Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кароол айылдык кеңешинин Кароол айыл аймагындагы МФнун жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндө токтому
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 4-сессиясы 2025-жылдын 7-марты № 4/2
Кароол айыл аймагындагы МФнун жерлерине аукцион өткөрүү жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы МФ нун (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2025-жылдын 21-январындагы №26-сандуу токтомунун редакциясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө” типтүү жобого ылайык КБФ нун жерлерин аукционго коюу үчүн старттык бааларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн №73-сандуу сунушун канааттандыруу максатында “Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика» боюнча туруктуу комиссиясы карап жана талкуулап Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 25-февралындагы №73-сандуу сунуш катында белгиленген МФ нун жерлерин аукцион өткөрүү боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы бекитилсин:
1.Тургунбай уулу Улукбек-айылдык кеңештин депутаты комиссиянын төрагасы.
2. -Төрөбаев Жеңиш-айыл өкмөттүн орун басары комиссиянын төрагасынын орун басары.
3. – Рустам уулу Орунбек-айыл өкмөттүн ЧС жана ижара боюнча адиси, комиссиянын мүчөсү.
4. -Исираилов Мирлан-айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы комиссиянын мүчөсү.
5. -Эргешова Насипакан-айыл өкмөттүн коомдук коопсуздук жана киреше салыктар боюнча жетектөөчү адис-комиссиянын мүчөсү.
6. -Тавалдыев Болот-Өзгөн РАӨБнын жетектөөчү адиси, комиссиянын мүчөсү.
7. -Жантөрөева Жанара-айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
8. –Шарип кызы Шахзада-айыл өкмөттүн юристи, комиссиянын мүчөсү.
9. -Сополова Айчүрөк-айылдык кеңештин депутаты комиссиянын мүчөсү.
10. -Бийжанов Замир-айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
11. -Кыргызбаев Нурсултан-айылдык кенештин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
12. -Абдраимова Жүмагүл-айылдык кеңештин депутаты,комиссиянын мүчөсү.
13. -Алтымышов Акылбек-айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
14. –Таштанбек уулу Тагдырбек-айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
15. –Маматжунус кызы Алмаш-айыл өкмөттүн санариптештирүү IT-технологиялар боюнча жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы.
16. -Маматов Жоодар-Кароол айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
17. -Коңурбаев Кайрат-Шералы айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчосу.
18. -Аксакалов Бахтияр-Мырза-Арык айылынын айыл башчысы, комиссиянын мүчөсү.
2. Аукционго коюулуучу жерлердин ижара баалары жана аукцион өтүлүүчү кадамдын өлчөмү, аукционго кирүүчү билеттин баалары, кепилдик төлөмү, ижара келишиминин мөөнөтү төмөндөгүдөй бекитилип берилсин.
- 1 га сугат жерге-14000 сом,
- 1га кайрак жерге -2000 сом,
- 1га шалы эгилүүчү жерге-14000 сом,
- 1га чөп ормо жерлерине-1500 сом,
- 1га терек бак жерлерине-3000 сом,
-1га тыт, бак жерлерине-4000 сом, -1га камыш баскан жерлерге-3000сом
3. Лоттордун сыпаттык таблицага ылайык кепилдик төлөм 10%, ар бир кадамдын баасы баштапкы ижара акынын 10%,
4.Кароол айыл өкмөтүнүн аймагындагы МФнун сугат айдоо жерлеринен 27.04га, кайрак айдоо жерлеринен 18.25га, жалпы 45.29га, жер тилкеси аукционго коюлсун жана аукционго катышуу билетинин баасы 300 сом өлчөмүндө белгиленсин.
5.Мамлекеттик фондунун жерлерин аукционго коюу мөөнөтү 5 (беш) жылга.
6.Кароол айыл өкмөтүнө караштуу МФнун жерлери сугат айдоодон 0,50га, бөлүүгө мүмкүн эмес болгон жер аянттарын мурунку ижарачы пайдаланган аянт боюнча калтырылсын, кайрак айдоодон 1,0 га жер аянттары аукционго коюлсун.
7.МФнун жерлерине аукционго катыша турган атуулдар ижара акы, соц фонд,
суу төлөмдөрүнөн карызы жок болуусу эскертилсин.
8.Аукциондун кирүү билетинен түшкөн акча каражаттары аукциондун иш кагаздарына жумшалсын.
9.Аукцион өткөрүү үчүн аукционист, Ж.Сатыбалдыев дайындалсын жана кирүү билетинен түшкөн акча каражатынын 35% пайыздык эсебинен аукциончунун кызмат акысына төлөнсүн.
10.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга бекитилген суммада, ижарачылар менен келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
11.Токтомду көзөмөлдөө «Айыл-суу чарба, жер, өнөр жай курулуш, транспорт, байланыш жана энергетика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А.М.Камбардинов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.