Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Савай айылдык кеңешинин «Савай айыл аймагында жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери” жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтому
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз II-сессиясы
2024-жылдын 13-декабры № 7
Савай айыл аймагында жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери” жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жарнама жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №240 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө” жобонун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Савай айыл аймагында жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери” жөнүндө Жобо тиркеме ылайык бекитилсин.
2. Савай айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө аймагында жарнамалык түзүмдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери” жөнүндө Жобонун негизинде иш алып баруу жагы тапшырылсны.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат , айыл чарба жайыттар, жер, курулуш иштери боюнча, транспорт, сугат таза суу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А.Осмоналиев
Савай айылдык округунун кеңешинин 2024-жылдын 13-декабрындагы №7 токтомуна тиркеме Савай айыл аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү жана маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери Жалпы жоболор.
1. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар.
2. Тилкелеп бөлүштүрүү.
3. Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү.
4. Фасаддардын сырткы көрүнүшүн жасалгалоону уюштуруу.
5. Фасаддардын абалына контроль жүргүзүү.
6. Маалыматтык түзүлүштөр. Маалыматтык түзүлүштөрдүн түрлөрү жана жайгаштыруунун эрежелери.
7. Жарнамалык түзүлүштөр. Жарнамалык түзүлүштөрдүн түрлөрү жана жайгаштыруунун эрежелери.
8. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруунун жалпы эрежелери.
9. Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруунун эрежелери.
10. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү монтаждоо боюнча иштерди жүргүзүүгө карата талаптар.
11. Сырткы жарнаманы жана жарнамалык түзүлүштөрдү реестрге киргизүү жөнүндө арыздарды кароонун тартибине карата жалпы талаптар.
12. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби.
13. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо.
14. Ушул Эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик.
I. Жалпы жоболор
1. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери жана Айыл аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жарнама жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы №240 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилүүчү курулушу аяктаган объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө” жобого, «ГОСТ 33027-2014. Мамлекет аралык стандарт. Жалпы колдонуудагы автомобилдик жолдор. Сырткы жарнаманын каражаттарын жайгаштырууга талаптар”, “ГОСТ Р 52044-2003. Автомобилдик жолдордо жана шаардык жана айылдык конуштардын аймактарында сырткы жарнама. Сырткы жарнаманын каражаттарына жалпы техникалык талаптар” стандарттарына ылайык иштелип чыккан жана Айыл аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан жер тилкелеринде, имараттарда жана курулмаларда же башка кыймылсыз мүлктө маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча техникалык талаптарды, эрежелерди жана маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоонун тартибин жөнгө салат, ошондой эле учурдагы архитектуралык чөйрөнү комплекстүү чечүү, архитектуралык-тарыхый мурастарды сактоо, шаардын бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн калыптандыруу максатында имараттардын жана курулмалардын фасаддарын калыптоонун бирдиктүү жана милдеттүү эрежелерин белгилейт.
2. Ушул Эрежелердин аткарылышы Айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууда жана эксплуатациялоодо менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү.
3. Имараттар менен курулмалардын жеке менчик ээлери жана тийиштүү милдеттер жүктөлгөн башка адамдар имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды техникалык эксплуатациялоо эрежелеринде жана ченемдеринде, көрктөндүрүү эрежелеринде, ушул Эрежелерде жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген фасаддарды күтүүгө карата талаптарды сактоого милдеттүү.
4. Айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууга жана маалыматты жана жарнамаларды жайылтууга шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген шаар куруу корутундусу (ШК) болгондо гана жол берилет. Шаар куруу корутундусу (ШК) маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууда 1 (бир) гана ирет берилет. Жайгаштырылган маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн дареги, формасы өзгөрсө кайрадан жаңы шаар куруу корутундусу алынат.
5. Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү көрктөндүрүү эрежелеринде, ушул Эрежелерде жана имараттын фасадынын паспортунда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
Айыл аймагында ушул Эрежелерде каралбаган маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууга жана эксплуатациялоого жол берилбейт.
6. Бул Эрежелер жол кыймылынын белгилерине жана жол-көчө тармагынын белгилерине жайылтылбайт.
7. Ушул Эрежелердин жоболору Айыл аймагында жайгашкан эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтердин тизмегине кирген маданий мурас объектилеринин фасаддарына жана жаңыдан аныкталган маданий мурас объектилерине жайылтылбайт.
II. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
8. Ушул Эрежелерде төмөнкү негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
