Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кара-Камыш айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5-февралындагы «Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө» токтому
КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
2025-жылынын 5-февралы №3/3
«Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө»
Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом каттоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Төрага Айтымбет уулу Э
Кара-Камыш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 05- февралындагы № 3/3 токтомуна тиркеме
2025-жылга Кара-Камыш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ИШ-АРАКЕТТЕР ПЛАНЫ
№ п/п
Милдеттер
Иш-чаралар
Индикатор/Күтүлүүчү жыйынтык
Жооптуулар
Ишке ашыруу мөөнөттөрү
Каржылоо булактары
1. Ченемдик укуктук актылар менен иштөө
1.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышын көзөмөөлдөө
2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 сандуу “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын аткарылышын көзөмөөлдөө жана жайылтуу
Эл арасында ашыкча ысырапкерчиликке бөгөт коюлат. Калктын каражаты үнөмдөлүп, социалдык абалы жакшырат.
Кара-Камыш айыл өкмөтү
дайыма
Каражат талап кылынбайт
2.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышын көзөмөөлдөө
2022-жылдын 10-мартындагы ПЖ №75 сандуу “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарылышын көзөмөөлдөө жана жайылтуу
Аймакка инвестиция тартылат. Инфратүзүм жакшырат. Өндүрүлгөн продукция ички керектөөдөн ашса экспорттолот. Жакшы жумушчу орундар түзүлөт. Социалдык-экономикалык абал оңолот ж.б. көрсөткүчтөр өсөт...
Кара-Камыш айыл өкмөтү
дайыма
Каражат талап кылынбайт
3.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышын көзөмөөлдөө
2022-жылдын 8-апрелиндеги ПЖ №109 сандуу “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” Жарлы
гын аткарылышын көзөмөөлдөө жана жайылтуу Жарлыгын аткарылышын көзөмөөлдөө жана жайылтуу
Аймактагы эл мыйзамга баш ийип, эң кымбат болгон жер ресурсун максаттуу пайдалануусуна жана сакталышына шарт түзүлөт. Ошондой эле Жер кодексинин 3-беренесинде көрсөтүлгөн жер мыйзамдарынын принциптери толук сакталат.
Кара-Камыш айыл өкмөтү
дайыма
Каражат талап кылынбайт
4.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын аткарылышын көзөмөөлдөө
2021-жылдын 24-июлундагы ПЖ №313 “ Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”
Инсандын руханий-адеп-ахлактык жактан өнүгүүсү үчүн тарбия башаты болгон мектептен иш-чараларды уюштуруу уланат жана коомдук иш-чараларда, чогулуш жыйындарда түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Дени сак улуттун үрп-адат, каада-салтын сактаган коомду жаратуу.
Кара-Камыш айыл өкмөтү
дайыма
Каражат талап кылынбайт
5.
КР Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жɵнүндɵ» ПЖ№ 305 Жарлыгын ишке ашыруу
КТКны чогултуу жана чыгаруу кызматын уюштуруу боюнча алдыңкы тажрыйбаларды жайылтууну уюштуруу
- КТК таштандыларын Кербен тазалык ишканасы менен келишим түзүү.
- Калк арасында КТКны туура таштоо, бөлөк чогултуу тажрыйбасын үйрөтүү жана жайылтуу;
- Райондун аймагында тазалыкты сактоо, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу багытында 3 айлык ишембиликти өткөрүү, “Таза айыл”, “Таза көчө” акцияларын уюштуруу
Кара-Камыш айыл аймагындагы «Таза-Жашыл-Өрөөн» муниципалдык ишканасынын ишин жакшыртуу жана жеңилдетүү максатында таштанды топтоочу урналар 10 жерге орнотулат. Аймак таштандылардан арылтылып, алар атайын бөлүнүп берилген техникалар менен айыл аймактардан ташылып келинип аталган ишканага өткөрүлөт. Өткөрулгөн таштандылар өз өзүнчө бөлөктөлүп, чогултулат жана кайра иштетүүчү ишканаларга өткөрүлөт
Айыл өкмөтү, Таза-Жашыл-Өрөөн мун.ишканасы
2025-жылдын дайыма
Жергиликтүү бюджет 100 000 сом
2. Бюджеттин эсебинен жасалуучу иштер
6.
