# Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-марты № 4/3 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-марты № 4/3 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4/3
- Дата принятия: 27.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026693>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41301/edition/31710/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баш-Дөбө айылдык кеңешинин 2025-жылдын 27-марты № 4/3 "2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 27.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026693

---

БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын IV-кезексиз сессиясы

2025-жылдын 27-марты № 4/3

2025-жылдын бюджетинин киреше салыгынын 30 пайызын Өзгөн ройондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат

1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 15-ноябрындагы №326“Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун райондук/региондук бөлүмдөрүн жана өкүлчүлүктөрүн пилоттук жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын убактылуу жетектөөсүнө өткөрүп берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-декабрындагы №821 токтомунун 13-пунктуна ылайык Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүндө болжолдонгон (пландаштырылган) 4131,9 мин сом киреше салыгынын 30 пайызын түзгөн 1239,5 миң сомду Өзгөн райондук өнүктүрүү фондунун эсебине которууга жана ушул каражаттарды жергиликтүү коомдоштуктун демилгелерин колдоо үчүн мамлекеттик субсидия катары пайдаланууга макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы-экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдоо багыттары жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.Тагайкулов