акцент - өлчөмү, формасы, түсү аркылуу композициянын элементтерин бөлүп көрсөтүү жолу; архитектуралык-техникалык документация - маалыматтык жана/же жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу жана эксплуатациялоо үчүн тексттик жана графикалык материалдарды жана техникалык талаптарды камтыган документ; архитектуралык-мейкиндик чөйрө - каралып жаткан аймакты же объектини курчап турган жана аймакты же объектини айылдык чөйрөнүн бир бөлүгү катары кабыл алууну калыптаган имараттардын, курулмалардын жана айыл чөйрөсүнүн башка элементтеринин жыйындысы; архитектуралык чечим - архитектуралык объекттин автордук ой- пикири, анын тышкы жана ички көрүнүшү, мейкиндик, пландык жана функционалдык жактан уюштурулушу, курулуш документтеринин архитектуралык бөлүгүндө жазылган жана курулган архитектуралык объектиде ишке ашырылган; ачык жана жабык мейкиндиктердин балансы - фасаддын визуалдык композициялык тең салмактуулугу, анын бөлүктөрү, колористикалык чечимдери; брандмауэр - отко туруктуу, капталдын же короонун фасадынын басымдуу эшик-терезеси жок, бош, фасаддын бардык элементтерин аралап өтүүчү, өрттүн жайылышын болтурбоо үчүн бир имараттын же жанаша жайгашкан имараттардын жана короолордун жайларын бөлүп турган негизги капиталдык дубалы. Терезелердин жоктугу жана кошуна курулмалардан бийик жайгашуусу менен мүнөздөлөт; айыл аймак ландшафтынын түрлөрү – сереп салуунун туруктуу секторлорунда түзүлгөн жалпыга белгилүү композициялык жактан аякталган түрлөр; визуалдык кабылдоо - адам тарабынан фасаддын жана аны курчап турган шаар куруу чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн, аймактардын (бүтүн жана өз алдынча бөлүктөрүнүн) пландаштыруу түзүмүн табуу жана ачыктоо, кабыл алуу шарттарын эске алуу менен объекттин образын калыптоо; визуалдык жеткиликтүүлүк - оптималдуу кабылдоо бурчтары менен чектелген оптималдуу көрүү тилкеси, адамдын вертикалдык тегиздиктеги көрүү аянты: көрүүнүн орточо сызыгынан 30° өйдө жана 40° ылдый, бурчтун туурасы - 120°; визуалдык маалымат - адам визуалдык түрдө кабыл алган мазмун, маанилер жана сүрөттөр. Визуалдык маалымат предметтердин формасы, жайгашуусу жана өз ара байланышы, графикалык белгилердин жана символдордун контурунун табияты, шрифттин формасы, түс жанажарыктандыруу өзгөчөлүктөрү аркылуу берилген конкреттүү образдуу мазмунга ээ; айылдык чөйрөнүн визуалдык мүнөздөмөлөрү – айылдык курулуштардын, коомдун маданий жана социалдык ишмердигинин продуктусу катары айыл чөйрөсүнүн визуалдык кабыл алынган өзгөчөлүктөрү; жарнамалык түзүлүштүн ээси – жеке же юридикалык жак, жарнамалык түзүлүштүн ээси же жарнамалык түзүлүшкө зат укугуна ээ болгон башка жак; шрифттин гарнитурасы - жалпы сүрөт менен бириктирилген жана белгилүү бир аталышы бар чиймелердин үй-бүлөсү; имараттын, курулманын короо фасады (фасадды кара) — курулуштун сыртында жайгашкан жана ачык айылдык мейкиндиктер менен визуалдык байланышпаган имараттын фасады; маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн дизайн-долбоору (эскизи) - маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүнүн так жайгашкан жери, өлчөмдөрү жана андагы сүрөттөр жөнүндө маалыматтарды камтыган тексттик жана графикалык түрдөгү документтердин жыйындысы (графикалык материал же фотомонтаж); маалыматтык талаа - маалыматты түздөн-түз берүү үчүн арналган объектинин конструктивдик бөлүгү. Маалыматты жайгаштыруу үчүн объекттин маалымат талаасынын аянты (чоңдугу) берилген конструктивдик бөлүктүн бийиктигинин жана узундугунун көбөйтүндүсү болуп саналат; карниз - фасаддын горизонталдуу проекциялык элементи, имаратты, курулушту, курулманы же кабатты аяктаган дубалдын үстүнкү чыгып турган бөлүгү; композиция - көркөм чыгарманы куруунун негизи, курулуш системасы, негизги элементтердин жана бөлүктөрдүн белгилүү бир ырааттуулукта жайгашуусу, бардык бөлүктөрү функционалдык жактан гана эмес, автордун ой-ниети менен да байланышкан. Композицияны түзүүдө колдонулган көркөм каражаттар: сызык, тегиздик, түс, көлөм, мейкиндик. Композицияны гармонизациялоонун каражаттары: пропорциялар, симметрия, ритм, масштабдуулук, контраст, нюанс; композициялык бүтүндүк - архитектуралык ой-толгоо, объекттин курулушу жана мейкиндик чечими, ошондой эле анын бир бүтүндүктү түзгөн айрым бөлүктөрүнүн байланышы. Композициялык бүтүндүк композициянын бир да элементин алмаштырууга же бүтүнгө зыян келтирбестен өзгөртүүгө мүмкүн эместиги менен мүнөздөлөт; кернинг - тамгалардын ортосундагы аралыкты формасына жараша тандап өзгөртүү. Кернинг эки тамганын ортосундагы аралык визуалдык жактан бирдей болушун камсыз кылуу үчүн колдонулат; кыскалык - композициянын сапаты, ошону менен бирге сүрөт байкоочуга маанилүү маалыматты жеткирүү үчүн зарыл болгон элементтерди гана камтыйт. Негизги композициялык элементтерге керектүү визуалдык басым жасоо керексиз, алаксыткан деталдарды жок кылуу аркылуу ийгиликтүү ишке ашат; имараттын, курулуштун алдыңкы фасады (фасадды кара) – курулуш аймагында жайгашкан же ачык шаардык мейкиндиктер менен визуалдык түрдө байланышкан имараттын фасады; масштабдуулук (со-масштабдуулук) - объекттин өлчөмүнүн: архитектуралык курулуштун, скульптуранын, көрктөндүрүүнүн элементтеринин же алардын бөлүктөрүнүн - адамдын боюна карата катышы; шрифтти чийүү - бир гарнитуранын курамына кирген шрифттин ар бир түрүнүн өзгөрүүсү. Шрифтти чийүү тыгыздыгы боюнча - тар, нормалдуу кең болуп айырмаланат; каныккандыгы боюнча - жарык, калың, жарым- жартылай калың; эңкейиши боюнча - түз, курсив; имараттын көлөмдүк-мейкиндиктик чечими - имараттын көлөмүнүн тышкы формасы; панорама - аянттардан жана көрүү жолдорунан ачылган шаардык жана табигый ландшафттын көрүнүшү; перспектива - негизги жайгаштыруу линиясы визуалдык байкоо жери менен параллелдүү же дал келген шаар чөйрөсүнүн объекттеринин жыйындысы; пластика, ийкемдүүлүк - архитектурага, графикага, сүрөткө мүнөздүү көлөмдүн, форманын көркөм сүрөттөлүшү. Ийкемдүүлүк бир формадан, көлөмдөн экинчисине, имараттын бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө жумшак, ырааттуу өтүүдө, предметтин, курулуштун же ансамблдин толук, бирдиктүү образын түзүүдө билинет; сырткы жарнама объекттеринин реестри (мындан ары - Реестр) – Манас айыл аймагындагы бардык сырткы жарнама объектилери жана жарнама түзүлүштөрү жөнүндө маалымат; жарнама аянты - жарнаманы көрсөтүү жана жайылтуу үчүн колдонулган жарнама түзүлүштөрүнүн аймактары; жарнама таратуучу - жарнаманы кандай гана жол менен болбосун, кандай формада болбосун таратуучу жана кандай гана каражат болбосун колдонуучу жак; сырткы маалыматты жана жарнаманы таратуу - маалыматтык же жарнамалык