Айыл аймактык өндүрүштүк потенциалын көтөрүү
Айыл аймактын ички дүң продукциясынын өсүшүн камсыздоо
Өнөр жайы – 104,2 % Айыл чарбасы өсүү темпи-100,3% Инвестиция өсүү темпи- 100,0% Рыноктук кызмат көрсөтүү өсүү темпи – 105,8%
Айыл өкмөтү, мекеме-ишканалар,жеке ишкерлер
2025-жыл квартал
Каражат талап кылынбайт
7. сом
Салык базасын кеңейтүү жана салыктык төлөмдөрдүн толук кандуу түшүүсүн камсыздоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу. -Салык төлөөчүлөр менен түшүндүрүү иштерин квартал сайын жүргүзүү;
- Көмүскө экономиканы табуу менен аны легалдаштыруу;
- Кошумча салык базаларын түзүү (жаӊы жеке ишкердик субъектилерди ачуу).
2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көрсөткүчүнүн планы 33 333,7 миӊ сом сунушталган. Анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздүк кирешеси 22 643,5 миң сомду түзөт. Ал эми теңдөөчү трансферттер __10 690,2 миӊ сом өлчөмдө берилип, жалпы кирешенин 47,2% пайызын түзөт.
2024-жылы республикалык бюджеттен 12 011,5 миӊ сом трансферттер 10 690,2 берилип, салыштырмалуу 1 321,3миӊ сомго же 11% кыскарды.
айыл өкмөтү, салык кызматчысы
2025-жыл
Каражат талап кылынбайт
2. 1. Өнөр жай тармагын өнүктүрүү
8.
КР Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы “ Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу учун багытталган жерлерди берүү ж-дө” ПЖ №62 Жарлыгын ишке ашыруу
Кара-Камыш айыл аймагына Чакан ГЭС куруу
Кара-Камыш көлүнө Чакан ГЭС курулат 4,7мВТ электр энергиясын иштеп чыгат жана калк электр энергиясы менен камсыздалат.
Жалал-Абад энер.ж Жеке ишкер
2025-ж
Абу-Даби араб эли тарабынан 500 000 000 сом
9.
Тигүү цехин ишке киргизүү
Кара-Жыгач айыл аймагындагы Тор-Камыш айылындагы тигүү цехин ишке киргизүү
200 жаңы жумуш орду түзүлөт, жарандар жумуш менен камсыз болот
А/Ө, Жеке ишкер
2025-жж
Жеке ишкер 12 000 000 сом
10.
Шербет чыгаруучу завод куруу
Завод курулуучу жер аянтын трансформациялоо
Жапайы мөмө жемиштерди кайра иштетүү жана 30 жумушчу орду түзүлөт.
А/Ө, Жеке ишкер АРИС
2025-ж
Жеке ишкер АРИС 60 000 000 мин сом
2. 2. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү
11.
Кара-Камыш жерлерин натыйжалуу пайдалануу иштерин жүргүзүү
Кара-Камыш айыл аймагындагы чарба тармагынын негизги бөлүгү болгон дыйканчылыкта айдоо жер аянттарын толук жана натыйжалуу иштетүүгө жетишүү
Кара-Камыш айыл аймагындагы 332 га айдоо жер болсо, 2024-жылы анын 251 га жер аянтына айыл чарба өсүмдүктөрү эгилет же болбосо 2024-жылга салыштырмалуу 2 га аянтка көбөйтүлөт.
Айыл өкмөтү
2025-жыл II квартал
Каражат талап кылынбайт
12.
Айыл аймакта ветеринардык -санитардык талаптарды сактоо жана жугуштуу ооруларга каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү
Айыл аймакта ветеринардык -санитардык талаптарды сактоо жана жугуштуу ооруларга каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү максатында 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен талаптарга жооп берген Беккари чуңкуру талапка ылайык келтирүү
Беккари чуңкуру 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен оңдолот
Айыл өкмөтү, вет адис
2025-жылдын III кварталы
Жергиликтүү бюджет 30 000 сом
2.3.Ирригация тармагын өнүктүрүү
13.
