Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кең-Талаа айылдык кенешинин «16 “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө” токтому
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Кең-Талаа айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 25-марты № 16
“Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-январындагы №35 токтомуна ылайык, Кең-Талаа айыл аймагындагы эгин эгилүүчү участкаларды малдан коргоо , сугарылуучу аянттардан уруксатсыз суу уурдагандарга жана Кең-Талаа айыл аймагындагы жолдорго өз алдынча сугат сууну байлап жолду бузгандарга чара көрүү боюнча Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-мартындагы №34 сандуу сунуш катын угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексин негизинде төмөндөгүчө акчалай жазапул салууга макулдук берилсин:
а) Кең-Талаа айыл аймагындагы эгин эгилүүчү участкаларды малдан коргоо боюнча төмөндөгүчө акчалай жазапул салынсын:
1) Ири мүйүздүү малдар үчүн: 2) Жылкылар үчүн: 3) Кой-эчкилер үчүн:
1-жолу 500 сом 1-жолу 2000 сом 1-жолу 100 сом 2-жолу 1000 сом 2-жолу 3000 сом 2-жолу 200 сом 3-жолу 1500 сом 3-жолу 4000 сом 3-жолу 300 сом
б) Кең-Талаа айыл аймагындагы сугарылуучу аянттардан уруксатсыз суу уурдагандарга төмөндөгүчө акчалай жазапул салынсын:
1-жолу 1000 сом 2-жолу 2000 сом 3-жолу тийиштүү комиссиянын актынын негизинде укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин.
в) Кең-Талаа айыл аймагындагы жолдорго өз алдынча сугат сууну байлап жолду бузгандарга төмөндөгүчө акчалай жазапул салынсын:
1-жолу 1000 сом 2-жолу 2000 сом 3-жолу тийиштүү комиссиянын актынын негизинде укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилсин.
2. Кең-Талаа айыл аймагындагы элдердин эккен эгиндеринин малдардан коргоо үчүн кароолдордун эмгек акысы;
4) 1га жерге -30кг (арпа, буудай)
5) 1га заек жерге (оруп алынса) - 300 (үч жүз) сомдон алынышына макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн Укук бузуулар боюнча комитетине жана Кең-Талаа айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы:
Б.Жумабайев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.