# Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №2 “Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №2 “Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 08.04.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.04.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026284>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-41053/edition/31202/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.04.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кашка-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 8-апрелиндеги №2 “Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө" токтому. (ред. от 08.04.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026284

---

КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы

2024-жылдын 8-апрели № 2 Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүлктөрүн жана документтерин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомуна ылайык “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчы Г.А.Мадалиевге тапшырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген убактылуу жобого иш алып баруу ылайык иш алып баруу жагы “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Баатыркулов