Кара-Камыш айыл аймагындагы ички каналдарды жана баланста жок суу насосторун документтерин даярдоо
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №207 токтомун ишке ашыруу
Топ-Жангак айылындагы Кабактын-Дөңү жана Ийри-Булуң участкаларындагы суу өтүүчү латокторунун жер аянттарына гос.акт алып, райондук суу чарба башкармалыгына өткөруп берүү
Айыл өкмөтү, жер адиси
2025-ж.
Жергиликтүү бюджет 60 000 сом
2.4. Энергетика тармагын өнүктүрүү
14.
Калкка электр энергиясын сапаттуу жеткирүү
Кара-Камыш аймагындагы 3 даана 160 кВА жаңы көмөкчү чордонун куруу жана эскилиги жеткен 30 даана 10/0,4 мамычаларды алмаштыруу
Ан-Сай, Терме-Таш жана Дардак-Дөбө айылынын калкы кубаттуу энергия менен камсыз болот
РЭС, А/Ө
2025-жыл
Республикалык бюджет 1 000 000 сом
2.5. Калкты ичүүчү суу менен камсыздоо
15.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-февралындагы “2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясы жөнүндө” №23 Жарлыгынын алкагында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо
Кара-Жыгач айылындагы Капчыгай участогуна ичүүчү таза суу чыгаруу үчүн ПСД документтерин даярдоо
Кара-Камыш айыл аймагынын Капчыгай айылына таза суу системасы орнотуу үчүн тиешелүү документтери даярдалат
Кара-Камыш айыл өкмөтү
2025-ж.
Жергиликтүү бюджет 85 000 сом
16.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-февралындагы “2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясы жөнүндө” №23 Жарлыгынын алкагында калкты ичүүчү суу менен камсыздоо
Кара-Жыгач жана Кара-Суу айылдарын таза суу менен камсыздоо үчүн ПСД документтерин даярдоо
Кара-Жыгач жана Кара-Суу айылдарын таза суу менен камсыздоо үчүн тиешелүү документтери даярдалат
Кара-Камыш айыл өкмөтү
2025-ж
Жергиликтүү бюджет 100 000 сом
17.
Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Жыгач, Дардак-Дөбө, Чарба, Жаңы-Айыл, Кара-Суу айылдарына ичүүчү таза суу системасын куруу боюнча иш кагаздарын, жер аянтын трансформациялоо иштерин бүткөрүү
Кара-Камыш айыл аймагынын 8 айылынан айылынан 7,0 га жер аянты трансформацияланып, таза суу системасы орнотулуп, курулса 1213 кожолук ичүүчү таза суу менен камсыздалат
Кара-Камыш айыл өкмөтү
2025-2027-жж.
Жергиликтүү бюджет 120,0 (жүз жыйырма миң) миң сом
2.6. Транспорттук-логистикалык инфратүзүм
18.
Топ-Жангак айылындагы көпүрөнү толук бүтөрүү
Топ-Жангак айылындагы көпүрөнү толук бүтөрүү
Калктын каттамын жакшырат
ДЭП, Айыл өкмөт башчысы
2025-жылы
Респ.бюджет 33000,0
19.
Кара-Жыгач-Сары-Челек авто жолун асфальттоону улантуу
Кара-Жыгач-Сары-Челек авто жолунун 5,0 км аралыгына асфальт-бетон төшөө
2024-жылы 6,0 км аралыгы асфальтталган болсо, 2025-жылы 5,0 км аралыгына асфальт-бетон төшөлөт
А/Ө, №12 жол тейлөө ишканасы
2025-2027-жж.
Республикалык бюджет 50 000,0 (элүү миллион) млн сом
20.
Мал базарлардын ветеринардык-санитардык талаптары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-июнундагы №377 токтомун ишке ашыруу
Кара-Жыгач мал базарын тартипке келтирүү максатында шарттарды түзүү, уюштуруу
Мал базардын айлана тегереги шагылданып, мал турган жери бетондолот. Малдар байлануучу жерлер талапка ылайык келтирилип, суу түтүкчөлөру оңдолот.
