# Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №7 "Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №7 "Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 01.04.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 01.04.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025716>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40630/edition/30636/ru>

> Текст приведён по редакции от 01.04.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Раззаков шаардык кенешинин 2025-жылдын 1-апрелиндеги №7 "Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 01.04.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025716

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ V СЕССИЯСЫ (VI1 чакырылыш) 2025-жылдын 1-апрели № 7 Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын “Раззаков шаарынын башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө” сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Раззаков шаарынын Додосьян көчөсүндөгү 8-03-04-1001-2025 идентификациялык кодунда катталган жеке менчик 343 чарчы метр жер тилкесинин багытын турак жай багытынан өндүрүштүк багытка которуу жолу менен башкы планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө макулдук берилсин.

Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.razzakov.gov.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, жерлер жана айыл чарба тармагы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

С.А.Саматов
