# Т.Зулпуев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-майындагы №32-1 "Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу" токтому.

- Полное наименование: Т.Зулпуев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-майындагы №32-1 "Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 32-1
- Дата принятия: 31.05.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.05.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025162>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40232/edition/30138/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.05.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т.Зулпуев айылдык кеңешинин 2024-жылдын 31-майындагы №32-1 "Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу" токтому. (ред. от 31.05.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025162

---

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Ош облусунун Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемесинин жетинчи чакырылышынын кезексиз отуз экинчи сессиясы

2024-жылдын 31-майы № 32-1 Айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыкгын базалык өлчөмүн бекитип берүү тууралуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329-НИ буйругунун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 - мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Т. Зулпуев айыл аймагынын айылдык кеңеши мекемеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т. Зулпуев айыл аймагындагы Айыл чарба департаментине өткөрүлүп берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара салыктын базалык өлчөмүнүн коэфициенти К 10 дон 30 га чейинки өлчөмүндө белгиленсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын, документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Тажибаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т. Зулпуев айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

М.Бакиров