түзүлүштөрдү пайдалануу аркылуу сырткы маалыматты жана жарнаманы ачык-айкын көрсөтүү; ритм - мүнөзү боюнча салыштырылуучу түрдүү элементтердин же формалардын белгилүү бир калыпта кезектешүүсү жана аларды белгилүү бир биримдикке келтирүү (алардын жайгашуу жана кезектешүү тартиби); симметрия - бир нерсенин бөлүктөрүнүн борборго, ортого карата ченемдүү, пропорционалдуу жайгашуусу; ченемдүүлүк жана пропорционалдуулук - бүтүндөй объекттин, анын бөлүктөрүнүн жана алардын элементтеринин ортосундагы белгилүү бир байланыш жана катыш, мында бардык элементтер өз ара тең салмакта болот; социалдык жарнама - адамдардын чексиз чөйрөсүнө багытталган жана кайрымдуулук жана башка коомдук пайдалуу максаттарга жетишүүгө, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган маалымат; шаар куруудагы айлана-чөйрө - бул бири-бири менен тыгыз байланышта болгон элементтердин жыйындысы: жаратылыш жана шаардык ландшафт, пландаштыруу түзүмү, өнүктүрүү, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү; стилдик бүтүндүк - архитектуралык формалардын, фасаддык элементтердин жана композициянын каражаттарынын, социалдык милдеттердин мүнөзүнүн, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн жана коомдун идеялык, эстетикалык көз караштарынын тарыхый- идеологиялык жактан калыптанган биримдиги; унификация - ар кандай типтеги объекттерди стандарттык өлчөмдөрдүн, формалардын, касиеттердин рационалдуу диапазонуна жеткирүү. Унификациялоонун негизги максаты – өзүнчө долбоорлоонун жана ар бир варианттын өзүнчө өндүрүшүнүн зарылдыгын жоюу. Унификация ошондой эле предметтик-мейкиндик чөйрөнүн композициялык жана конструктивдик биримдикке жетишүүсүнүн каражаты болуп саналат; ыйгарым укуктуу орган – Манас айыл аймактын түзүмдүк бөлүмү – Манас айыл аймактык муниципалдык менчик башкармалыгы болуп саналат, ага маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштырууну жана сырткы жарнаманы жана маалыматты жайылтууну жөнгө салуу ыйгарым укугу берилген; шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган - долбоордук документтерди бекитүү менен негизги шаар курууну, объекттин функционалдык параметрлерин, долбоорлоого карата шарттарды жана талаптарды аныктоочу Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы; мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл боюнча ыйгарым укуктуу орган - Ош регионалдык архитектуранын мамлекеттик архитектуралык- курулуштук көзөмөл башкармалыгы, ал коопсуздукту камсыз кылуу максатында курулуш процессинде аткарылган иштердин техникалык регламенттин талаптарына жана долбоордук документтерге ылайык келишин текшерүү жолу менен курулуш объектилеринин сапатын, сейсмикалык туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн аныктайт; фасад - имараттын же курулуштун, курулманын сырткы вертикалдуу бети. Курулманын түрүнө жана анын планынын формасына, жайгашкан ордуна жараша алдыңкы, каптал жана короо фасаддары болуп бөлүнөт; фирмалык стиль - ишкананын жана анын продукциясынын ишмердүүлүгү менен байланышкан белгилүү бир туруктуу визуалдык образды түзүү максатында белгилүү бир ишкана же уюм үчүн атайын иштелип чыккан объекттердин, каражаттардын, символдордун жыйындысы. Фирмалык стиль атайын концепциянын жана долбоордук милдеттеринин: фирманын продукциясынын визуалдык формаларын, фирмалык белгисин, документацияны, кызматкерлердин кийимдерин, фирмалык транспортту түзүү, продукциянын жана алардын комплекстеринин стилистикалык биримдигин камсыз кылуу, ошондой эле ишкананын өндүрүштүк жана коммерциялык ишмердигинин уюштуруучулук жактарын калыптандыруу сыяктуу кеңири түрүн чечүүгө карата жалпы мамиленин негизинде түзүлөт жана иштелип чыгат.
III. Тилкелеп бөлүштүрүү.
Тилкелеп бөлүштүрүү – айыл аймактын регламенттери үчүн типтүү чечимдер Жалпы эрежелер бүт айыл аймак үчүн принципиалдуу, бирок регламент айыл аймактын борбордук бөлүгү жана айылдын тарыхый корголуучу чөйрөсү үчүн айылдын турак жайларына жана башка аймактарына караганда катуураак. Катуу талаптар коюлган тилке жана аймактын тарыхый корголуучу тилкеси жарнама мейкиндиктерин багыты боюнча гана пайдаланууну түшүндүрөт. Анын ичине, биринчи кезекте, айыл аймактын борбору, ири автомобиль жолдору, жергиликтүү жана республикалык маанидеги өзгөчө корголуучу эстеликтердин жана тарыхый-архитектуралык баалуулуктагы имараттардын реестрине киргизилген тарых жана маданият эстеликтери кирет. Катуу талаптар коюлган тилкеде ири соода борборлорун кошпогондо, ири өлчөмдөгү жарнама түзүлүштөрүн («Г, П, Т» - түрүндөгү жарнама түзүлүштөрүн) жайгаштырууга жол берилбейт. Айыл аймактын тарыхый корголуучу тилкесинде корголуучу чөйрөнүн объектисин визуалдык кабылдоону жаап-жашырган ири габариттүү жана башка жарнама түзүлүштөрүн («Г, П, Т» - түрүндөгү жарнама түзүлүштөрүн) жайгаштырууга жол берилбейт. IV. Имараттын фасадынын паспорту. Тариздөөнүн тартиби.
9. Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү көрктөндүрүү эрежелеринде, ушул Эрежелерде жана имараттын фасадынын паспортунда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
10. Имараттын жана курулманын фасадынын сырткы көрүнүшүнө карата жалпы талаптар имараттын фасадынын паспорту менен аныкталат, ал ар бир имарат жана курулма үчүн өзүнчө даярдалат. Имараттын жана курулуштун фасадына паспорттун типтүү формасы шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органдын (шаар куруу жана архитектура боюнча Ош регионалдык башкармалыгынын) сунушу боюнча Кара-Суу рай.администрациянын чечими менен бекитилет.
11. Имараттын фасадынын паспорту имараттын же курулманын архитектуралык долбооруна ылайык түзүлөт, бул имаратты (курулманы) куруу үчүн долбоордук документтердин курамында даярдалат, ал эми ал жок болгон учурда - архитектуралык-мейкиндик чөйрөсүнүн жана шаар чөйрөсүнүн визуалдык өзгөчөлүктөрүн, композициялык жана стилистикалык бүтүндүктү, унификациялоону, ченемдүүлүктү жана пропорционалдуулукту,
горизонталдык жана вертикалдык октор системасына, симметриясына, ритмине шайкештигин эске алуу менен имараттын көлөмдүк-мейкиндиктүү чечимине, анын стилистикалык өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат.
