Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сайдыкум айылдык кеңешинин “Сайдыкум айыл аймагындагы айыл чарба жерлериндеги муниципалдык менчиктеги сугат суу каналдарын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө” токтому
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жыл 30-январындагы №27
Сайдыкум айыл аймагындагы айыл чарба жерлериндеги муниципалдык менчиктеги сугат суу каналдарын жакшыртуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын жана “Мырза-Суу” СПАнын, “Алмаз-Суу” СПАнын башчыларынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2021-жылдын 10-декабрындагы №151 Суу кодексине, “Сууну пайдалануучулардын бирикмелери (ассоциациялары) жана сууну пайдалануучулардын бирикмелери жөнүндө” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сайдыкум айыл аймагындагы айыл чарба жерлериндеги муниципалдык менчиктеги сугат суу каналдарын жакшыртуу максатында, сугат суу каналдарын, арыктарын ремонттоо тазалоо жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясынын 31.05.2022-жылдагы №1 токтому менен кабыл алынган муниципалдык менчиктеги 16 км 500 метр каналдарын, арыктарын ремонттоо, тазалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 400.000 сом ачка каражаты бөлүнүп берилсин жана Хажир-Абад, Жаңы-Абад айылындагы муниципалдык менчиктеги 25км 350 метр каналдарын, арыктарын ремонттоо, тазалоо үчүн жергиликтүү бюджеттен 200.000сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Сайдыкум айыл аймагындагы айыл чарба жерлериндеги муниципалдык менчиктеги сугат суу каналдарын жакшыртуу максатында, сугат суу каналдарын, арыктарын ремонттоо тазалоо үчүн жеринде барып сугат суу канал, арыктардын азыркы абалы боюнча дефектный акт жазылып, аткарылуучу жумуштардын сметасы даярдоо жагы, Сайдыкум айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жана СПАлардын башчыларына милдеттендирилсин.
3. Сайдыкум айыл аймагындагы айыл чарба жерлериндеги муниципалдык менчиктеги сугат суу каналдарын жакшыртуу максатында, сугат суу каналдарын, арыктарын ремонттоо тазалоо үчүн даярдалган сметанын негизинде, аткарылуучу жумуштарды аткаруу үчүн аткаруучу менен келишим түзүү жагы жана токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтунүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сайдыкум айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы
Э.И.Досов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.