Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бардык тармак боюнча ишке ашырыла турган негизги иш аракеттердин планын бекитүү токтому
БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 2/5
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бардык тармак боюнча ишке ашырыла турган негизги иш аракеттердин планын бекитүү
Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата бардык тармак боюнча ишке ашырыла турган негизги иш аракеттердин планы айылдык кеңештин депутаттарынын кезектеги сессиясында каралып чыгып жана талкууланып, Баш-Булак айылдык кеңеши төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025 - жылга карата бардык тармак боюнча ишке ашырыла турган негизги иш аракеттердин планы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн 2025 - жылга карата бардык тармак боюнча ишке ашырыла турган негизги иш аракеттеринин планынын аткарылышын камсыз кылуу жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы И.Ж.Эрмаматовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.Бакиров
Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан туруктуу калыптандыруу багытындагы Баш-Булак айыл аймагынын башчысы И.Ж.Эрмаматовдун 2025-жылга карата ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ.
№
Милдеттер
Чаралар/аракеттер
Ишке ашыруу мөөнөтү
Күтүлгөн натыйжалар (продукт)
Жооптуу аткаруучулар
I.Экономика
1.
Жергиликтүү бюджетти топтоо
Жергиликтүү бюджеттин топтомдорун 10% дан кем эмес аткаруу
2025-жыл ичинде
2024-жылдын январь-декабрь айларында жергиликтүү бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын планы-тапшырма менен 19700,2 миң сом каралган жыл аягына чейин план тапшырма 122,7 % аткарылды, ал эми 2025-жылга 21762,4 мин сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 110,4 % пайызга жогорулайт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
2.
Айыл аймактын өндүрүштүк потенциялын көтөрүү
Өнөр жай продукцияларынын өндүрүүнүн көлөмүн 5 % дан кем эмес жогорулатуу
2025-жыл ичинде
2024-жылдын 12 айында өнөр жай продукциясынын көлөмү 448995 миң сом өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 2023-жылга салыштырганда 44495 миң сомго көбөйүп, физикалык көлөмүнүн индекси 3,2 пайызды түздү. Ал эми 2025-жылы 115 % пайызга жогорулашы күтүлөт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
II. Өнөр жай тармагын өнүктүрүү, инвестициялык жана бизнес-климат
3.
Айыл аймагын өнүктүрүү максатында чет элдик уюмдар менен иш алып баруу
Эл аралык каржы уюмдар менен тыгыз иш алып баруу: КызылАй, ЮНИСЕФ, АРИС, БУУ, АТУ, МЕРСИ КО.
2025-жыл ичинде
Калкка жакшы шарт түзүлөт, инфраструктура жакшырат. Инвестициянын көлөмү жогорулайт
Баш-Булак айыл өкмөтү
4.
Чакан жана орто бизнес түзүүчү ишканаларын колдоо, бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу
К.Р Президентине караштуу инвестициялар боюнча улуттук агентиги менен биргеликте инвестициялык долбоорлор менен иш алып баруу менен кошумча жумуш орундарын түзүү.
2025-жыл ичинде
Чакан жана орто бизнес түзүүчү ишканаларды колдоо, бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу менен экономикабыздын өсүүсүнө салым кошулат.
Баш-Булак айыл өкмөтү
III. Курулуш инфраструктура
5.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы курулуш, инфраструктурасын жакшыртуу
Баш-Булак айылындагы Н.Примбердиев атындагы орто мектебине Республикалык бюджеттен жана (ERIK) долбоорунун алкагында дүйнөлүк банктын колдоосу менен кошумча имарат куруу.
2025-2026-жылдар ичинде
Окуучулардын саны кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу, кошумча имарат куруу менен окуучулардын сапаттуу билим алуусуна шарт түзөт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
6
Торгой-Булак айылына демөөрчүлөр тарабынан ФАП куруу.
