Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Сайдыкум айылдык кеңешинин “Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүндөгү 168,75 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө” токтому
САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Сайдыкум айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын
2024-жыл 30-январындагы №8
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан
С.Досов көчөсүндөгү 168,75 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүнүн (жолдун) түндүк-батыш тарабында жана курулуп турган латоктун түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан 168,75 чарчы метр жер тилкесин, муниципалдык менчикке алуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап, Сайдыкум айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобонун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-сентябрындагы №606, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №307, 2022-жылдын 29-июлундагы №403-токтомдорунун редакцияларына ылайык, айыл өкмөттүн муниципалдык менчигине кирүүчү 168,75 чарчы метр жер тилкесине, латоктун жээгинен 4 (төрт) метр аралыкты калтырып, узуну 25 метр, туурасы түндүк чыгыштан 7,5 метр, түштүк-батыштан 6,0 метр болгон жер тилкеси, Базар-Коргон шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан макулдашылган, генпландын негизинде, жер тилкеси муниципалдык менчигинин реестрине киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Р.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Сайдыкум Айылдык Кеңешинин өнөр-жай, курулуш, транспорт, агрардык жана азык-түлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сайдыкум айылдык кеңешинин төрагасы
Э.И.Досов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.