Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Мады айылдык кеңешинин “Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү” токтому
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мады айылдык кеңешинин VIII –чакырылышынын IV кезектеги сессиясы
2025-жылдын 28-январы № 4/3
“Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун бекитүү”
Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын бекитүү жөнүндөгү айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын корутундусун жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Мырзабаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджети 81537,2 миң сомго, анын ичинен “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” бюджетинин кирешеси 450,0 миң сомго, чыгашасы 300,0 миң сомго, атайын каражаттар эсебиндеги «Мады Тазалык» муниципалдык ишканасынын киреше жана чыгашасы 2000,0 миң сомго, ал эми бала бакчалардагы балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелерден түшкөн каражаттар 27222,0 миң сомго бекитилсин.
2. Айыл аймагынын аймагындагы мекеме-ишканалар атайын эсеп каражаттарына түшкөн акча каражатын аймактык казына бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүшсүн, өз алдынча кассадан чыгымдоого жол берилбесин.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинде жана атайын эсеп каражаттарында көрсөтүлгөн чыгымдар өз статьялары жана бөлүмдөрү боюнча бөлүштүрүлсүн жана республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттын эсебинен биринчи кезекте корголгон беренелерге каржылоо жагы пландаштыруу каралсын (эмгек акы, соц. фонд, тамак-аш, көмүр сатып алуу ж.б.).
4. Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратында жалпы саны 18 штат, анын ичинен 4 тейлөө кызматкери, келишимдин негизинде 11 айыл башчы, 1 айыл башчы вакант, 1 ВУС инспектору кызматкерлери бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралы №52 токтому)
5. Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын штаттык курамы жана айылдык кеңештин төрагасы, катчысы жана иш жүргүзүүчү кызмат орундары бекитилсин (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №64-токтому) жана штаттык бирдикке жараша эмгек акысы каралсын.
6. Мады Тазалык муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин саны 5 штат: анын ичинен 3 тейлөө кызматкерлери бекитилсин. (Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-август № 266- токтому).
7. “Мады Тазалык” муниципалдык ишканасына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 500,0 миң сом акча каражаты субсидия катары бөлүнүп берилсин.
8. Маданият кызматкерлеринин жалпы саны 8 штат: анын ичинен 4 тейлөө кызматкерлери бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтому)
9. Биринчи жана экинчи жарым жьлдыкта айыл өкмөтүнүн башчысына, ФЭБ башчысына жана айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет жана инвестицияларды тартуу боюнча комиссиясынын макулдашуусу менен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
10. Айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин кирешесинин эсебинен 517,4 миң сом резервдик фондго киргизилсин.
11. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине материалдык жардам катары, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша акча каражаты бөлүнүп берилсин.
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, финансы, бюджет боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
К.С.Темирбаев
йылдык
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Кабинета Министров КР от 30 марта 2022 года № 181 "Об условиях оплаты труда педагогических и некоторых категорий работников системы образовании"Постановление · 30.03.2022 · № 181
- Постановление Правительства КР от 5 февраля 2020 года № 64 "Об утверждении перечня должностей в айылных кенешах, замещаемых на возмездной основе"Постановление · 05.02.2020 · № 64
- Постановление Кабинета Министров КР от 7 февраля 2024 года N 52 "Об организации деятельности исполнительных органов местного самоуправления Кыргызской Республики в период…Постановление · 07.02.2024 · № 52 · Утратил силу