2025-2026-жылдар ичинде
Торгой-Булак айылына жаңы ФАПтын имаратын куруу менен айылдын тургундарынын ден-солугун чыңдоого жакшы шарт түзүлөт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
7.
Кара-Сөгөт айылындагы О.Кожошев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын электр энергиясынан көмүр менен жылытуу системасына өткөрүү. Каржылоо, жергиликтүү бюджеттен жана облустук өнүктүрүү фондуна сунушталат.
2025-жыл ичинде
Окуучуларга жана мугалимдерге жакшы шарттар түзүлөт
Баш-Булак айыл өкмөтү
8.
Талдык айылына Республикалык бюджеттен спорт залдын курулушун куруу.
2024-2025-жылдар ичинде
Элдин дени сак жашоо образына шарт түзүлүп жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун, патриоттук сезимдерин ойготууга таасирин берет.
Баш-Булак айыл өкмөтү
9.
Садирбай айылына демөөрчүлөр тарабынан ҮДТ курулушун куруу.
2025-2026-ж.ж.
Садирбай айылына ҮДТ-үн жаңы имаратын куруу менен айылдын тургундарынын ден-солугун чыңдоого жакшы шарт түзүлөт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
10.
Баш-Булак айылына жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөрдөн күрөш зал куруу.
2025-2026-жылдар ичинде
Элдин дени сак жашоо образына шарт түзүлүп жана жаштардын спортко болгон кызыгуусун, патриоттук сезимдерин ойготууга таасирин берет.
Баш-Булак айыл өкмөтү
11.
Баш-Булак айылына Республикалык бюджеттен үлүштүк гранд, облустук өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджеттен маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү.
2025-жыл ичинде
Калкка жакшы шарт түзүлөт, инфраструктура жакшырат.
Баш-Булак айыл өкмөтү
12.
Баш-Булак айыл аймагына караштуу Садирбай айылынын Э.Айдаров көчөсүнө Республикалык бюджет, үлүштүк гранд, облустук өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджет, элдик салымдардын каржылоосу менен 522 метр аралыкка асфальт төшөө.
2025-жыл ичинде
Калкка жакшы шарт түзүлөт, инфраструктура жакшырат.
Баш-Булак айыл өкмөтү
13.
Баш-Булак айыл аймагына караштуу Баш-Булак айылынын Т.Бекмуратов көчөсүнө Республикалык бюджет, үлүштүк гранд, облустук өнүктүрүү фонду, жергиликтүү бюджет, элдик салымдардын каржылоосу менен 880 метр аралыкка асфальт төшөө.
2025-жыл ичинде
Калкка жакшы шарт түзүлөт, инфраструктура жакшырат.
Баш-Булак айыл өкмөтү
IV. Турак жайларды камсыздандыруу
Турак үйлөрдү камсыздандыруудан өткөрүү
Айыл аймагындагы жашоочуларга турак үйлөрүн камсыздандыруудан өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен 50% көрсөткүчкө жеткирүү
2025-жыл ичинде
Калктын турак үйлөрү ар кандай табийгый кырсыктардан (Сел, шамал, жер титирөө, өрт) жабыркаган учурда, камсыздандыруучу уюм тарабынан каржыланат.
Баш-Булак айыл өкмөтү
VI. Фискалдык системаны реформалоо
14.
Салык жол-жоболорун толук автоматташтыруу (фискалдаштыруу)
Салык төлөөчүлөргө салык кызматына берилүүчү отчеттордун бардык түрлөрүн электрондук форматка которуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү
2025-жыл ичинде
Маалымкаттардын, отчеттордун, так отчеттуулуктагы бланктардын, түшүндүрмөлөрдүн бардык түрлөрү электрондук форматка өтүү менен 2024-жылга ККМ аппараты толугу менен коюлуп бүттү. 2025-жылга карата жаңы ачылган соода жана кызмат көрсөтүүчү түйүндөргө ККМ аппаратын коюлуусун көзөмөлгө алуу.
