Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Гулистан айылдык кеңешинин Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен компенсация катары түшө турган акча каражатты бөлүштүрүү жөнүндө токтому
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Гулистан айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын
кезектеги XXXI-сессиясы
2024-жылдын 07-августу №XXXI-10 Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен компенсация катары түшө турган акча каражатты бөлүштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы ПЖ №547-Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-жылдын 11-мартында № 137 сандуу Токтомду кабыл алган. Бул токтомдо дыйкан чарбалардын айыл-чарба жерлери 2022-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейин жер салыгынан бошотулган. Жыл сайын республикалык бюджеттен айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджеттерине жер салыгынын ордуна компенсация төлөнүп турулат. 2024-жылдагы Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине компенсация катары республикалык бюджеттен 747,2 миң сом акча каражаттын келиши күтүлүүдө. Жергиликтүү бюджетке кошумча болгон, компенсация катары түшө турган акча каражатты мыйзамдуу иштетилишин камсыздоо максатында, Гулистан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине компенсация катары түшө турган акча каражаты № 1 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн. (Тиркеме тиркелет).
2. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке компенсация катары бөлүнгөн акча каражатты максаттуу пайдалануусун көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
У. Мирзакулов
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги 31-сессиясынын № 10-Токтомуна № 1 тиркеме
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр (миң.сом)
3-4 кварталдар
берене
сумма
Кирешелер:
Юридикалык жер салыгына республикалык бюджеттен түшкөн компенсация
11321200
747,2
Кирешелердин бардыгы:
747,2
Чыгашалар:
берене
сумма
70921-бөлүм. 2221 (билим берүү) 2225 (күзөт кызматы)
300,0 69,5
70911-бөлүм. 2225 (күзөт кызматы)
46,3
70491-бөлүм. 2225 (күзөт кызматы)
59,6
70629-бөлүм. 2221 (оңдоп-түздөө)
200,0
70825-бөлүм. 2215 (башка кызматтар)
71,8
Бардыгы:
747,2
Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы:
А. Абдураимов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.