# Кара-Кѳл шаардык кеңешинин 2025-жылынын 28-февралындагы №21/4-9 “2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кара-Кѳл шаардык кеңешинин 2025-жылынын 28-февралындагы №21/4-9 “2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 21/4-9
- Дата принятия: 28.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027772>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-42020/edition/32808/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Кѳл шаардык кеңешинин 2025-жылынын 28-февралындагы №21/4-9 “2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 28.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027772

---

КАРА-КѲЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Кѳл шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын

2025-жылдын 28-февралы №21/4-9

2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Б.Н.Койчиевдин 2025-2027-жылдардын салык мезгилдери үчүн турак имаратына жана жайга мүлк салыгынын базалык ставкасын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Т.А.Мамытканованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамын, “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү” жөнүндө Мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктун жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин 9-чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги IV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Көл шаарынын аймагындагы турак имараттарына жана жайга мүлк салыгынын ставкасы 1 чарчы метрге 5 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (У.А.Жумашев), ал эми көзөмөлгө алуу шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (Т.А.Мамытканова) жүктөлсүн.

Төрага:

Ч.А.Кимсанов