Баш-Булак айыл өкмөтү
VII. Коомдук коопсуздук
15.
Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы”КР Улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө” ПЖ№570 Жарлыгынын аткарылуусу, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу
Жарандардын коопсуздугун жакшыртуу
2025-жыл ичинде
Айыл аймактын тургундары арасында, жаш өспүрүмдөр арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жолугушууларды, иш-чараларды өткөрүү. Укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, коомдук коопсуздукту сактоо жана жол транспорт кырсыктарын алдын алуу
Баш-Булак айыл өкмөтү
VIII. Айыл чарба
16.
Өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын дүң көлөмүн көбөйтүү
Айыл чарба көрсөткүчтөрүнүн көлөмүн жогорулатуу максатында айыл чарба эгиндерин сорттуулугун жаңылоо, көп түшүм берүүчү сортторду пайдалануу.
2025-жыл ичинде
Айыл чарба продукцияларынын көлөмү 1-3 % га өсөт
Баш-Булак айыл Өкмөтү
17.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорун, насыяларды берүү боюнча, дыйкан фермерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Райондогу банктар аркылуу арзандатылган насыялар жана “Айыл банк” “РСК банк” аркылуу берилип жаткан жеңилдетилген насыялар боюнча айыл аймактын дыйкан фермерлерине маалымат жеткирүү
2025-жыл ичинде
Шаардын аймагындагы дыйкандарга арзандатылган насыялар талаачылык, мал чарбасы, кайра иштетүү тармагына максаттуу берилип, айыл чарба продукциялары сапаттуу өндүрүлөт жана көлөмү көбөйөт
Баш-Булак айыл өкмөтү
18.
Мал чарбачылыгы
Баш-Булак айыл аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо, жугуштуу оорулардын алдын алуу.
2025-жыл ичинде
Айыл аймагында аймагында эпизотиялык абал туруктуу сакталып,малдар ээмдөөдөн өтөт
Баш-Булак айыл өкмөтү
19.
Кара-Суу, Долоно, Алманкол ж.б
Жайыттарды башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу
2025-жыл ичинде
Малдарды жакынкы жана алыскы жайытарга жайгаштыруу менен жайыттардын сакталуусу көзөмөлдөнөт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
20.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын токтомдорун аткарылышын камсыздоо
Министрлер Кабинетинин №291 токтому боюнча тиешелүү деңгээлде иш аракеттерди жүргүзүү
2025-жыл
Мыйзамсыз курулуштар боюнча жумуш алып барылат
Баш-Булак айыл өкмөтү
IX. Энергетика
21.
Кара-Суу райондук электр тармактар ишканасы менен биргеликте айыл аймагындагы экономикалык тармактарды жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча иш алып баруу
Кара-Суу райондук электр тармактар ишканасы менен биргеликте айыл аймагындагы экономикалык тармактарды жана калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, электр энергиясын үнөмдөө боюнча чараларды көрүү. Жаңы конуштарга 50 даана электр мамычаларын орнотуу.
2025-жыл ичинде
Аймактагы тургундарынын электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды азайтуу, электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бюджеттик мекеме-уюмдарга жеткирилген электр энергиясына болгон лимиттин сакталышын көзөмөлдөө
Баш-Булак айыл өкмөтү
22.
Айыл аймагындагы тургундарын арзандатылган баада көмүр отуну менен камсыздоо
Айыл аймактын тургундарын арзандатылган баада көмүр отуну менен камсыздоо боюнча иштерди алып баруу
2025-жыл ичинде
Социалдык жактан аярлуу катмардагы айыл тургундарын арзандатылган баада көмүр-отуну менен камсыздоо иштерин уюштуруу
Баш-Булак айыл өкмөтү
X. Башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүү
23.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү
“Түндүк” ЭВӨС аркылуу маалыматтык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча ишти улантуу.
