# Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №28 "Ак-Татыр айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №28 "Ак-Татыр айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 28
- Дата принятия: 28.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230027065>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41556/edition/32112/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Татыр айылдык кенешинин 2025-жылдын 28-мартындагы №28 "Ак-Татыр айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230027065

---

АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2025-жылдын 28-марты № 28 Ак-Татыр айыл аймагында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндөгү Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомунун “Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым” Мамалекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 13-мартындагы №024/25/03-6/173 катын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2022-жылдын 18-январындагы №2 Мыйзамынын 16-главасынын 78-беренесине ылайык “Жергиликтүү кеңештер бюджеттик мамилелерди жөнгө салуу жаатында” карап талкуулап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:

1.Ак-Татыр айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы №24 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин төмөндөгүдөй баяндалсын.

2.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча, 2025-жылга карата салыктык эмес кирешенин өлчөмү ар бир жашоочуга 5 сомдон бекитилсин.

3.Мекеме ишканаларда иштеген ар бир кызматкерлерге 50 сом болуп бекитилсин.

4.Калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-майына чейин деп белгиленсин калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин деп белгиленсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, муниципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу, ичүүчү суу, тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссия төрагасы К.Эшмурзаевге жүктөлсүн.

7.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.

8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

9.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

Төрага:

Т.Исманов
