# Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-ноябры № 2/6 Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (Кызыл-Суу) №391 контурдагы таштуу жайыт 1.40 га жер аянтын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-ноябры № 2/6 Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (Кызыл-Суу) №391 контурдагы таштуу жайыт 1.40 га жер аянтын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2/6
- Дата принятия: 30.11.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.11.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027226>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41639/edition/32281/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.11.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылдын 30-ноябры № 2/6 Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (Кызыл-Суу) №391 контурдагы таштуу жайыт 1.40 га жер аянтын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 30.11.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027226

---

ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II -сессиясы

2024-жылдын 30-ноябры № 2/6

Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (Кызыл-Суу) №391 контурдагы таштуу жайыт 1.40 га жер аянтын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө

Ынтымак айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорлатуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн “Айыл чарба коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана 1.40га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөнү сунушун, алдын ала берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы №6 мыйзамынын 1-беренесинин 8,4-пунктарына таянып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (Кызыл-Суу) №391 контурдагы таштуу жайыт (запастагы жерлер) категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына № 391 контурдан таштуу жайыт жалпы аянты 80.30 га, анын ичинен 1.40га жер аянтын мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берилсин.

2. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Б.Асановго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өндүрүштүү көтөрүү, кайра иштетүү иш каналар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Дунаев
