Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин Шоро-Башат айылынын тургуну Эгембердиев Эркин Эркинбаевичтин кичи ишкана куруу үчүн жер тилкесин сурап жазган арызы жөнүндө токтому
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Көл айылдык Кеңешинин VII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы
2024-жылдын 2-сентябры № 91
Шоро-Башат айылынын тургуну Эгембердиев Эркин Эркинбаевичтин кичи ишкана куруу үчүн жер тилкесин сурап жазган арызы жөнүндө
Шоро-Башат айылынын тургуну Эгембердиев Эркин Эркинбаевичтин кичи ишкана куруу үчүн жер тилкесин сурап жазган арызын карап жана таклуулап жана Кырыгыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Төрт-Көл айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эгембердиев Эркин Эркинбаевичке кичи ишкана куруу үчүн жер тилкесин берүүгө Кыргыз Республикасыын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү жобонун негизинде тийиштүү иш кагаздарды даярдоо белгиленсин.
2. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси А. Джумабаевге кичи ишкана куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдоо, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана мыйзамдарында каралган талаптар боюнча иш алап баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Суралсын Өзгөн районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Өзгөн филиалынан тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык айыл, суу чарба, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары
М. Акназаров
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- Указ Президента КР от 29 января 2021 года УП № 3 "О защите собственности и поддержке предпринимателей и инвесторов"Указ · 29.01.2021 · № 3