Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (Кызыл-Суу) №391 контурдагы таштуу жайыт 1.40 га жер аянтын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө токтому
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II -сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры № 2/6
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (Кызыл-Суу) №391 контурдагы таштуу жайыт 1.40 га жер аянтын, өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берүү жөнүндө
Ынтымак айыл аймагынын социалдык экономикалык абалын жогорлатуу максатында социалдык жана өндүрүштүк багыттагы обьектерди куруу үчүн “Айыл чарба коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) үчүн, 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” №145 мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесине жана 1.40га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөнү сунушун, алдын ала берилген материалдар менен таанышып талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы №6 мыйзамынын 1-беренесинин 8,4-пунктарына таянып, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (Кызыл-Суу) №391 контурдагы таштуу жайыт (запастагы жерлер) категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына № 391 контурдан таштуу жайыт жалпы аянты 80.30 га, анын ичинен 1.40га жер аянтын мамлекеттик менчикке каттоого макулдук берилсин.
2. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Б.Асановго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл, суу чарба, өндүрүштүү көтөрүү, кайра иштетүү иш каналар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.Дунаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.