12. Имараттын фасадынын паспорту жеке жана юридикалык жактардын арызы боюнча ушул Эрежелерде белгиленген тартипте имараттын фасадынын паспортунун бекитилген типтүү формасына ылайык шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан даярдалат.
Имараттын фасадынын паспортун даярдоо шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылат.
13. Имараттын фасадынын паспорту шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси же уюмдун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан бекитилет.
14. Жеке жана юридикалык жактар имараттын фасадына паспорт даярдоо үчүн шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат. Арыздарды кабыл алуу жана аларды андан ары тариздөө “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жүргүзүлөт.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) арыз берүүчү жөнүндө маалымат (аны так идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар, телефон номуру ж.б.);
б) имараттын жана курулманын жайгашкан орду; в) ниетинин суроттөлүшү.
Арызга тиркелет: кыймылсыз мүлктүн (имарат жана курулма) ар бир даанасына укук берүүчү жана укук тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү, эскиз-ниети.
15. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз берүүчүгө арызды алгандыгы жөнүндө тастыктама берет.
16. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган 30 жумуш күндүн ичинде ушул Эрежелердин талаптарына жана маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууга карата талаптарга ылайык имараттын фасадынын паспортун даярдайт.
17. Зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү имараттарды жана курулмаларды визуалдык кароо үчүн, анын ичинде арыз ээсинин өкүлдөрүн тартуу менен барууга укуктуу.
18. Эгерде имарат же курулма маданий мурас объекттеринин биргелешкен коргоо тилкесинде жайгашкан болсо, имараттын фасадынын паспортунун долбоору аны бекиткенге чейин эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш. Бекитүүнүн мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.
Мында ушул Эрежелердин 17-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын фасадына паспорт даярдоонун жалпы мөөнөтү эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугун алганга чейин узартылат.
19. Имараттын фасадынын паспортун даярдоо жалпысынан имараттын же курулманын фасады үчүн маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштыруу боюнча ушул Эрежелерге ылайык келген имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын учурдагы кире бериштерин, витриналарын, маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнама түзүлүштөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
20. Арыз ээлери шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга жеке жабдуулардын долбоорун жана терезелердин, витриналардын, кире бериштердин дизайнын, имараттардын жана курулмалардын жана жарнамалык түзүлүштөрдүн фасаддарынын маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн жайгаштыруунун долбоорун берүүгө укуктуу.
21. Жеке эскиздик долбоор ушул Эрежелердин маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштыруунун талаптарына жооп берген учурда, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган жеке жактын уруксатынын негизинде ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жеке эскиз долбоорунун негизинде имараттын фасадынын паспортун даярдайт жана бекитет.
22. Имараттын же курулманын фасадына өзгөртүүлөр имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө тийиш.
23. Имараттын же курулманын фасадына өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жаңы паспортту даярдабастан жана бекитпестен, имараттын фасадынын паспортуна туура келбеген өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
24. Имараттын же курулманын фасадын өзгөртүү үчүн жеке жана юридикалык жактар шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга фасаддын архитектуралык долбоорунун эскизин жана зарыл болгон учурда долбоордун авторунун макулдугу менен кайрылышат.
Терезелер жана витриналар.
25. Жалпы жоболор.
25.1. Терезелердин жана витриналардын түзүлүшүнө, жабдылышына жана таризделишине талаптар төмөнкүлөр менен аныкталат:
- имараттын фасадынын паспорту;
- имараттардын жана курулмалардын архитектуралык-көркөмдүк баалуулугу;
- бөлмөлөрдүн багыты, колдонуу мүнөздөмөсү;
- имараттардын жана курулмалардын негизги жүк көтөрүүчү түзүлүштөрүнүн техникалык абалы.
25.1.1. Терезелерди жана витриналарды жеке жабдуу жана жасалгалоо ушул Эрежелердин 21-22-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
25.1.2. Терезелерди жана витриналарды өзгөртүүгө, анын ичинде түзүлүшүн, алардын сырткы көрүнүшүн, түс схемасын өзгөртүү, терезелерин жок кылуу, алардын габариттерин жана конфигурациясын өзгөртүү, витриналык конструкцияларын орнотуу менен байланышкан иш-аракеттер ушул Эрежелердин 20-22-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
25.2. Терезелердин жана витриналардын түрлөрү жана жайгашуусу.
25.2.1. Терезелердин жана витриналардын түрлөрү жана жайгашуусу имараттын, курулманын фасадынын паспорту, конструктивдүү тутуму, имараттын (курулманын) бөлмөлөрүнүн планы жана багыты менен аныкталат.
25.2.2. Жайгашкан орду боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- алдыңкы бетиндеги витриналар;
- алдыңкы бетиндеги терезелер;
- короо фасадынын терезелери;
- жертөлө кабатынын терезелери;
- негизги дубалдарда, брандмауэрлерде жайгашкан терезелер;
- мансарда терезелери;
- чатырда жайгашкан терезелер (чатырдагы угуучу терезелер).
25.2.3. Терезелердин жана витриналардын фасадында жайгашуусу, алардын габариттери, түзүлүштүн мүнөзү жана сырткы көрүнүшү имараттын же курулманын фасадынын паспортуна ылайык келиши керек.
25.2.4. Терезелердин жана витриналардын габариттерин жана конфигурациясын жайгаштыруу, өзгөртүү, алардын түрүнө жана жайгашкан жерине карабастан жаңы терезелерин орнотууга же болгондорун жок кылууга, имараттын же курулманын фасадынын паспорту менен аныкталган фасаддын курамын бузууга ушул Эрежелерде белгиленген учурлардан тышкары учурларда жол берилбейт.
25.2.5. Терезелерди негизги дубалдарга, короонун фасаддарына, көчөдөн көрүнгөн жерлерге орнотуу, жантаймалардын тереңдигин, терезенин архитектуралык профилин өзгөртүү, архитектуралык контурларды сактоо менен терезелерди жабууга, жасалма терезелерди орнотууга, тешиктерди бөлүктөргө бөлүүгө жол берилбейт (1, 2, 3-сүрөттөрдү кара).
