# Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин 2024-жылдын 10-майы № 9 Мыйзамсыз курулуштар ПЖ №109 боюнча иш алып баруу үчүн жер комиссиясын түзүү жѳнүндѳ токтому

- Полное наименование: Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин 2024-жылдын 10-майы № 9 Мыйзамсыз курулуштар ПЖ №109 боюнча иш алып баруу үчүн жер комиссиясын түзүү жѳнүндѳ токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9
- Дата принятия: 10.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 10.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025820>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40694/edition/30740/ru>

> Текст приведён по редакции от 10.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин 2024-жылдын 10-майы № 9 Мыйзамсыз курулуштар ПЖ №109 боюнча иш алып баруу үчүн жер комиссиясын түзүү жѳнүндѳ токтому (ред. от 10.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025820

---

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги III сессиясы

2024-жылдын 10-майы № 9

Мыйзамсыз курулуштар ПЖ №109 боюнча иш алып баруу үчүн жер комиссиясын түзүү жѳнүндѳ

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 дун негизинде Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ № 109 “жерлерди ѳз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жѳнүндѳгү Жарлыкка ылайык туруктуу жер комиссиясы түзүлсүн:

1.1. Комиссиянын тѳрагасы – Э.Эшиев- Орун басар-жооптуу катчы

1.2. Комиссиянын катчысы- Токтомат уулу-Башкы адис

Комиссияны мүчѳлѳрү:

1.3. З.Реджапов- жер маселелери боюнча жетектѳѳчү адис

1.4. С.Ураимов- Жер ресурстары боюнча жетектѳѳчү адис

1.5. Айылдын аймактык тескѳѳчү

1.6. Айыл башчылар

1.7. Жер ресурстары кызматынын Кара-Суу филиалынын адиси (Куратор)

1.8. Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулушу башкармалыгынын адиси (куратор)

1.9. Айылдык кеңештин депутаты (макулдугу негизинде)

1.10. Д.Атанов- Айылдык кеңештин депутаты

1.11. Н.Молдоев – Айылдык кеңештин депутаты

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн. (И.Сансызбаев)

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кенештин укук, мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (А.Адашов)

Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы

А.Мурзаев