Айыл өкмөтү, ПОМ кызматкерлери, жеке ишкер
2025-жыл
Жеке ишкер 200 000 сом
2.7. Курулуштар
21.
Башталгыч орто билим берүүчү мектептерди жана бала бакчаларды курууну уюштуруу
К.Чекиров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине кошумча имарат куруу
Кара-Жыгач айыл аймагында кожолуктун саны өсүп, К.Чекиров орто мектебинин окуучулары бир мөөнөттө окуп, окуу шарты жакшырат жана билим деңгээлинин жогорулашына шарт түзүлөт
Айыл өкмөт башчысы, Республ. бюджет
2025-ж.
Республикалык бюджет 120 000,0 миң сом
22.
А.Молдокеев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине 375 орундуу кошумча имарат куруу
Кара-Жыгач айыл аймагында кожолуктун саны өсүп, А. Молдокеев орто мектебинин окуучулары бир нөөмөттө окуп окуу шарты жакшырат
Айыл өкмөт башчысы, Республ. бюджет
2025-2026-ж.ж.
Республикалык бюджет 95 000,0 миң сом
23. сом
Дардак-Дөбө айылына жаңы балдар бакчасын куруу
Дардак-Дөбө айылында кожолуктун саны 500 гө жакын аталган айылда бала бакча жок. Ошондуктан бала-бакча курулуп калса үйдө олтурган балдар мектепке чейинки билим алышат жана 14 адам кошумча жумуш орду менен камсыз болот.
Айыл өкмөт башчысы, Республ. бюджет
2025-2026-ж.ж.
Республикалык бюджет 42 000,0 миң сом
24.
Сыны айылында кожолуктун саны 1200 гө жакын аталган айылда бала бакча жок. Ошондуктан бала-бакча курулуп калса үйдө олтурган балдар мектепке чейинки билим алышат жана 24 адам кошумча жумуш орду менен камсыз болот.
Айыл өкмөт башчысы,
2025-2026-ж.ж.
Республикалык бюджет 120 000, 0 миң сом
2.8. Социалдык колдоо көрсөтүү
25.
Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү” №385 токтомунун негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн ишмердүүлүгүн алып кетүүсүн көзөмөлдөө
2025-2027-жылдары социалдык контракттын негизинде социалдык жардам алган үй-бүлөлөрдүн жакырчылыктан чыгуусуна шарт түзүү менен социалдык-экономикалык жашоо шарттын жакшыртуу. 150 үй бүлөөнүн жашоо деңгээли жакшырат, жакырчылыктын деңгээли 1,5 % кыскарат.
Райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, айыл өкмөт башчысы.Соц.адис
2025-жыл
Республикалык бюджет эсебинен 15 000 000 сом
Саламаттык сактоо
26.
Ымыркайлардын жана энелердин өлүмүн болтурбоо, алдын алуу
-Кара-Камыш айыл аймагындагы кош бойлуу айымдарга кеңештерди берүү; -
ҮДТ кызматкерлери менен биргеликте аз кандыктын алдын алуу боюнча тегерек столдор уюштурулат
ҮДТ, соц адис
Дайыма
Бюджет талап кылынбайт
Билим берүү
27.
Аймактагы мектеп окуучуларынын билим сапатын жогорулатуу
Мектептер аралык предметтик олимпиадаларды өткөрүүнү уюштуруу
Окуучулардын билим сапаты көтөрүлөт. Мугалимдерге жана окуучуларга стимул болуусу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнөт.
2025-жыл ичинде
Айыл өкмөтү, мектеп директорлору
Жергиликтүү бюджет 50 000 сом
28.
Айыл аймагындагы мектеп окуучуларынын билим сапатын жогорулатуу
- -жаӊы усулдук ыкмалар менен сабактарды өткөрүү;
-балдарга жаны заманбап интерактивдуу доскалар, проектилерди пайдалануу менен жеткиликтүү сабактарды өткөрүү; -атайын балдарга ийримдерди уюштуруу менен олимпиадага жана долбоорлорго даярдоо.