25.2.6. Жок болгон терезелерди калыбына келтирүү, тосулган терезелерди ачуу, ошондой эле фасаддын баштапкы архитектуралык түзүлүшүн калыбына келтирүү боюнча башка иш-чаралар ушул Эрежелердин 20-22-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
25.2.7. Терезени кире бериш эшик кылып кайра орнотууга, белгиленген талаптарды эске алуу менен шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылып, имараттын бөлмөлөрүн кайра пландаштыруу, реконструкциялоо долбоорунун алкагында фасаддын архитектуралык чечимине ылайык келген шартта, ушул Эрежелер жана ушул Эрежелердин "Кире бериштерди орнотуу жана жабдуулар" бөлүмүндө
каралган өзгөчөлүктөр менен белгиленген талаптарды эске алуу менен жол берилет. Имараттарды кайра пландаштыруу, реконструкциялоо долбоорунун алкагында фасаддын архитектуралык түзүлүшү бүтүндөй имараттын фасады үчүн учурдагы кире бериштерди, витриналарды, имараттын фасадынын паспортуна ылайык келген имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнамалык түзүлүштөрүн эске алуу менен ишке ашырылат.
25.2.8. Имараттын бөлмөлөрүн пайдалануунун мүнөзүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу имараттардын жана курулмалардын биринчи жана экинчи кабаттарынын терезелерин алардын конструкциясынын жана жабдылышынын жеке өзгөчөлүктөрүн (габариттерин, терезе тосмолорунун сүрөттөрүн, терезе конструкцияларынын материалдарын) өзгөртүү менен ушул Эрежелердин 23-25-пункттары менен белгиленген тартипте ушул Эрежелер менен каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен өзгөртүүгө жол берилет.
25.3. Терезелердин жана витриналардын түзүлүшүнө жана жабдылышына коюлган талаптар.
25.3.1. Терезелердин жана витриналардын түзүлүшүнүн жана жабдылышынын негизги элементтери:
- архитектуралык терезелер;
- терезелерди архитектуралык жактан жасалгалоо (капталдар, пластинкалар, деталдар, жасалгалоочу элементтер);
- терезе жана витрина түзүлүштөрү (терезе жана витрина блоктору, терезе тосмолору);
- айнектөө, тунук бөлүгүн толтуруу;
- терезе текчелери, суу бургуч түзүлуштөрү.
25.3.2. Терезелердин жана витриналардын түзүлүшүнүн жана жабдылышынын кошумча элементтери:
- коргоочу түзүлүштөр (тор, экран, жалюзи);
- витрина тосмолору;
- терезе чуңкурлары (жертөлөнүн жана биринчи кабаттын терезелери үчүн);
- кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын тышкы блоктору;
- маркиздер;
- витриналарды жасалгалоо;
- көркөм жарыктандыруу;
- жашылдандыруу.
- Терезелердин жана витриналардын түзүлүшүнө жана жабдылышына коюлган жалпы талаптар:
- фасаддын жалпы архитектуралык жана түс түзүлүшүнө ылайык комплекстүү мүнөз;
- оңдоо, куроо, жасалгалоо жумуштарынын, колдонулган материалдардын жана түзүлүштөрдүн талаптагыдай сапаты;
- элементтердин жана түзүлүштөрдүн ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;
- фасаддын техникалык абалын жана сырткы көрүнүшүн бузбастан орнотуу жана эксплуатациялоо;
- терезелерди жана витриналарды талаптагыдай абалда сактоо.
25.3.3. Терезелерди жана витриналарды орнотуу жана жабдуу ченемдик актылардын, курулуш эрежелеринин жана ченемдеринин талаптарын эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш.
25.3.4. Жантаймаларды сырдоо, жасалгалоо имараттын фасадынын паспортунда белгиленген фасаддын жасалгасынын түсүнө жана жалпы мүнөзүнө ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
25.3.5. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- жантаймаларды жана пластинкаларды сырдоо жана каптоо, имараттын фасадынын паспортунда белгиленген фасаддын түсүнө жана жасалгасына туура келбеген терезенин тегерегин фрагменттүү сырдоо же каптоо;
- таш менен капталган беттерди сырдоо;
- жантаймалардын беттеринин жана жасалгасынын, терезенин архитектуралык жасалгалоо элементтеринин (пластинкалардын, профилдердин, жасалгалоочу элементтердин) бузулушу (4-сүрөттү кара).
25.3.6. Терезе блокторун оңдоодо жана алмаштырууда төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- имараттын фасадынын паспортуна туура келбеген түсүнүн, терезе тосмолорунун жана орнотмонун башка элементтеринин сүрөтүн жана калыңдыгын, терезелердин жана витриналардын жабдылышын өзгөртүүгө;
- имараттын фасадынын паспортунда витриналардын көрсөтүлгөн жайгашуусу белгиленген учурларды кошпогондо, фасаддын тегиздигине карата терезе блогунун ордун өзгөртүүгө, фасаддын тегиздигинен чыгып турган витриналарды орнотууга;
- фасаддын көрүнүшүн бузган, терезенин коробкасы менен оюктун ортосундагы көңдөйлөрдү сапатсыз жабууга.
25.3.7. Эски терезелерди заманбап терезе жана витрина түзүлүштөрүнө алмаштырууга имараттын фасадынын паспортуна ылайык фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүн (терезе тосмолорунун сүрөтүн жана калыңдыгын, материалдардын түсүн жана текстурасын кайра чыгарууну) эске алуу менен жол берилет.
25.3.8. Бул Эрежелердин 23-25-пункттарында белгиленген тартипте тунук эмес, караңгылатылган, күзгү, түстүү айнекти колдонууга жол берилет.
25.3.9. Туюк витриналарды орнотуу, айнектелген беттерди сырдоо жана пленка менен каптоо, айнек блокторго алмаштыруу, айнектин бетинин бууланышына жана конденсациянын пайда болушуна алып келе турган сапатсыз айнекти орнотуу, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнама түзүлүштөрүн жана терезелерин жана витриналарын толугу менен жаап турган башка маалыматтарды сырттан жайгаштырууга жол берилбейт.
25.3.10.Терезелер жана витриналар имараттын (курулманын) фасадынын паспортунун формасына ылайык терезе түзүлүшүнүн түсүнө же фасаддын негизги түсүнө боёлгон терезе текчелери, суу бургуч тутумдары менен жабдылышы керек.
25.3.11.Торлор имараттын фасадынын паспортуна ылайык жеке же типтүү долбоорлор боюнча жасалат.
Имараттын фасаддык паспортунда каралбаган торлорду орнотууга, ошондой эле имараттардын жана курулмалардын фасаддарына имараттын фасаддык паспортунда каралбаган торлорду алып жок кылууга жол берилбейт.
