Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сары-Булуң айылдык кеңешинин «Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Баатырбековдун 2022-жылга карата бюджетти жөнүндө» токтому
САРЫ-БУЛУҢ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Сары-Булуң айылдык Кеңешинин VII- шайланышынын кезекcиз чакырылышынын XII - сессиясы
2022-жылдын 3-марты № 9
Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы А.Баатырбековдун 2022-жылга карата бюджетти жөнүндө Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» 26.1.2009-ж. №30 мыйзамынын 5.6.10 беренелеринин, КР Өкмөтүнүн 19.06.2009-ж №386 токтомунун негизинде жайыт комитетинин 2022-жылга карата жылдык паланын угуп жана талкуулап Сары-Булуң айылдык кеңешинин (VIII- шайланышынын) кезексиз чакырылышынын ХII –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Булуң айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин Төрөгасы А.Баатырбековдун 2022-жыл үчүн түзүлгөн сметасы бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. 2021-жылга түзүлгөн бюджетинин киреше бөлүгү 454800,0 миң сомго чыгаша бөлүгү 454800,0 миң сомго жана жайыт пайдалануучу үчүн акы төлөнүн өлчөмдөрү төмөндөгү тарифте бекитилсин.
-Жылкы, ири мүйүздүү мал башына жайыт акы учун 80-сом. 00-тыйын. -кой эчкилерге жана козу улактарга бир башка 18-сом 00- тыйын. -Жаш малдарга музоо. Кулундарга бир башка 60-сом. 00- тыйын. -Сырттан келген малдарга: -Жылкы, ири мүйүздүү мал башына бир баш үчүн 105-сом. 00-тыйын. -кой эчкилерге жана козу улактарга бир башка 22-сом 00- тыйын. -Жаш малдарга музоо. Кулундарга бир башка 72-сом. 00- тыйын.
2. Мал баккан бадачыларга мал багуу учун тариф томондогучо бекитилсин.
Бодого; уй, жылкы 300 сом Жандыкка; кой, эчки 50 сом
3. Сары-Булуң айыл аймагынын жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салыгын жыйноо жана каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо милдети жүктөлсүн.
4. Жайыттарды жобонунун негизинде Жайыттарды башка максатта пайдалануу Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрь №254 мыйзамында көрсөтүлгөндөй 3-берененин 3-пункутунун негизинде жер кодексинин 4-беренесине ылайык маданий жайыттарды баалуу жерлерди сактоо максатында «Элчибек, Тепши» жайыттарын коргоо жана эс алдыруу, которуштуруу максатында мал жаюу эрежеси колго алынсын.
4. Сары-Булуң айыл аймагындагы жарандардан мал башына жайыт акысын мал баккан, бадачылар аркылуу кармоо жагы, келишим түзүү жолу менен жана көчүп кетүүсү 15-апрелге, 1-октябрга келүүсү бекитилсин .
-Мал жаюу эрежесине ылайык иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы А.Баатырбековго жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси А.Рысбековго, айыл башчысы И.Исаковго жана малчарба боюнча вет. адиси Б.Аалиевдерге,жеке вет врач Т.Баатырбековдорго милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайытына жарыялансын.
6. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Булуң айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге тапшырылсын.
Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы
Эпээва В.М.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Закон «О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О пастбищах»Закон · 28.12.2011 · № 254 · Утратил силу