# Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-январындагы №4 "Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын 2025-жылга түзүлгөн жайыт бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-январындагы №4 "Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын 2025-жылга түзүлгөн жайыт бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 10.01.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.01.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026090>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40876/edition/31019/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.01.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 10-январындагы №4 "Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын 2025-жылга түзүлгөн жайыт бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому. (ред. от 10.01.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026090

---

ҮЧ-ДӨБӨ-АЛАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2025-жылдын 10-январы № 4 Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын 2025-жылга түзүлгөн жайыт бюджетин бекитүү жөнүндө

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында 2025-жылга кабыл алынгануучу жайыт бюджети боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Д.Таевдин маалыматын угуп, талкуулап Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында 2025-жылга түзүлгөн жайыт бюджети бекитилсин.

2. Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында жайыт пайдалануу үчүн шарттуу малдын башына жайыт акынын төлөнүшү төмөндөгүдөй бекитилсин:

№

Малдын түрү

Үч-Дөбө-Алай айыл өкмөтүндөгү малдын санына алынуучу төлөм (сом)

Башка айыл өкмөттөрдөн алынып келинген мал санына алынуучу төлөм (сом)

Башка райондордон алынып келинген мал санына алынуучу төлөм (сом)

1

Жылкы, уй, топоз

65

150

2

Кой, эчки

15

50

3

Кулун, торпок

65

80

4

Эшек

50

3.Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында 2025-жылга кабыл алынган жайыт бюджетин жүзөгө ашыруу максатында, айыл аймагында жайыт акылардын төлөнүшүн камсыз кылуу, жайыт эрежелерин сактоо, жайыт инфраструктурасын жакшыртуу жөнүндө каралган долбоорлорду ишке ашыруу, жайыт мыйзамдарынынын талаптарын аткарбаган жарандарга жана сырттан алынып келинип биздин айыл аймакты байырлаган мал ээлерине чара көрүү жагы айыл башчыларга милдеттендирилсин.

4.Бул токтомдун аткарылышыын камсыз кылуу жана көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Д.Таевге милдеттендирилсин.

Төрага:

А.Т. Кудайбергенов