2023-2024-жылдын жыйынтыгы менен билим сапаты 53,8 % түздү. Жалпы билим берүү уюмдарында 2023/2024-окуу жылында 0,3 % чейин билим сапаты көтөрүлдү. Ал эми 2024-2025-окуу жылында 0,5% чейин билим сапаты кѳтѳрүлѳт.
2025-жыл ичинде
Айыл өкмөтү, мектеп директорлору
Бюджет талап кылынбайт
2.9. Туризм тармагын өнүктүрүү
29.
Жаштардын билим деңгээли көтөрүү
Жаштардын билим деңгээлин көтөрүү үчүн жана туризм багыты өсүп бара жаткандыктан чет өлкө тилдерин окуу кружокторун жана кесиптик билим берүү кружокторун уюштуруу
1 ден кем эмес окуулар өткөрүлөт, катышуучулардын саны 20, анын ичинен 30% кыздар Жаштардын билим денгээли көтөрүлөт
А/Ө, айыл башчылар, соц адис
2025-жыл
Каражат талап кылынбайт
30.
Туристтик жарнамаларды уюштуруу
Кара-Камыш көлүнө баруучу туристтерге жакшы шарттарды түзүү максатында маршруттук жарнамаларды жана QR коддорду уюштуруу
Эс алуу максатында келген ички жана сырткы туристтердин эс алуусуна шарт түзүлөт.
Айыл өкмөтү
2025-жыл
Каражат талап кылынбайт
31.
Чарба айылындагы “Бурана” аска таш жайын маданий мураска киргизүү
Маданият министринин рээстрине киргизилет
Айыл өкмөтү
2025-жыл
Каражат талап кылынбайт
32.
Коомчулуктун, анын ичинде аялдардын маалымдуулугун жогорулатуу үчүн чогулуштарды өткөрүү
Коомчулуктун, анын ичинде аялдардын маалымдуулугу 15% га жогорулайт.1 ден кем эмес жыйындар өткөрүлөт 50 дөн кем эмес адам катышат, анын ичинен аялдар 30% дан кем эмес, аяр катмар 5%дан кем эмес.
Коомчулуктун, анын ичинде аялдардын маалымдуулугу 15% га жогорулатайт.1 ден кем эмес жыйындар өткөрүлөт 50 дөн кем эмес адам катышат, анын ичинен аялдар 30% дан кем эмес, аяр катмар 5%дан кем эмес.
А/Ө, соц кызматкери, жаштар, айыл тургундары
2025-жыл
Каражат талап кылынбайт
2.10. Таштандылардан арылуу
33.
Таштандыларды башкаруу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө № №305 Жарлыгынын алкагында программа иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жана 2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө № №305 Жарлыгынын алкагында КТК таштоо жана кайра иштетүүнү уюштуруу
А/Ө, мун.ишкана
2025-жыл
Каражат талап кылынбайт
34.
Катуу тиричилик калдыктарынын тарифин иштеп чыгуу
Калктуу конуштагы тургундар белгиленген тарифтер боюнча төлөм жүргүзүү
Калктуу конуштагы тургундар белгиленген тарифтер боюнча төлөм жүргүзүлөт
Жооптуу катчы Айыл башчылар Айылдык кеңеш МИ директору
2025-жыл
35.
Калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, абоненттер менен келишим түзүү
20% дан кем эмес айыл тургундары менен келишим түзүү
20% дан кем эмес айыл тургундары менен келишим түзүлөт
А/Ө, Айыл башчылар МИ жетекчиси
2025-жыл
2.11. Социалдык маданий өнүктүрүү
36.
Эс алуу жайларын куруу
Топ-Жангак айылындагы “Жаркынайым” эс алуу багынын документтерин бүтөрүү.
Айыл тургундарына шарттарды түзүү, ошондой эле жергиликтүү бюджетти аткаруу жана көбөйтүү, жумуш орун менен камсыз кылуу максатында “Жаркынай” паркынын мамлекеттик актысы жана эскиздик проектиси бүтөрүлөт.