25.3.12. Имараттын фасаддык паспортунда каралбаган тышкы коргоочу экрандарды жана жалюзи орнотууга жол берилбейт.
25.3.13. Терезелердин архитектуралык деталдарына, фасаддын жасалгалоосуна, декоруна жана архитектуралык жасалгалоосуна зыян келтирүүчү торлорду, сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди орнотууга жана алып жок кылууга жол берилбейт.
25.3.14. Имараттардын алдыңкы фасаддарына сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди жана аларды витриналарга орнотууга (ички суурулма түзүлүштөрдү кошпогондо) жол берилбейт.
25.3.15. Торлордун, сырткы коргоочу экрандардын жана жалюзилердин түсү имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө, фасадында бирдей мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө ылайык келүүгө тийиш.
25.3.16. Витринанын тосмосун орнотууга, терезенин төмөнкү чектеринин бийиктиги жертамандын деңгээлинен 0,8 мден төмөн, фасаддын бетинен 0,3 мден ашпаган аралыкта (чуңкур жок болгон учурда) жол берилет.
25.3.17. Витриналык тосмолор имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө, фасадында бирдиктүү мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө ылайык келүүгө тийиш.
25.3.18. Жертөлө кабатынын терезелери үчүн чуңкурларды тротуардын деңгээлинен ылдый, тротуардын минималдуу стандарттуу туурасын эсепке алуу менен фасаддын бетинен 0,8 мден ашпаган аралыкта жайгашкан жерде орнотууга жол берилет (6-сүрөттү кара).
25.3.19. Чуңкурлар бийиктиги 0,4-1,0 м металл тор менен капталган бордюр түрүндөгү тосмосу же металл тосмосу, орнотулган суу бургуч түзүлүшү болушу керек, ошондой эле мезгил-мезгили менен тазалоо мүмкүнчүлүгү менен таштандылардан корголушу зарыл (7-сүрөттү кара).
25.3.20. Чуңкурлар имараттын фасадынын паспортуна туура келип, бирдиктүү мүнөзгө ээ болуп, фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө, жасалгалоочу материалдарга, түсүнө ылайык келиши керек.
25.3.21. Кондиционер жана вентиляция тутумдарынын сырткы блокторун жайгаштырууга ушул Эрежелердин "Фасаддарды кошумча жабдуу" бөлүмүндө белгиленген талаптарга ылайык жол берилет.
25.3.22. Маркиздерди жайгаштыруунун шарты бир маркиздин коюлушу бир эшикке же бир терезеге туура келиши болуп саналат.
Маркиздерди бардык эшик менен терезелердин жана витриналардын үстүнөн коюуга жол берилет.
25.3.23. Маркиздерди экинчи кабаттын терезелеринин түбүнөн жогору эмес жерден жайгаштырууга жол берилет. Чатырдын төмөнкү чети тротуардын бетинен бийиктиги 2,5 мден кем эмес жерден жайгаштырылат. Чатырлар терезенин жана эшиктин аянтынын 30 %дан ашпоого тийиш (8- сүрөттү кара).
25.3.24. Маркиздерди фасадга жайгаштыруу бирдиктүү, ирээттүү мүнөздө болуп, эшик-терезелеринин габариттерине жана контурларына туура келип, архитектуралык деталдарды, декорду, жасалгалоонун баалуу элементтерин, даректүү белгилерин визуалдык жактан кабыл алууну начарлатпашы керек.
25.3.25. Архитектуралык деталдарга, декоративдик элементтерге, баалуу жана көркөм жасалгалоо беттерине маркиздерди имараттын фасадында ар кандай бийиктикте орнотууга жол берилбейт (9-сүрөттү кара).
25.3.26. Маркиздердин түсү имараттын фасадынын паспортунун формасында каралган фасаддын түсүнө шайкеш келиши керек.
25.3.27. Витриналарды жасалгалоо комплекстүү түрдө, бирдиктүү түстө жана жарыктандырууда болуп, жогорку сапаттагы көркөм жасалгаланып жана аткарылып, имараттын фасадынын паспортуна дал келүүгө тийиш.
25.3.28. Маркиздерге жана витриналарга жарнама түзүлүштөрүн жайгаштырууга коюлган талаптарга ылайык колдонуудагы мыйзамдарда каралган уруксат документтер болгон учурда жана ушул Эрежелерде белгиленген тартипти жана талаптарды сактоо шартында жол берилет.
25.3.29. Терезелерди жана витриналарды тиешелүү мезгилде жашылдандыруу фасаддын архитектуралык жасалгалоосун жана техникалык абалын бузбастан, ирээттүү түрдө жайгаштырылып, ишенимдүү бекитүүчү конструкцияга ээ болушу керек.
Жашылдандыруу элементтерин жайгаштыруу жана анын сырткы көрүнүшү фасаддын эстетикалык жагымдуулугуна өбөлгө түзүп, аны жабдуу жана жасалгалоо боюнча комплекстүү камсыздалышы зарыл. Жашылдандыруу элементтерин орнотууда архитектуралык беттердин тиешелүү гидроизоляциясы жана корголуусу камсыз болууга тийиш.
25.3.30. Имараттар менен курулмалардын менчик ээлери жана тиешелүү милдеттер жүктөлгөн башка адамдар терезелердин жана витриналардын айнектерин жана жабдуулардын элементтерин үзгүлтүксүз тазалоону, терезелерди жана витриналарды күнүмдүк жана техникалык жактан оңдолушун камсыз кылышат.
Кире бериштерди орнотуу жана жабдуулар.
26. Жалпы жоболор.
26.1. Кире бериш түзүлүштөрүнө, жабдууларына жана алардын жасалгаланышына коюлган талаптар төмөнкүлөр менен аныкталат:
- имараттын фасадынын паспорту;
- имараттардын жана курулмалардын архитектуралык-көркөмдүк баалуулугу;
- бөлмөлөрдүн багыты, колдонуу мүнөздөмөсү;
- имараттардын жана курулмалардын негизги жүк көтөрүүчү түзүлүштөрүнүн техникалык абалы.
26.2. Кире бериш түзүлүштөрүн жеке жабдуу жана жасалгалоо ушул Эрежелердин 21- жана 22-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
26.3. Кире бериш түзүлүштөрүнүн жана эшиктеринин конструкциясын, жабдылышын өзгөртүү, алардын сырткы көрүнүшүн, түсүн өзгөртүү, кире бериш топторун жоюу, габариттерин жана конфигурациясын өзгөртүү, эшиктерди орнотуу, эшик конструкцияларын, чатырларды жана жабдуулардын башка элементтерин, тепкичтерди жана чуңкурларды орнотуу менен байланышкан аракеттер ушул Эрежелердин 23-25-пункттары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
26.4. Кире бериш түзүлүштөрүнүн түрлөрү жана жайгашуусу.
