Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-кыя шаардык кенешинин «Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ 2025-жылдын 25 -марты № 6/23 Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2022-жылдын 12-октябрындагы №15/49 токтому менен бекитилген Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү Фондунун айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиясынын кээ бир мүчөлөрү жумуштан бошогондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007–жылдын 29–июнундагы № 1997–III «Кайра бөлүштүрүү фондусундагы айыл чарба жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна негиз, шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025–жылдын 11-мартындагы №4 протоколуна жана «Караван» аймактык башкармалыгынын 2025–жылдын 17-февралындагы №01-27-97 катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кенешинин 2022-жылдын 12-октябрындагы №15/49 “Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жаӊы курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү Фондунун айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жаңы курамы төмөнкүдөй бекитилсин:
1. Садиров Мирлан Абдыганыевич -шаардык кенештин депутаты
2. Маматов Абибула Каратаевич -шаардык кенештин депутаты
3. Арзыбеков Абдували Арзыбекович-шаардык кенештин депутаты
4. Бейшенбаев Айдин Чынгысовч-шаардык кенештин депутаты
5. Эргешов Кубанычбек Абдижалилович-шаардык кенештин депутаты
6. Кыпчаков Нурмухамед Абдулаевич -“Караван”АБ башчысы
7. Тажибаев Ахмат Эгембердиевич -“Караван”АБ адиси
8. Ахматов Каныбек Мавлянович-“КАДАСТР”мамлекеттик мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы бөлүмүнүн директору
9. Жер адиси
10. Алиев Патта Гайыпович- коомчулуктун өкүлү
11. Караван айылынын башчысы
12. Ак Булак айылынын башчысы
13. Жинжиген айылынын башчысы
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ж.Аматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.