Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кашка-Суу айылдык кеңешинин “Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому.
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашка-Суу айылдык аймагынын кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2024-жылдын 8-апрели № 2 Кашка-Суу айыл аймагындагы жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын № 735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” убактылуу жобого ылайык Кашка-Суу айыл аймактык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүлктөрүн жана документтерин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтомуна ылайык “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына өткөрүп берүү жагы айыл өкмөт башчы Г.А.Мадалиевге тапшырылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген убактылуу жобого иш алып баруу ылайык иш алып баруу жагы “Куур-Булак” муниципиалдык ишканасына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кашка-Суу айылдык аймактык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
А. Баатыркулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 29 декабря 2023 года № 735 "О порядке предоставления права управления и пользования государственными пастбищными угодьями органами местного…Постановление · 29.12.2023 · № 735 · Утратил силу