26.4.1. Кире бериш түзүлүштөрүнүн түрлөрү жана жайгашуусу имараттын фасадынын паспорту, имараттын, курулманын планынын жана багытынын конструктивдүү тутуму менен аныкталат.
26.4.2. Кире бериш түзүлүштөрү жайгашкан орду боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- фасаддын алдыңкы бетинде жайгашкан;
- короо фасаддарында жайгашкан;
- биринчи кабаттын бөлмөлөрүндө;
- жер төлөө бөлмөлөрүндө.
26.4.3. Кире бериш түзүлүштөрүн имараттын фасадында жайгаштыруу, алардын габариттери, түзүлүшүнүн түрү жана сырткы көрүнүшү имараттын фасадынын паспортуна ылайык келиши керек.
26.4.4. Имараттардын жана курулмалардын фасадында кире бериш түзүлүштөрүн жайгаштыруу жана архитектуралык чечимдердин негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- фасадда жайгашуусунун бирдиктүү мүнөзү жана тартиби;
- фасаддын негизги композициялык окторуна байланышы;
- кирүүчү түзүлүштөрдү витриналар менен айкалыштыруунун мүмкүнчүлүгү.
26.4.5. Кошумча кире бериш түзүлүштөрүн жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү имараттын фасадынын паспортун, болмөлөрдүн планын, колдонулуп жаткан кире бериштердин жайгашкан жерин, ошондой эле анын
архитектуралык мүнөзүн бузбастан фасаддын кире беришинин жайгашуусунун максималдуу тыгыздыгын эске алуу менен фасаддын жалпы концепциясынын негизинде аныкталат.
26.4.6. Объекттин функционалдык багытын өзгөртүүдө (турак жайдан турак эмес жайга) бир кире бериш түзүлүшүн орнотууга жана жабдууга жол берилет, эгерде ал имаратты кайра пландаштыруу, профилин өзгөртүү же реконструкциялоо боюнча ушул Эрежелерде белгиленген талаптарды жана ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган документтердин курамында фасаддын архитектуралык чечимине ылайык келген шартта.
Өрт коопсуздугунун ченемдеринин талаптарын аткаруу үчүн ушул пунктта белгиленген башка талаптар аткарылган шартта эки кире бериш жерди орнотууга жол берилет. Имараттарды кайра пландаштыруу, профилин өзгөртүү же реконструкциялоо боюнча документтердин курамында фасаддын архитектуралык чечими имараттардын жана курулмалардын, жарнама түзүлүштөрүнүн имараттын фасадынын паспортуна ылайык келген бүтүндөй имараттын фасады үчүн учурдагы кире бериштерди, витриналарды, фасаддардын маалымат элементтерин жана түзүлүштөрүн эске алуу менен ишке ашырылат.
26.4.7. Кире бериш түзүлүштөрүн фасаддын композициясына зыян келтире турган, имараттын фасадынын паспорту менен аныкталган түрүнө жана жайгашкан ордуна карабастан, жайгаштырууга, габариттерин жана конфигурациясын өзгөртүүгө, кошумча кире бериштерди орнотууга же барларын жоюуга жол берилбейт.
26.4.8. Имараттардын жана курулмалардын фасадындагы имараттын фасадынын долбоорунда жана паспортунда каралган кире бериштердин архитектуралык чечими жана композициялык баалуулугу сакталууга тийиш. Башка кире бериш түзүлүштөрүнүн жайгашкан жери, түзүлүшүнүн мүнөзү жана жабдуулары имараттын фасадынын долбоорунда жана паспортунда каралган фасаддагы кире бериштердин композициялык ролун бузбашы керек.
26.4.9. Имараттын алдыңкы фасадына кире бериш түзүлүштөрүн жайгаштыруу фасаддын архитектуралык композициясын максималдуу принцибин сактоо менен имараттын, курулманын ички мейкиндигинин, түзүлүшүнүн эсебинен, кызыл сызык жана калыптанган курулуш сызыгына ылайык ишке ашырылууга тийиш.
26.4.10. Кире бериш түзүлүштөрдү алардын фасаддын архитектуралык долбоорунун негизинде кызыл сызыктардын чектеринде, тротуарлардын, жолдордун жана жашыл аймактардын сыртында жайгаштырылган шартта, ушул Эрежелерде белгиленген талаптарды жана ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылып, имараттын же курулманын ички мейкиндигинен тышкары орнотууга жол берилет.
Фасаддын көрсөтүлгөн архитектуралык чечими бүтүндөй имараттын фасады үчүн, имараттардын жана курулмалардын имараттын фасадынын паспортуна туура келген фасаддарынын учурдагы кире бериштерин, витриналарын, маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнама түзүлүштөрүн эске алуу менен ишке ашырылат.
26.4.11. Негизги бош дубалдарга жана брандмауэрлерге кире бериш түзүлүштөрүн курууга зарыл долбоордук негиздемелер жана ушул бөлүмдө каралган учурда жол берилет.
26.4.12. Көп кабаттуу үйдө жайгашкан, көчөдөн түздөн-түз турак жайга кирген өзүнчө кире беришти курууга уруксат берилбейт.
26.4.13. Имараттын же курулманын алдыңкы фасадында жертөлө кабатынын болмөлөрүнө кире бериштерди уюштурууну фасаддын архитектуралык курамын максималдуу сактоо принциби менен имараттын же курулманын ички мейкиндигин пайдалануу менен ишке ашырылышы керек.
Имараттын же курулманын каптал фасадында жертөлө кабатынын бөлмөлөрүнө кире бериш түзүлүштөрүн орнотууга болот, фасаддын архитектуралык курамынын жана жөө адамдар өтүүчү тротуардын жана өрткө каршы өтмөктүн туурасынын минималдуу аралыгын сактоо принциби менен зарыл болгон долбоордук негиздемелер болуп, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келген учурда. Жертөлөдөгү же цоколь кабатындагы бөлмөлөрдүн кире бериштери бүт фасад боюнча бирдиктүү чечимге ээ болушу керек, биринчи кабаттын кире бериштери менен шайкеш жайгашуусу, имараттын фасадынын паспортуна ылайык келиши, жөө адамдардын жана транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук кылбоого тийиш.
