# Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-январы № 11 Мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө токтому

- Полное наименование: Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-январы № 11 Мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 11
- Дата принятия: 20.01.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 20.01.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027581>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41891/edition/32633/ru>

> Текст приведён по редакции от 20.01.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-январы № 11 Мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө токтому (ред. от 20.01.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027581

---

ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Көл айылдык кеңешинин VIII-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги үчүнчү сессиясы

2025-жылдын 20-январы № 11

Мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Прогресс айылында базар куруу максатында, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомуна ылайык Төрт-Көл айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Прогресс айылында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган “Улуу Жибек Жолу” дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин, анын ичинде:

- аянты 8,86 гектар жер участогу ( идентификациялык коду 5-06-06-1005-0892);

- аянты 5 гектар жер участогу ( идентификациялык коду 5-06-06-1012-0269);

- турак эмес курулуштары жана башка объектери менен аянты 826,68 м2 жер участогу.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 790 токтомун аткаруу боюнча иш-чараларды алып баруу жагы Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башкы адиси Д. Сулаймановго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл, суу чарба, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

Төрага

М. Тажибаев
