Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Молдо Нияз айылдык кенешинин «Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Жаңы-Чек айылындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелердин тизмесин жарандарга бекитүү жана генералдык планын бекитип берүү жөнүндө» токтому
МОЛДО НИЯЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Молдо Нияз айылдык кеңешинин 8- чакырылышынын 4- сессиясы
2025-жылдын 20-марты № 01-07/32
Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Жаңы-Чек айылындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелердин тизмесин жарандарга бекитүү жана генералдык планын бекитип берүү жөнүндө Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Жаңы-Чек айылындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер тилкелерин жарандарга бекитүү жана генералдык планын бекитип берүү маселелерин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү" жобого таянып, ошондой эле Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негизденип, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 "Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндөгү" жобого ылайык, Молдо Нияз айыл аймагына караштууЖаңы-Чек айылындагы “Калктуу конуштардын жерлери” категориясындагы жер аянтын берилүүчү жер участокторун убактылуу комиссиядан турган комиссиянын чечимине негиз, төмөнкү тизме бекитилсин.
2. Турак жай салуу салуу үчүн жер участкасын алган жарандар 3 жылдын ичинде курулуш иштерин баштасын, 3 жылдын ичинде курулуш иштери болбосо Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин негизинде чара көрүлсүн.
3. Молдо Нияз айыл аймагына караштуу Жаңы-Чек айылындагы мамлекеттик менчиктеги жер аянтынан жеке турак үйлөрдү куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулуп (трансформацияланып) жаткан жалпы 100 га жер аянтынын генгералдык планы бекитилсин.
4. Молдо Нияз айыл аймагына караштууЖаңы-Чек айылындагы которулуп (трансформацияланып) жаткан 100 га жер аянтына мамлекеттик акт даярдалсын.
5. Ушул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айыл өкмөтүнө (Х.М. Досанов) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Молдо Нияз айыл аймагынын айылдык кеңешинин жерге жайгаштыруу, муниципалдык мүлк жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык, токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо үчүн жөнөтүлсүн.
Тѳрага
И.К.Салиев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.