# Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-апрели № 31 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-апрели № 31 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31
- Дата принятия: 11.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 11.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027982>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42174/edition/33039/ru>

> Текст приведён по редакции от 11.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 11-апрели № 31 2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 11.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027982

---

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) кезексиз VI-сессиясы

2025-жылдын 11-апрели № 31

2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Ийри-Суу айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 8564,6 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 2569,3 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2.Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, салык, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

С. Курманбеков