2025-жыл ичинде
Элге кызмат көрсөтүү процесси жөнөкөйлөтүлөт жана кагаз жүзүндө иш жүргүзүүнү жоюу.
Баш-Булак айыл өкмөтү
24.
“Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу өз ара аракеттенүү үчүн зарыл болгон тейлөөлөрдү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү
2025-жыл ичинде
“Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу өз ара аракеттенүү үчүн сервистердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн саны көбөйөт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
XI. Дени сак улут
25.
Жугуштуу ооруларды алдын алууну жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү
Калктын кургак учук менен ооруган катмарына материалдык жардамдарды КР “Калкты кургак учуктан сактоо” мыйзамына ылайык камсыздоо
2025-жыл ичинде
Кургак учук менен ооруган жарандарга материалдык жардамдарды берүү
Баш-Булак айыл өкмөтү
26.
Калк арасында ВИЧ/СПИД илдетин, жугуштуу инфекциалдык, бруцеллез жана паразитордук ооруларды алдын алуу, аларды төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис иш аракеттерди жүргүзүү жагын күчөтүү
2025-жыл ичинде
Калк арасында ВИЧ/СПИД илдетин, жугуштуу инфекциалдык, бруцеллез жана паразитордук оорулардын алдын алуу, аларды төмөндөтүү боюнча иш чараларды түзүү
Баш-Булак айыл өкмөтү
27.
Прфилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү
Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык пландуу иммунизациялоону жүргүзүү,
2025-жыл ичинде
Жыл сайын балдарды профилактикалык эмдөөлөр менен камсыздоо
Баш-Булак айыл өкмөтү
28.
Жаштар арасында спорттук мелдештерди уюштуруу. Спорт аянтчаларын куруу. Дени сак улутту түзүү. Дени сак жана активдүү узак өмүр сүрүүгө дем берүү
Жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана сергек жашоого умтултуу.
2025-жыл ичинде
Жаштардын спортко болгон кызыгуусу артат жана сергек жашоого умтулат.
Баш-Булак айыл өкмөтү
XII. Социалдык-маданий өнүктүрүү, жарандардын өзүн таануусун калыптандыруу
29.
Майрамдык иш чараларды уюшкандыкта өткөрүү
Жыл ичинде даталуу күндөрдү жана Кара-Суу районунун 90-жылдыгына карата, уюшкандыкта жогорку деңгээлде өткөрүү.
2025-жыл ичинде
Айыл аймактын тургундарына майрамдык маанай тартуулоо менен маданий агартуусун жакшыртуу
Баш-Булак айыл өкмөтү
30.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин конституциялык статусун чыңдоо (13-берене)Мамлкеттик тилди өнүктүрүү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин конституциялык статусун чыңдоо (13-берене), «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы №114 токтомун ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасын жүзөгө ашыруу
2025-жыл
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана кыргызтестен өтүү жүргүзүлөт. Иш кагаздарын жүргүзүү мамлекеттик тилге өткөрүлөт. «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасы аткарууга алынат
Баш-Булак айыл өкмөтү
XIII . Билимдүү улут
31.
Билим берүү мекемелерине материалдык техникалык базасын чыңдоо
Жергиликтүү бюджетти түзүүдө мектептерди, мектепке чейинки 2 бала бакчага жана мектептен тышкары мекемелерди зарыл болгон эмерек, жабдуу, шаймандар менен жаңыртууга жана жабдууга акча каражаттарын кароо
2025-жыл ичинде
Мектептерди, мектепке чейинки мекемелерди зарыл болгон эмерек, жабдуу, шаймандар менен камсыздоо боюнча иш алып баруу.
Баш-Булак айыл өкмөтү
32.
Мектеп жашында окууга тартылбаган балдарды мектепке тартуу иш аракеттерине көзөмөлдү күчөтүү
2025-жыл ичинде
Мектеп жашында окууга тартылбаган балдарды мектепке тартуу боюнча иш аракеттерди жүргүзүү
Баш-Булак айыл өкмөтү
33.
