Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык округунун кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 9 Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылындагы Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин эскилиги жеткен имаратын бузууга берүү жөнүндө токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын кезектеги 2024-жылдын 1-сессиясы
2024– жылдын 24-январы № 9
Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылындагы Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин эскилиги жеткен имаратын бузууга берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №518 токтому менен бекитилген Жобосунун, (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 324 токтомунун редакциясына ылайык), ӨКМ 2024-жылдын 12-мартындагы № 0-78 корутундусунун негизинде Савай айыл округунун кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Савай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылындагы Пионердин 50 жылдыгы орто мектебинин 1997-1998-жылдары ашар жолу менен курулган, эскилиги жеткен имараты бузууга берилсин.
2. Мыйзам чегинде иш алып жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жөктүлсүн.
Төрага
Б.Мамашов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.