# Савай айылдык округунун кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 7 Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Савай айылдык округунун кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 7 Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 24.01.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 24.01.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027458>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41783/edition/32518/ru>

> Текст приведён по редакции от 24.01.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Савай айылдык округунун кеңешинин 2024– жылдын 24-январы № 7 Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө токтому (ред. от 24.01.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027458

---

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VII- шайланган) депутаттардын сессиясы

2024– жылдын 24-январы № 7

Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 243 , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы №602, 2016-жылдын 18-ноябрындагы №599, 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 471, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 309, 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 494, 2023-жылдын 21-январындагы № 26 токтомдоруна ылайык Савай айылдык округунун кенешинин депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ижара мөөнөтү аяктаган Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери мыйзам чегинде ижарага берилсин.

2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында комиссиянын курамы төмөнкүдөй бекитилсин.

Караходжаев Заирбек - Савай айылдык округунун кенешинин депутаты, комиссиянын төрагасы Каратаева Назира - Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы Комиссия мүөлөрү:

1.Женмуратов Алмаз - Савай айыл өкмөтүнүн башкы адиси

2.Абдиашим уулу Каныбек – Савай айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси

3.Хайдарова Кылара – Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

4.Алымова Айнура – Савай айылдык округунун кенешинин депутаты

5.Оморова Кайринса – Савай айылдык округунун кенешинин депутаты

6.Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл башчылары өз айылында

7.Кара-Суу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү

8.Кара-Суу райондук агрардык өнүгүү департаментинин кызматкери ( макулдугу менен )

3. Түзүлгөн комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “КБФ нун жерлерин ижарага берүү тартиби” мыйзамындагы жер кодексинин нормативдик актылары типтүү жоболорунун негизинде иш алып барышсын.

4. Савай айыл өкмөтүнө караштуу мөөнөтү бүткөн ынгайсыз жана сай жерлерин, кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү максатында аукцион өткөрүү үчүн аукционист милдетин аткаруучуну дайындоо жагы Савай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

5. Токтомду көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кенешинин айыл чарба жер жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Б.Мамашов
