Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Нариман айылдык кеңешинин “Айылдык кеңештин иш планын бекитүү” токтому
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Нариман айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2024-жылдын 30-январы № 22/1
“Айылдык кеңештин иш планын бекитүү”
Нариман айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы иштелип чыгып, талкууга коюлуп, жактырылып Нариман айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нариман айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Нариман айылдык кеңештин төрайымы
Х.Ш.Артыкова
НАРИМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
2024-ЖЫЛГА ИШ ПЛАНЫ
К/№
Аткарылуучу иштер
Аткаруу мөөнөтү
Ким аткарат
Айылдык кеңештин сессияларында каралуучу маселелер
Жыйырма экинчи сессия
1
Нариман айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жана Нариман айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү
Январь
Туруктуу комиссия
Жыйырма үчүнчү сессия
1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023- жылдын 29-декабрындагы № 370 АТР боюнча Жарлыгын ишке ашыруу
Февраль
Нариман айылдык кеңеши, Нариман айыл өкмөтү
Жыйырма төртүнчү сессия
1
КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №89-т тескемесин ишке ашыруу. “Жашыл мурас” улуттук компаниясы.
Апрель
Туруктуу комиссия
Жыйырма бешинчи сессия
1
Нариман айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашы жеткен балдарды мектепке тартуунун абалы, жарым жана тоголок жетимдерге берилген жардамдардын абалы
Май
Туруктуу комиссия Соц адистер
Жыйырма алтынчы сессия
1
А) Нариман айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин жаны окуу жылына карата даярдыктарынын абалы
Б) Мектепке чейинки мекемелерден ОШ 1 отчет.
В) Кургак учук, СПИД, Ковид-19, Эне жана баланын өлүмүн алдын алуу, Кызамык ж.б. жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча алып барылып жаткан иштер боюнча УБДТлардын маалыматын угуу.
Август
Туруктуу комиссия
Жыйырма жетинчи сессия
1
Нариман айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктын мекеме ишканалардын кышка карата даярдыгынын абалы
Октябрь
Туруктуу комиссия
2
9 айдын жыйынтыгы менен бюджеттин аткарылышы боюнча нолог башчысынын, жер адистеринин жана ФЭБ башчысынын отчетун угуу, элден канча арыз түштү жана кандай жардамдар көрсөтүлдү
Октябрь
Туруктуу комиссия
Жыйырма сегизинчи сессия
1
Нариман айыл өкмөтүнө ашыкча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү
Ноябрь
Туруктуу комиссия
2
Таза-суу, Айыл Тазалык ишканасынын жана Жайыт коммитетинин отчетун угуу
Ноябрь
Туруктуу комиссия
Жыйырма тогузунчу сессия
1
Нариман айыл өкмөтүнүн 2023 –жылда аткарган иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын отчетун угуу
Декабрь
Туруктуу комиссия
2
АВП отчетун угуу
Декабрь
Туруктуу комиссия
Уюштуруу , практикалык иш чаралар
1
Депутаттардын туруктуу комиссияларынын окуусун уюштуруу
Жылына эки жолу
Айылдык кеңеш
2
Айыл,көчө комитеттеринин, ак сакалдар, аялдар кеңешине, жаштар уюмунун иштерине усулдук жардам берүү
Ар дайым
Депутаттар
3
Айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулары менен жолугушууларды уюштуруу
Жылына эки жолу
Айылдык кеңеш
4
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде санитардык гигиеналык абалдарынын сакталышын, ремонт болуусун, билим берүүсүн көзөмөлдөө
Ар дайым
депутаттар
5
Календардык майрамдарды өткөрүүгө көмөктөшүү
Ар дайым
Депутаттар
6
Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринин пайдаланылуусу, ижара акыларынын төлөнүшүн көзөмөлгө алуу, ижара акыларын жыйноого көмөктөшүү
Ар дайым
Депутаттар
7
Айыл өкмөтүнүн атуулдарынын арыз даттанууларын өз убагында кароо, алардын аткарылышын камсыз кылуу
Ар дайым
Депутаттар
8
Айыл өкмөтүнүн аймагында улуттук программалардын аткарылышына көмөктөшүү
Ар дайым
Депутаттар
9
Жыл ичинде депутаттар арасында спорттук мелдештерди өткөрүүнү уюштуруу
Жыл ичинде
Депутаттар
10
Келип түшкөн арыздар боюнча жайында барып эл менен жолугушууларды уюштуруу
Ар дайым
Депутаттар
Нариман айылдык кеңешинин төрайымы Х.Ш. Артыкова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 29 декабря 2023 года УП № 370 "О проведении административно-территориальной реформы в пилотном режиме на уровне айылных аймаков и городов Кыргызской…Указ · 29.12.2023 · № 370 · Утратил силу
- Распоряжение Кабинета Министров Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 89-р (Об организации и проведении мероприятий по благоустройству и озеленению населенных пунктов)Распоряжение · 03.03.2023 · № 89-р · Утратил силу