Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин «2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө» Токтому
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ IX чакырылыштагы депутаттардын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 29-майы № 8-8
2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июнундагы №353 токтомуна ылайык Ат-Башы районунун прокуратурасы тарабынан Ат-Башы айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы мененжайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн “Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн акча каражатын Нарын облустук прокуратурасынын депозиттик эсебине которуу боюнча2025-жылдын 25-мартындагы Ат-Башы райондук прокуратурасынын №11-113-25 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндөгү Сунуштамасынын талаптарын аткаруу максатындаАт-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан өндүрүлгөн жайыт жердин кыртышын бузгандыгы үчүн 282 700,8 сом жана жайыт жерди эрозияга алып келгендиги үчүн эсептелинген 418 003 сом, жалпы мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 700 703,8 (жети жүз мин жети жүз үч) сом акча каражаты “Петро-Ресурс” ЖЧКсы тарабынан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн аккумуляциялык эсебине түздөн-түз которулуп кеткендиктен, жогорудагы акча каражатын Нарын облустук прокуратурасынын депозиттик эсебине кайра которууга макулдук берилсин;
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтерине милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.
Төрага
У. Мелис уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.