, жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттик АБсына Келишимдин 4-тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгө; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө; -Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого;
5.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси
5.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган муниципалдык кызматкер болуп саналат.
5.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланкаларын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат.
Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирген зыян документтерди кайра калыбына келтирүүчыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт. Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаменке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен же Кыргыз Республикасынын азыркы мыйзамдарында белгиленген тарифте соттун чечими менен жүргүзүлөт.
5.4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат:
-жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча берилген документтери кабыл алуу, алардан аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн; -туулгандыгын, никелешүүнү, өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, олгондүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн; -туулгандыгы, никелешүү, өлгөндүгү жөнүндө актылык жазууларды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн; -Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн; -Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык паспортту берүү үчүн; -жарандардын жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн; -“балага сүйүнчү” арыздарын каттоо үчүн; -арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык абалдын актыларын жазуунун түп нускасы үчүн; -арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн; -арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн; -“ЖААК” АМСте документтерди өз убагында жана туура тарыздоо, актылык жазууларга ылайык күбөлүк берүү үчүн; -арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн; -жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо туралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн; -актылык жазуулар жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн;
5.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө укуктуу:
-кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгилеген тартипте суроого; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга; -арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес , кош ИЖН болгон учурда бардык иш –аракеттерди токтотууга жана Департаменттин аймактык ТБсына кайрылуу зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө; -жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга); -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департаменттен усулдук , уюштуруучулук, конституциялык жана башка жардам алууга , ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга; -эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого.
5.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө милдеттүү;
-жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тарипте ага жетүү режимин камсыздоого; -Кыргыз Республикасынын майзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого; -“Инфоком” МИ КБнын Регламентинин Кошулуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого; -берилген документтерден оңдоолор жана /же жасалмалоо белгилери аныкталган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн жетекчилигине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү. Мындай учурда жасалмалоо белгилери сыпаттоо менен уч нускада эркин формада акт түзүлөт, анан бири бир иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси-Департаменттин аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү-арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тарыздоо үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.
5.7. Ушул Келишимде каралбаган жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык колдонулат.
6.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
6.2. Берилген мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн өсептөөнүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасына ылайык ушул Келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө белгилеген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгө болуп саналат.
6.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттин жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын эсебине түшөт жана кезектеги финансылыки жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырууга тийиш.
6.4.Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү төмөндөгүлөрдү өзүнө камтыйт:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысын; -берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды: иш сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн, кеңсе буюмдарын.
6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл материалдык каражаттар Департамент тарабынан кабыл алуу –өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына убактылуу колдонууга өткөрүлүп берилет.
6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттар, чарба ишин жүргүзүү бөлүгүндө (жабдуулар, обьектер, техника ж.б), алар макулдашуу комиссияларында каралып, колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүп берүүгө тийиш.
Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнүн паритеттик башталышта түзүлөт.
6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги Тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Департамент тарабынан аныкталат.
6.9. Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 штаттык бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткарууучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.
7.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Департаменттин аймактык ТБсына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт:
-ай сайын –күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомстволук табыштаманы Келишимдин 2-тиркемесине ылайык; -ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин 3-тиркемесине ылайык; -ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында 4-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы менен макулдашылган форма боюнча Келишимдин 4-тиркемесине ылайык.
8.Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоо тартиби
8.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары–контролдоо) Келишимдин талаптарын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлөт.
8.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Департаменттин аймактык ТБсы жүргүзөт.
8.3. Департаменттин аймактык ТБсы:
- аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укукгу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражаттардын максаттуу колдонулушун текшерет;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарбынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;
- Келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органга киргизет
8.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө жүргүзөт:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы бөлүгөндө координациялоо; -жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын мыйзамда же берүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчетторду кабыл алуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген каражаттардын колдонулушу бөлүгүндө текшерүү жөргүзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди мыйзамдуулугу жана максатуулугу жагынан баалоо.
9.Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү
9.1. Ушул Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү кеңеш тарабынан Келишим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Буга чейинки бекитилген Келишим ушул Келишим күчүнө кирген күнү күчүн жоготот.
9.2. Ушул Келишим 2024-жылдын 19-апрелинен тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Эгер ушул Келишимди колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин эки Тарап тең Келишимди бузуу жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.
9.3. Ушул Келишим үч нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкө ээ: ар бир тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.
11.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотууга негиздер жана токтотуу тартиби
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
- Келишимдик колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
- Келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши*
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджетте кезектеги финансылык жылга трансферттердин (субвенциялардын) жоктугу;
- ушул Келишим боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;
- мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын ушул Келишимде жана/же “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу).
11.2. Берилген мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу Департаменттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
11.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.4. Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Департамент тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруусун, анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбагандыгынан максатсыз деп таанылышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер ушул бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун оордоткон шарттарды түзсө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана (же) ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.5. Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилгелеген Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи Тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган Тарап аны 15 иш күн ичинде коргоого милдеттүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө экинчи тарапка маалымдоого тийиш.
Экинчи Тарап билдирүүгө макул болгон учурда, Тараптардын макулдашуусунун негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.
11.7. 30 күндүн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө соттук тартипте чечилет.
11.8. Берилген мамлекеттик укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 иш күндүн ичинде мамлекеттик органга кайрылууга тийиш.
11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо ушул Келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жөнүндө 15 күн ичинде Департаментке жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жазуу жөнүндө берилет.
11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген малекеттик орган аны аткарууга тийиш.
11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтото туруу жана аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
12.Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келишимдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн Тараптар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.2. Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюштуруу, өткөрүпберилген материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу колдонуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
13.Талаш – тартыштарды чечүү тартиби
13.1 Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.
14.Тараптардын дареги жана колу
Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органы Санариптик өнүктүрүү _________________________________ Министрлигине караштуу Калкты_________________________________ каттоо департаменти Э/счет___________________________ Бишкек ш., Жибек-Жолу пр., БИК______________________________ 381, (312) 380058 ИНН______________________________ Департаменттин директору ОКПО____________________________
__________________________ Айыл өкмөттүн башчысы
А.К.Минбаев _________________________________
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 6 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (6)
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 2014 года № 715 "Об утверждении Временной методики расчета объема трансфертов, предоставляемых местным бюджетам из республиканского…Постановление · 19.12.2014 · № 715
- Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 257 "О некоторых вопросах Министерства цифрового развития Кыргызской Республики"Постановление · 15.11.2021 · № 257
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2017 года № 238 "Об утверждении Инструкции о порядке приема документов, оформления, изготовления (персонификации), учета, выдачи и…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · Утратил силу
- Указ Президента КР от 29 декабря 2023 года УП № 370 "О проведении административно-территориальной реформы в пилотном режиме на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 11 марта 2021 года № 90 "Об утверждении Инструкции о порядке государственной регистрации актов гражданского состояния в Кыргызской Республике"Постановление · 11.03.2021 · № 90 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 4 декабря 2004 года № 886 " Об утверждении Положения о правилах регистрации и снятия граждан Кыргызской Республики с регистрационного учета по…Постановление · 04.12.2004 · № 886 · Утратил силу