# Кара-бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №34 "Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №34 "Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 34
- Дата принятия: 01.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027088>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41572/edition/32133/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-бак айылдык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №34 "Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027088

---

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2025-жыл 1-апрели №34 Кызыл-Бел айылынын №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябры № 665 Токтому менен бекитилген Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобого ылайык, “Кыргызмамжердолбоор” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 28.02.2025-жылдагы №01-13/439 сандуу аныктамасынын негизинде Кызыл-Бел №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтынын категориясын которуу максатында Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылындагы №254-контурунда жайгашкан 1.0 га жер аянтына жашылча мөмө-жемиштерди сактоо максатында логистикалык борбор куруу үчүн “Өнөр-жайдын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

Айылдык кенештин торагасы:

А.Дилишатов
