# Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 03-сентябры №25/1 "Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолуу Сары-Булак айылына көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 03-сентябры №25/1 "Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолуу Сары-Булак айылына көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 25/1
- Дата принятия: 03.09.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.09.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025228>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40284/edition/30207/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.09.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2024-жылдын 03-сентябры №25/1 "Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолуу Сары-Булак айылына көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 03.09.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025228

---

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Керме-Тоо айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

2024-жылдын 3-сентябры №25/1

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн алыскы бийик тоолуу Сары-Булак айылына көмөкчү чордон орнотуу үчүн жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочу С.Жолоновдун калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 25,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча макулдук катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 8-майындагы №15 “Граждандык кодексинин 233¹-беренесин, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 35-беренесин жана “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин талаптарына ылайык, Керме-Тоо айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылынын жашоочуларынын кайрылуусуна ылайык, жергиликтүү жашоочу С.Жолоновдун калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 25,0 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык менчикке өткөрүп берүү боюнча макулдук каты канааттандырылсын.

2. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн Сары-Булак айылынын жашоочусунун макулдук катына ылайык, 25,0 чарчы метр жер тилкеси Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиигине алууга макулдук берилсин.

3. Жогорудагы турак жай багытынан ажыратылган жер тилкеси көмөкчү чордон орнотуу багытына өзгөртүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Керме-Тоо айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

Төрага

А.Шерматов
