# Түп айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 39 "Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Түп айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 39 "Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 39
- Дата принятия: 28.02.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.02.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026756>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41338/edition/31756/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.02.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Түп айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 39 "Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө" токтому (ред. от 28.02.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026756

---

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2025-жылдын 28-февралыы №39

Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын VI – cессиясы токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын

18-ноябрындагы №693-токтомунун 6.3-пунктуна ылайык Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган ваучер алуучу 4 баланын тамактануусу үчүн акы төлөөгө жеңилдиктерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылуусуна макулдук берилсин.

Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,

Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

Бул токтомду аткарылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысына,

көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеӊешинин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.

Төрага Абдымамбетов А.Б.