Манас эпосун таанытуу
Манас таануу интеллектуалдык таймашын жана жаш манасчыларды кароо-сынагын мектептен мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги окуучуларына тарбиялануучуларына жайылтуу
2025-жыл ичинде
“МАНАС”эпосу аркылуу руханий жактан өнүккөн билим деңгээли жогору нарктуу улутту тарбиялоо
Баш-Булак айыл өкмөтү
34.
Айыл аймагында мектепке чейинки мекемелердин материалдык техникалык базасын чыңдоо
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин материалдык техникалык базасын чыңдоо.
2025-жыл ичинде
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин материалдык техникалык базасы жакшырат. Тарбиялануучулар үчүн шарт түзүлөт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
XIV. Инклюзивдик өсүш
35.
Турмуштук оор кырдаалда турган аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдүн эмгек потенциалын ишке ашырууга көмөктөшүү
Социалдык контракттын негизинде жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу жана натыйжалуулугуна аралыктан баа берүү
2025-жыл ичинде
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” токтомун, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2022-жылдын 29-июлундагы №110 “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Жобону ишке ашыруу боюнча” буйругуна ылайык, 2024-жылы 74 үй-бүлөлөргө кайтарымсыз социалдык жардам акчалары 100 000 сом өлчөмүндө банктар аркылуу берилип, ар түрдүү багыттарда кичи-бизнес уюштурулду. 2025-жылы ишкердигин жандандыруу максатында 200 000 сомдон пайызсыз акча каражаты берилүүсү күтүлөт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
36.
Калктын жакырчылыгынын деңгээлин төмөндөтүү 2024-жылга 21.2 % болсо, 2025-жылга 19,6 % га чейин төмөндөтүү.
2025-жыл ичинде
Социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны (факт боюнча) I, II, III котегорияга бөлүү менен кирешеси 1000 сомго чейин 140 жаран, кирешеси 1000 сомдон 1519 сомго чейин 135 жаран, кирешеси 1519 сомдон 2931 сомго чейин 590 жаран, Жалпы: 865 үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртуу
Баш-Булак айыл өкмөтү
37.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы №479 “2018-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын Аймагынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасы тууралуу” токтомунун аткарылышын камсыз кылуу.
Балдарды коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө максатында маалыматтык түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүү. Үй-бүлөнү ар тараптуу колдоо, балдардын укгун коргоо боюнча иш чаралар аткаруу
2025-жыл
Балдарды коргоо жана үй-бүлө институтун бекемдөө максатында маалыматтык түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлөт. Үй-бүлөнү ар тараптуу колдоо, балдардын укгун коргоо боюнча иш чаралар аткарылат
Баш-Булак айыл өкмөтү
38
Санариптик кызмат көрсөтүүлөр системасына социалдык паспортторду киргизүү
Айыл аймак боюнча турмуштук оор кырдаалда турган балдар жана үй-бүлөлөр жөнүндө автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизүү, Социалдык паспортторду толтуруу
2025-жыл ичинде
Үй-бүлөлөр менен жекече иштөөнүн жана балдарды коргоо боюнча санариптештирилген пландардын саны Соц паспортторду үймө үй кыдыруунун негизинде толтуруу
Баш-Булак айыл өкмөтү
39.
Үй-бүлө институтун чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү
Жетим балдарды, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формаларын өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашыруу (асырап алуу, багып алуучу (фостердик) үй-бүлөлөр, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк)
2025-жыл ичинде
Жетим жана жарым жетим балдарга жакындан жардам берүү, демөөрчүлөр же башка жактан келген жардамдарды өз убагында берилүүсүн көзөмөлдөө
Баш-Булак айыл өкмөтү
XV. Айлана-чөйрөнүн туруктуулугу
40.
Табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу боюнча иш алып баруу
2025-жыл ичинде
Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы «Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү» № 209 мыйзамын аткаруу
Баш-Булак айыл өкмөтү
41.
