Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин ««Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши» тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө» №3/1 токтому
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 19-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 23-апрели № 3/1
«Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши» тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Перзидентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 Жарлыгына ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу жана акыркы сапарга узатуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу жана акыркы сапарга узатуу тартиби жөнүндө жобогоылайык өткөрүү жагын, элге жайылтуу жана тушундуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага
К. Жакыпакун уулу
БЕКИТИЛДИ Кара-Суу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 23-апрель №3/1 токтому менен
Кара-Суу айыл аймагынын «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгы боюнча түзүлгөн жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби
4. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартибин көзөмөлдөө
5. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Жалпы жоболор
1.1 Бул жобо «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгына ылайык,жергиликтүү калктын сөөк коюудагы өзгөчөлүгүн эске алып иштелип чыгып, жергиликтүү жамааттын кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2 Жобонун максаты Кара-Суу айыл аймагында маркумду узатуу жана сөөгүн коюу ишин ирээтке келтирүү аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура каада-салтын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелинет.
Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1 Кара-Суу айыл аймагында «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө» жобону (мындан ары-жобо) иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин № 54 Жарлыгына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилген жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, аксакалдардын, аялдардын жана жаштар уюмдардын, аксакалдар сотунунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган комиссия курамы иш алып барат.
2.2 Ушул жобонун негизинде иштелип чыккан жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3 Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайттарына жарыяланат.
Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби
3.1 Айыл өкмөтү тарабынан:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» Жарлыгын аткаруу боюнча ишти көзөмөлдөө;
- Дин тутуу каадаларына жана салттарына жараша жана мүрзөгө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо үчүн маркумдарды жайга коюу маселелери боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүү, социалдык баракчаларда чагылдыруу;
- мүрзөдөгү эстеликтерди (Моло) жана тосмолорун жыгач же топурак материалдарынан даярдоо жана бийиктигин 0,70 метрден ашырбоо жагы калк арасында жайылтылсын.
3.2 Участкалык инспектор тарабынан:
- Жер жерлердеги участкалык инспекторлордун айыл аймактарда аталган багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө түзүлгөн комиссия курамдарына тыгыз көмөк көрсөтүү менен мыйзамдуулуктун, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу;
3.3. Кара-Суу айыл аймагындагы айылдык имамдар тарабынан :
- Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан Жарлыкка ылайык чыгарылган фатваларды жеринде калк арасында жайылтуу;
- жума намазга келген жарандарга маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби, эстеликтерди коюу, жайгаштыруу тартиби жана ысырапкорчулук боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
3.4. Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан:
- көрүстөндөрдү жайгаштырууга, жасалгалоого жана көрктөндүрүүгө, пайдаланууга жана күтүүгө экологиялык, санитардык талаптарды, мүрзөдөгү эстеликтердин өлчөмдөрүн, аларды жасоо үчүн материалдарга жана орнотууга талаптарды жөнгө салган шаар куруу документтерин, жобонун негизинде иш алып баруу.
Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартибин көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары.
4.1.Жобого ылайык маркумду узатуу жана сөөгүн коюу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына айыл өкмөтүнүн башчысы, орун басары, социалдык маселелер боюнча адиси, айыл башчылары, имамдар жана жергиликтүү коомдук уюмдар комиссияга кирет.
5. Жергиликтүү комиссия
5.1. Айыл өкмөттөрүндө № 54 Жарлык боюнча түзүлгөн комиссиялар «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби жөнүндө» иш алып барат.
5.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү «Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу тартиби жөнүндө» ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт. Жобонун талаптарын бузган убакта ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзүп, акт түзөт. Ал тууралуу комиссияда маселе каралат.
5.3 Жергиликтүү комиссия тартип бузгандарга чара көрүү, айып пул салуу боюнча жергиликтүү кеңештин сессияларына кайрылуу сунуштайт.
Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
6.1. Маркумду узатуу жана сөөгүн коюу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 28-беренесинин 1-пунктуна ылайык иш алып барылсын.
Төрага К. Жакыпакун уулу.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.