А/Ө
2025-жыл
Республикалык бюджет 70 000 миң сом
37.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, болтурбоо боюнча иш алып баруу
Айыл аймактардагы үйлөрдү кыдыруу, кризистик абалга кабылган үй-бүлөлөрдү аныктоо, аларга жардамдарды уюштуруу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, иш чараларды уюштуруу
Зордук-зомбулуктун кесепеттери кыскарат жана балдардын маалыматтуулугу жогорулайт
А/Ө, соц.кызматкер лери
2025-жыл квартал сайын
Каражат талап кылынбайт
38.
футбол аянтчасын уюштуруу
Кара-Суу айылындагы борбордук мини жашыл килем төшөө
элге шарт түзүлөт
Айыл өкмөт башчысы демөөрчүлөр
2025-жылы
Жергиликтүү бюджеттен 200 000
39.
Райондук этнофестивальдарга катышууну уюштуруу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы №14 Жарлыгынын алкагында кол өнөрчүлөрдү колдоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы «Улуттук нарк жөнүндө» ПЖ №157 Жарлыгын, 2025-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программасынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-июлундагы №313 “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө концепцияны бекитүү тууралуу” Жарлыгын, 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында райондук деңгээлде өткөрүлгөн иш чараларга катышууну уюштуруу
Аймактык деңгээлде кол өнөрчүлөрдүн кароо-сынактарды өткөрүү менен:
- Кыргыздын улуттук каада-салттары жаштарга жайылтылат;
- Кол өнөрчүлөрдүн жасаган буюмдарын даңазаланат;
Жаштардын кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуусу артат
А/Ө, маданият кызматкерлери, мекеме-уюмдар
2025-жыл 2-квартал
Жергиликтүү бюджеттен 100,0 миң сом
40.
Юбилейлик иш –чараларды өткөрүү
Юбилейлик иш-чарасын өткөрүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 10-октябрындагы №174 токтомунун негизинде 9-май жеңиш күнүнүн 80 жылдыгына карата иш-чара уюштурулуп, өткөрүлөт
А/Ө, аппарат кызматкерлери, маданият кызматкерлери,
2025-жылдын октябрь айы
Жергиликтүү бюджет 50 000 миң сом
3.11.Кара-Камыш айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелер жана аны чечүү жолдору
41.
Сугат суу
Ички каналдарды УОСтун балансына өткөрүү
2025-жылдын Апрель айы
42.
Ичүүчү таза суу маселеси
2024-жылдын 1-январына карата райондун калкынын ичүүчү таза суу менен камсыздыгы 34,0 % түзөт, бул көрсөткүчтү 100 % жеткирүүгө акча каражаты жетпейт. Ошондуктан ичүүчү таза суу боюнча долбоору, жер аянттарынын архитектуралык документтери даяр, Кара-Камыш айыл аймактарына республикалык бюджеттен акча каражатын бөлүү менен ичүүчү таза суу системасын куруу.
Суунун сапатын жана кызмат көрсөтүүнүн сапатынын стандарттарын, жарандардын ден соолугун жана айлана-чөйрөнү талаптагыдай коргоо камсыз кылынат
А/Ө, МИ
2025-2026-ж.ж.
Корей республикасынынан грант эсебинен
3.Укук коргоо жана коопсуздук тармагы
43.
Диний экстремизмдин жана терроризмдин жайылуусуна бөгөт коюу
Диний-экстремисттик жана террористтик идеологиялардын калк жана жаштар арасында жайылуусунун алдын-алуу
Жашоочулардын. Айрыкча жаштар арасында ар кандай диний-экстремисттик фундаментализмдин жайылуусуна бөгөт коюлат
2025-жыл ичинде
Кара-Камым айыл өкмөтү, аймактык милиция бөлүмү
Талап кылынбайт
44.
Кылмыштуулукту алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү
Айыл аймактагы айылдардын тургундары менен тыгыз жумуш алып баруу, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү
Кылмыштуулук алдын алынат жана кыскарат. Мыйзамдуулук өкүм сүрөт.
2025-жыл ичинде
Кара-Камыш айыл өкмөтү, аймактык милиция бөлүмү
Талап кылынбайт
4. Айыл өкмөт башчысынын демилгеси менен жасалуучу иштер
45.
