Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баткен шаардык кенешинин «Баткен шаарынын муниципалдык имараттарды ижарага берүүнүн коэффиценттерин бекитүү жөнүндө» токтому
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Баткен шаардык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 9-апрели № 45 Баткен шаарынын муниципалдык имараттарды ижарага берүүнүн коэффиценттерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык менчиктеги объекттерди кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк түрүндө пайдаланууга жана ижарага берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругуна, Баткен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 20-мартындагы №01-12/1283 катынын, шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 30-мартындагы протоколунун негизинде Баткен шаардык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы Токтом кылат:
1.Баткен шаарынын муниципалдык имараттарды ижарага берүүнүн коэффиценттери №1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.Токтом шаар калкына шаардык Кеңештин расмий сайты аркылуу жеткирилсин.
3.Токтом мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин Архитектура, курулуш иши, транспорт жана коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, сугат суу, айыл чарба жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /Б.Козубаев/ тапшырылсын.
Төрага
А.Аширов
Баткен шаардык Кеңешинин VIII
чакырылышынын кезектеги V сессиясынын № 45 токтомуна №1 тиркеме
Баткен шаарындагы муниципалдык Имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө.
Бул эсептөө Кыргыз Республикасынын жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктүү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин коллегиясынын 2003-жылдын 28-мартындагы №8-ПК токтомуна жана башка ижаралык мамилелерди аныктоочу нормативдик актыларга ылайык иштелип чыккан, ошондой эле ижара акыны бекитүү тартибин аныктайт. Муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды) пайдалангандыгы үчүн айлык ижара акынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат.
Аг .пл= Тб x (1+K1+K2+k3)xK4xS:12 Бул жерде: Аг .пл- жай (имарат) үчүн ижаранын айлык акысынын өлчөмү. Тб - 60 сомго барабар болгон 1ч.м үчүн жылдык ижара акынын базалык тарифи. К1 – жайдын орун алуу коэффициенти; К2 - техникалык түзүлүш (обустройство) коэффициенти; К3 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти; К4 - жайды орунга жайгашуу коэффициенти; S - жайдын аянты.
Эсептөөнү колдонууда коэффициенттердин чоңдугу төмөнкү критерий боюнча аныкталат.
а) К1-жайдын орун алуу коэффиценти
1. Бөлөк жайгашкан имарат-0,8
2. Имараттын ичиндеги жай-0,7
3. Кошумча курулган жай-0,4
4. Жарым жер төлөө (цоколь)-0,3
5. Жер төлөө жай-0,3
б) К2-техникалык түзүлүш (обустройство) коэффиценти
1. Суу түтүгү, канализация, ысык суу, борбордук жылуулук-0,7
2. Суу түтүгү, канализация, борбордук жылуулук-0,6
3. Борбордук жылуулук-0,3
4. Суу түтүгү, канализация-0,3
5. Техникалык эч кандай түзүлүш жок -0,2
в) К3-жайды пайдалануунун тармактык коэффиценти
Гараждар,кампалар жана башка көмөкчү жайлар -0,6 Сүрөтчүлөрдүн айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин өнөрканлары- 0,8 Турмуш тиричилик багытында кызмат көрсөтүү аянттары(бут кийимдерди, кондитердик азыктарды, үй тиричилигине керектүү буюмдарды ремонтто,химиялык тазалоо, чачтарачканалар, сулуулук салондору, прокат пунктары, мончолор)-0,8 Нан жана нан азыктарын, сүт азыктарын, азык түлүк товарларын, кондитердик азыктарды, алкоголсуз ичимдиктерди матуу үчүн пайдалануучу аянттар, долбоордук изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лабораториялардын, аудиториялардын, почталык, медициналык, спорттук ден соолукту чыңдоочу кызмат көрсөтүү жайлары.-2,0 Дары дармектерди сатуу -7,0 Тамак аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак-аш ишканалары, фудбол аянтчалары –1,5 Автомобилдерди, эсептөө техникалык жана башка жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө, материалдарды көчүрмөлөө үчүн (ксерокопия) иштетүү үчүн жайлар -2,0 Электрондук, компьтердик жана башка көңүл ачуу оюндар залдары -8,0 Офис үчүн пайдалануучу жайлар -6,0 Ресторандар, бильярд, барлар, кафелер, дискотекалар, сауналар, фитнес клубдар-6,0 Финасы мекемелери, камсыздоо компониялары, биржалар -8,0 Өндүрүштүк максатта пайдалануучу жайлар-3,0 Билярд-12,0 1-13 көрсөтүлгөндөрдөн башка жайлар -8,0.
