# Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 6-мартындагы №5-7 Көк-Жар айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 6-мартындагы №5-7 Көк-Жар айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5-7
- Дата принятия: 06.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230026052>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40844/edition/30987/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенешинин 2025-жылдын 6-мартындагы №5-7 Көк-Жар айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө токтому (ред. от 06.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230026052

---

КӨК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын

кезектеги 5-сессиясы

2025-жылдын 06-марты № 5-7 Көк-Жар айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө Көк-Жар айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329-НИ буйругуна өзгөртүүлөр болгондуктан 2023-жылдын 28-мартындагы №120-НИ буйругунун негизинде бекитилген Жобонун 9-пунктундагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндөгү маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамга негиз, «Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кенеши Көк-Жар айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Көк-Жар айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүнүн коэффициенти:

К-барабар коэффициент 10-сугаруунун жоктугу=4130 сом К-барабар коэффициент 20-сугаруунун жоктугу=8260 сом К-барабар коэффициент 30-чындыгында сугарылган жер =12390 сом деп белгиленсин. Кайрак жерлер коэффициент К-30 өлчөмүндө Суулуу жерлер коэфицциент К10-30 өлчөмүндө Бак,чөп жайлар коэфициент К 30 өлчөмүндө белгиленип эсептелсин.

2.Токтомду мыйзам чегинде аткарууга алуу Көк-Жар айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, айыл чарба, суу, жайыт, жаратылышты коргоо, экология, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

Р. Арапов