Жарыктандыруу
13 айылдын борборлоруна жарыктандыруу чырактарын орнотуу
Кара-Камыш айыл аймагына караштуу 13 айылдын борборлору жарыктандырылып, калктын түндө журүүсүнө жакшы шарт түзүлүп, ар кандай кырсыктардын, уурулуктандын алдын алуу иши болуп саналат.
А/Ө, айыл тургундары, айыл башчылар
2025-жылы
Жергиликтүү бюджет 350 000 сом
46.
Кара-Камыш айыл аймагындагы ички жолдорду шагылдап тегиздоо
30 км жолго шагал төгүү
Элдин жолдо жүрүү мүмкүнчүлүгү жакшырат
А/Ө,айыл тургундары,демөөрчүлөр
2025-жылы
480 000 сом
47.
Бала-бакчаны оңдоо
Кара-Жыгач айылындагы №27”Балакай” бала бакчасынын эшиктерин жана чатырын алмаштыруу
“Балакай” бала бакчасынын чатыры жана эшиктери алмаштырылып, балдардын билим алуусуна түзүлгөн шарт жакшырат
А/Ө
2025-жылы
Түрткү берүүчү грант 2 446 000 Жергиликтүү бюджет 450 000 сом
48.
Э.Четинбаев мектебин оңдоо
Кара-Суу айылындагы Э.Четинбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин чатырын, эшик, терезелерин алмаштырып оңдоо
Окуучулардын билим алуусуна жакшы шарт түзүлөт
А/Ө, мектеп директору
2025-жылы
Үлүштүк дем берүүчү грант 3 000 000 сом Жергиликтүү бюджет 450 000 сом
49.
Б.Миңбаев мектебин оңдоо
№15 Б.Миңбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин чатырын , терезе эшиктерин алмаштыруу
Окуучулардын билим алуусуна жакшы шарт түзүлөт
А/Ө, мектеп директору
2025-жылы
Үлүштүк дем берүүчү грант 3 000 000 Жергиликтүү бюджет 520 000 сом
50.
Мал союлуучу жай куруу
Дардак-Дөбө айылында 10 сотых жерди трансформациялап ГЧПнын негизинде иш алып баруу
Базарда жана башка жерлерде сатылып жаткан эттерди ушул мал союлуучу жерге алып келип,ветеринардык талаптарга ылайык жакшы шарт түзүлөт.
А/Ө Жеке ишкер
2025
950 000 с
51.
Дарыянын жээктерин бекемдөө
Чарба,Кара-Суу дарыясынын жээгин бекемдөо
Суу жээктерин бекемделип, элдин коопсуздугу сакталат
Айыл өкмөтү МЧС
2025-жыл
Жергиликтүү бюджет МЧС 400 000
Жалпы 4 пунктан турган 49 иш-чара
Жарлыктар - 5
Укук коргоо жана коопсуздук тармагы - 2
Бюджеттин эсебинен жасалуучу иштер - 35
Айыл өкмөт башчысынын демилгеси менен жасалуучу иштер - 7
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 5 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (5)
- Указ Президента КР от 24 июля 2021 года УП № 313 "Об утверждении Концепции о духовно-нравственном развитии и физическом воспитании личности"Указ · 24.07.2021 · № 313
- Постановление Правительства КР от 18 июня 2015 года № 377 "Об утверждении первоочередных ветеринарно-санитарных требований по предупреждению болезней животных"Постановление · 18.06.2015 · № 377
- Указ Президента КР от 10 марта 2022 года УП № 75 "О мерах по совершенствованию системы управления в сфере инвестиций и повышения инвестиционного потенциала Кыргызской Республики"Указ · 10.03.2022 · № 75
- Указ Президента КР от 8 апреля 2022 года УП № 109 "О мерах по предупреждению и пресечению фактов незаконного самовольного захвата земель"Указ · 08.04.2022 · № 109
- Указ Президента КР от 24 февраля 2022 года УП № 54 "О мерах по упорядочению семейных торжеств и поминальных обрядов в Кыргызской Республике"Указ · 24.02.2022 · № 54