# Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги "Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" №6/3 токтому

- Полное наименование: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги "Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" №6/3 токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6/3
- Дата принятия: 04.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025851>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40708/edition/30766/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги "Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө" №6/3 токтому (ред. от 04.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025851

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз VI сессиясы

2025-жылдын 4-апрели №6-3

Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн Тартибинин 11-пунктунун 2-пунктчасына ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде коомдук транспорт системасын жакшыртуу жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан автобекетти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин;

2. Муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча тиешелүү укуктук жана уюштуруу иш-чараларын жүргүзүү Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын;

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

У. Мелис уулу
