Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Төрт-Көл айылдык кеңешинин Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы ата-энелер төлөмүн бектип берүү жөнүндө токтому
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 105
Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы ата-энелер төлөмүн бектип берүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясынын күн тартибиндеги Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 9 “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесинин 7-пунктуна таянып, Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы ата-энелер төлөмүн тамак-аш азыктарын сатып алууга 1200 (бир миң эки жүз) сомдон, санитардык-гигиеналык каражаттар үчүн 200 (эки жүз) сомдон бекитип берүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы ата-энелер төлөмүн тамак-аш азыктарын сатып алууга 1200 (бир миң эки жүз) сомдон, санитардык-гигиеналык каражаттар үчүн 200 (эки жүз) сомдон бекитилип берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин регламент, мыйзамдуулук, адам укугун коргоо, депутаттык этика, коомдук уюмдар менен байланыш маселелери маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары
М. Акназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.