Айыл аймагындагы 39 км ички арыктарды жана 9 км чоң каналдарды тазалоо
2025-жыл ичинде
Чоң каналдарды жана ички арыктарды чаап тазалоо
Баш-Булак айыл өкмөтү
42
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025- жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натйыжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндөгү№ ПЖ №305 Жарлыгын алкагында жумуштарды алып баруу
Айыл аймагынын тазалыгын камсыз кылуу менен айыл тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүү
2025-жыл ичинде
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн алдындагы “Тазалык муниципалдык” ишканасынын ишмердүүлүгүн жогорулатуу.
Баш-Булак айыл өкмөтү
43.
“Жашыл мурас” улуттук кампаниясын ийгиликтүү өткөрүү алкагында айыл аймагында бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу жана инфраструктуралык өнүгүүсү
“Жашыл мурас” долбоорунун алкагында айыл аймагында жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү
2025-жыл ичинде
Жалпы айыл аймак боюнча 0,50 га жер аянтына 1 миңден ашуун көчөттөрдү мекеме-ишканалар жана жергиликтүү калк тарабынан эгилүүсү күтүлүүдө. Алардын 500 көчөт айыл өкмөт жана мекеме-ишканалар тарабынан, калган 500 көчөт элдин эсебинен
Баш-Булак айыл өкмөтү
XVI. Коррупция менен күрөшүү
44.
Коомчулукту коррупцияга каршы күрөшүүгө чакыруу
Коомчулук арасында коррупция жана аны менен күрөшүүнүн формалары жөнүндө окуу курстарын, тегерек столдорду уюштуруу
2025-жыл ичинде
Коррупциянын зыяндыгы жана ага каршы күрөшүүнүн жолдору жөнүндө калк арасында кеңири түшүнүктүн пайда болуусу
Баш-Булак айыл өкмөтү
XVII. Транспорттук-логистикалык инфраструктура
45.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-декабрындагы” КР жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” ПЖ №548 Жарлыгынын алкагында жалпы пайдалануудагы ички жолдорду оңдоо
Айыл аймагындагы жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун оңдоо жана жол инфраструктурасын күндөлүк орто жана капиталдык оңдоонун алкагында асфальт төшөө иштерин жүргүзүү, ички көчөлөргө шагыл төшөө.
2025-жыл ичинде
Айылдык Кеңеш тарабынан бюджетке киргизилип, бекитилген айыл аймагындагы жолдор оңдолот.
Баш-Булак айыл өкмөтү
46.
Айыл аймагына тратуар куруу
Айыл аймагындагы көчөлөргө тротуар куруу.
2025-2026 жылдар ичинде
Айыл аймагынын Эшме айылынын Айдаров, көчөсүнө тратуар куруу иштери. Жалпы 1 км аралыкка тратуар төшөлөт.
Баш-Булак айыл өкмөтү
Жалпы: 17 бөлүм 46 тапшырмадан турат.
Эскертүү: Жергиликтүү бюджеттен бекитилип акча каражаты каралган иштер кошулуусу күтүлөт.
Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы: И.Ж.Эрмаматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Постановление Правительства КР от 14 августа 2017 года № 479 "О Программе Правительства Кыргызской Республики поддержки семьи и защиты детей на 2018-2028 годы"Постановление · 14.08.2017 · № 479
- Постановление Кабинета Министров КР от 15 июля 2022 года № 385 "О предоставлении социальной помощи на основе социального контракта"Постановление · 15.07.2022 · № 385
- Постановление Правительства КР от 5 марта 2013 года № 114 "О мерах по обучению государственных и муниципальных служащих государственному языку и переводу делопроизводства на…Постановление · 05.03.2013 · № 114 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 1 октября 2020 года № 510 "Об утверждении Программы развития государственного языка и совершенствования языковой политики в Кыргызской…Постановление · 01.10.2020 · № 510 · Утратил силу