# Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы №8-8 "2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы №8-8 "2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8-8
- Дата принятия: 29.05.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.05.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230028114>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42282/edition/33200/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.05.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-майындагы №8-8 "2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө" Токтому (ред. от 29.05.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230028114

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IX чакырылыштагы депутаттардын кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 29-майы № 8-8

2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы №353 токтомуна ылайык Ат-Башы районунун прокуратурасы тарабынан Ат-Башы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы мененжайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн “Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн акча каражатын Нарын облустук прокуратурасынын депозиттик эсебине которуу боюнча2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасынын талаптарын аткаруу максатындаАт-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.“Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн жайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн 282 700,8 сом жана жайыт жерди эрозияга алып келгендиги үчүн эсептелинген 418 003 сом, жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 700 703,8 (жети жүз мин жети жүз үч) сом акча каражаты “Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн аккумуляциялык эсебине түздөн-түз которулуп кеткендиктен, жогорудагы акча каражатын Нарын облустук прокуратурасынын депозиттик эсебине кайра которууга макулдук берилсин;

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтерине милдеттендирилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.

Төрага

У. Мелис уулу