К4- жайдын орунга жайгашуу коэффиценти: Бул коэффицентти аныктоодо, ижарага бериле турган жайга болгон суроо талап, анын жака белин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, аймакытк-экономикалык зонанын мүнөздөмөсү жана жогоруда көрсөтүлгөн коэффиценттер менен эске алынбаган жайдын башка сапат критерийлери эске алыныш керек. Баткен шаарынын менчигиндеги, зоналоонун биринчи жана экинчи квадратында жайланышкан, турак жайга кирбеген имараттар, курулуш жайлар үчүн -2,1. (1-зона); Баткен шаарынын менчигиндеги, зоналоонун экинчи жана үчүнчү квадратында жайланышкан, турак жайга кирбеген имараттар, курулуш жайлар үчүн -1,7. (2-зона) Баткен шаарынын менчигиндеги, зоналоонун үчүнчү жана төртүнчү квадратында жайланышкан, турак жайга кирбеген имараттар, курулуш жайлар үчүн -1,5. (3-зона)
1-зона
“И.Жусупов көчөсү” “М.Нургазиев” көчөсү менен кесилишкен жерден “Жибек Жолу” көчөсүнө чейин; “Сайдиман ажы” көчөсү “М.Нургазиев” көчөсү менен кесилишкен жерден Сайга чейин; “Ч.Айтматов” көчөсү “Т.Садыков” көчөсү менен кесилишкен жерден Баткен областтык ооруканага чейин; “К.Сабыров” көчөсү “М.Нургазиев” көчөсү менен кесилишкен жерден “М.Салихов” көчөсүнө чейин; “И.Раззаков” көчөсү “Т.Садыков” көчөсү менен кесилишкен жерден “Чынар” бакка чейин; “Султанмурат Минбашы” көчөсү “Т.Садыков” көчөсү менен кесилишкен жерден “М.Сейдалиев” көчөсүнө чейин; “Т.Садыков” көчөсү “М.Салихов” көчөсү менен кесилишкен жерден Жибек Жолу көчөсүнө чейин;
И.Жусупов көчөсү М.Нургазиев көчөсү менен кесилишкен жерден стадионду айланып, областтык поликлиникага чейин;
М.Нургазиев көчөсү Т.Садыков көчөсү менен кесилишкен жерден Р-4 каналына чейин;
“Жениш”,”Жаштык” парккы;
К.Турмаматов көчөсү М.Салихов көчөсү менен кесилишкен жерден сайга чейин;
Коммунизм көчөсү М.Нургазиев көчөсү менен кесилишкен жерден Интернационал көчөсүнө чейин; Кыргызстан көчөсү И.Раззаков көчөсү менен кесилишкен жерден Султанмурат Минбашы көчөсүнө чейин;
Т.Садыков көчөсү Жибек Жолу көчөсү менен кесилишкен жерден Р-4 каналына чейин;
2-зона.
Келечек кварталындагы 1-зонага кирбей калган бардык жерлер; Кызыл-Дөн кварталындагы 1-зонага кирбей калган бардык жерлер; Базар-Башы кварталындагы 1-зонага кирбей калган бардык жерлер; Кызыл-Жол кварталы, Баткен –Исфана жолу (магистралдык каналдан баштап,мечитке жакын жайгашкан аялдамага чейин)
3-зона
Булак-Башы кварталындагы жайгашкан жерлер; Кызыл-Жол кварталындагы 1-2 зонага кирбей калган жерлер; 2-3 зонага кирбей калган жерлер; Баткен шаарындагы муниципалдык Имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анын ичинде администртивдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акы бул эсептөө боюнча эсептелген ижара акынын өлчөмүнөн төмөн боло албайт.Мындан тышкары, жер пайдалануу жана курулуш куруу комиссиясы жогорудагы эсептелген бааны 20% көтөрүүгө же ижара акы аз эсептелген учурда баштапкы бааны базар баасында коюуга укукту. Ижара акынын өлчөмү имаратты жана жайды эксплуатациялоо жана майда (текущий) ремонт боюнча кеткен жана ошондой эле жылуулук берүү комуналдык кызмат үчүн кеткен чыгымдарды камтыбайт. Айлык ижара акы ижарачы тарабынан келишимге ылайык төлөнүүчү так белгиленген төлөмдөр суммалары түрүндө, 10 банктык күндө жергиликтүү бюджетке толугу менен өткөрүп берүү баланс кармоочунун эсеп счетуна төгүлөт. Ижара акынын өлчөмү келишимде каралган мөөнөттөрдө өзгөртүлүшү мүмкүн. Бирок өзгөртүү бир жылда бир жолудан көп болбошу керек. Ижара акынын өлчөмү жөнүндө жактар тарабынан жазуу түрүндө макулдашылган шарттар жок болсо, анда ижара келишими түзүлбөгөн болуп эсептелет. Эсептөөлөрдүн мисалдары: 1-мисал. Баткен шаарынын М.Нургазиев көчөсүндөгү жайгашкан спорт залдын аялдарга арналган 1 бөлмөнүн өлөчөмү 57,3 ч.м. болгон жай кеңсе (офис) үчүн ижарачы төмөндөгүдөй айлык ижара акыны төлөйт. Аг.пл.=Tб x (1+K1+K2+K3)x K4xS:12 Аг.пл.=60 x (1+ 0,7+ 0,7 + 2) x 2,1 x 57,3:12= 2647,26 сом айына 1 ч.м. үчүн 46,2 сом
Жооптуу катчы Ж.Алдашова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Коллегии Государственного комитета КР по управлению Государственным имуществом и привлечению прямых инвестиций от 28 марта №8-пк " Об утверждении Положения "Об…Постановление · 28.03.2003 · № 8-пк · Утратил силу