Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Курманжан Датка айылдык кеңешинин 5/8 «Курманжан Датка айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө» токтому
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму 2025-жылдын 17-марты 5/8 Курманжан Датка айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Респбуликасынын 2021-жылдын 05-майындагы №60 “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жѳнүндѳ” Мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык, «Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү» жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтомун жетекчиликке алып, аймакта укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында, Курманжан Датка айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 5-отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманжан Датка айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин (Тиркеме-1).
2. Коомдук алдын алуу борборунун уюштуруу маселеси боюнча иш алып баруу жагы №3 Кабылан-Көл айылдык китепкана башчысы А. Сатаровага тапшырылсын.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага:
Д. Камчыбек уулу
Тиркеме
Курманжан Датка айылдык кенешинин
VII чакырылышынын кезектеги 5-отурумунун №5/8 токтому
менен бекитилди
Коомдук алдын алуу борборунун типтүү Уставы
1. Жалпы жоболор
1Т Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КААБ) – Курманжан Датка айыл айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштарында укук бузууларынын алдын алууну уюштурууга жана жарандардын биргеликте катышуу максатында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун толук аталышы:
2.- мамлекеттик тилде «Коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикмеси.
3. КААБ өз ишин «Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КААБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүчү уюм.
5. Курманжан Датка айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун дареги:
Ош облусу, Алай району, Боз-Караган айылы, Маматок Акжигит атындагы -2 көчөсү, үй № 5
2. КААБдын максаттары жана милдеттери:
6.КААБдын максаты ЖОБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
7.КААБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы алдын алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адмдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).
8. КААБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенинүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
- жашы жете электерин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- тиешелүү айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү.
9. КААбдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КААБдын укуктары
10. КААБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КААБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖОБ
Жооптуу катчы
Г. Кимсанбай кызы
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «Об основах профилактики правонарушений»Закон · 05.05.2021 · № 60
- Постановление Правительства КР от 27 октября 2015 года № 747 "Об утверждении Типового устава общественно-профилактического центра"Постановление · 27.10.2015 · № 747