26.4.14. Биринчи кабаттан жогору, терезе жана эшиктердин үстүндө же болгон терезе жана эшиктердин деңгээлинен жогору жайгашкан кире бериш түзүлүштөрүн орнотууга жол берилбейт (10-сүрөттү кара).
26.4.15. Бардык кире бериш түзүлүштөр бүт фасад бою бирдиктүү архитектуралык чечимге ээ болуп, ырааттуу жайгашып, фасаддын архитектуралык композициясын бузбай, жөө адамдардын жана транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоол болбошу керек.
26.4.16. Соода жана тейлөө объектилеринин кире бериштери көрсөтүлгөн объектке тиешелүү фасаддын бөлүгү жарнамалык жана маалыматтык жасалгалоо менен витриналарды жайгаштыруу жана жасалгалоо бирдей комплексте чечилиши керек.
Соода жана тейлөө объектисине тиешелүү фасаддын бөлүгү үчүн комплекстүү чечим имараттын фасадынын паспорту менен аныкталган фасаддын жалпы композициясына ылайык келиши керек.
26.4.17. Жайларды пайдалануунун мүнөзүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу имараттардын жана курулмалардын биринчи кабатынын кире
бериштерин алардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын жеке мүнөздөмөлөрүн (эшик, чатыр, баскыч) өзгөртүү менен ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен ушул Эрежелердин 23-25- пункттарында белгиленген тартипте өзгөртүүгө жол берилет.
26.4.18. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган бөлмөлөрдү кайра пландаштыруу, профилин өзгөртүү же реконструкциялоо боюнча документтердин курамында фасаддын архитектуралык түзүмүнө ылайык келген шартта, ушул Эрежелерде белгиленген талаптарды жана ушул Эрежелердин "Терезелер жана витриналар" бөлүмүндө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен эшикти терезеге которууга жол берилет.
Бөлмөлөрдү кайра пландаштыруу, профилин өзгөртүү же реконструкциялоо боюнча документтердин бир бөлүгү катары фасаддын архитектуралык чечими бүтүндөй имараттын фасады үчүн имараттын фасадынын паспортуна туура келген, имараттардын жана курулмалардын фасаддары колдонуудагы кире бериштерди, витриналарды, имараттардын жана курулмалардын маалыматтык элементтерин, жарнама түзүлүштөрүн эске алуу менен ишке ашырылат.
26.5. Кире бериш түзүлүштөрүнүн орнотулушуна жана жабдылышына коюлуучу талаптар.
26.5.1. Кире бериш түзүлүштөрүнүн орнотулушунун жана жабдылышынын негизги элементтери:
- кире бериштердин архитектуралык оюгу;
- кире бериштерди архитектуралык жасалгалоо (жантаймалар, пластиналар, деталдар, декор элементтери);
- эшик толуктагычтар;
- чатырлар;
- баскычтар, тепкичтер, босого;
- чуңкурлар (жертөлө бөлмөлөрүнө кире бериштер үчүн);
- жарыктандыруу.
26.5.2. Кире бериш түзүлүштөрүнүн орнотулушунун жана жабдылышынын кошумча элементтери:
- коргоочу түзүлүштөр (тор, экрандар, жалюзи);
- багыттоочу маалымат элементтери (көрнөктөр, кире бериштердин, тепкичтердин, батирлердин номуру көрсөтүлгөн табличкалар).
26.5.3. Кире бериш түзүлүштөрүнүн орнотулушу жана жабдылышы имараттын фасадынын паспортуна ылайык бирдиктүү мүнөздө болууга тийиш.
26.5.4. Кире бериш түзүлүштөрүн орнотууга жана жабдууга коюлган жалпы талаптар:
- фасаддын жалпы архитектуралык жана түс чечимине ылайык комплекстүү мүнөзү;
- оңдоо, куроо, жасалгалоо иштеринин, колдонулуучу материалдардын жана түзүлүштөрдүн тийиштүү сапаты;
19 элементтердин жана түзүлүштөрдүн ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;
- фасаддын техникалык абалын жана сырткы көрүнүшүн, жөө адамдардын жана транспорттук кыймылынын ыңгайлуулугун жана коопсуздугун бузбастан, орнотуу жана эксплуатациялоо.
26.5.5. Кире бериш түзүлүштөрдү орнотуу жана жабдуу ченемдик укуктук актылардын, курулуш эрежелеринин жана ченемдеринин талаптарын эске алуу менен ишке ашырылууга тийиш.
26.5.6. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:
- имараттын фасадынын паспортунда белгиленген фасаддын түсүнө жана жасалгалоосуна туура келбеген жантаймаларды жана пластиналарды сырдоо, фрагменттүү сырдоо, кире бериштин айланасындагы фасаддын бөлүгүн каптоо;
- таш менен капталган беттерди сырдоо;
- жантайыңкы беттерди керамикалык плитка менен каптоо;
- беттердин бузулушу жана жантаймалардын жасалгаланышы, эшик- терезелеринин архитектуралык жасалгаланышынын элементтери (кошумча рама, профилдер, декор элементтери) (11-сүрөттү кара).
26.5.7. Эшиктерди орнотууда, оңдоодо жана алмашытрууда жол берилбейт:
- имараттардын жана курулмалардын алдыңкы фасаддарына негизги металл панелдерди орнотуу;
- имараттын (курулманын) фасадынын паспортуна, фасаддагы башка кире бериштердин мүнөзүнө жана түсүнө туура келбеген эшиктерди орнотуу;
- фасаддын ичиндеги эшик, терезе жана витрина түзүлүштөрүнүн ар кандай түстөрү;
- кире бериште витриналар менен айкалышкан негизги эшик панелдерин орнотуу;
- фасаддын тегиздигине карата эшик блогунун ордун өзгөртүү;
- ушул Эрежелердин 5.2.10-пунктунда белгиленген учурларды кошпогондо, фасаддын тегиздигинен чыгып турган кире бериштерди орнотуу (12-сүрөттү кара).
26.5.8. Имараттын фасадынын паспортуна ылайык эски эшикти заманбап эшикке алмаштырууга жол берилет.
26.5.9. Чатырлар имараттын фасадынын паспортуна ылайык жеке жана типтүү долбоорлор боюнча даярдалат.
26.5.10. Имараттын фасадынын паспортунда каралган имараттардын жана курулмалардын фасадында чатырларды жок кылууга жана имараттын фасадынын паспортунда каралбаган, имараттын фасадында анын сырткы көрүнүшүн бузган, колдонуунун коопсуздук талаптарына жооп бербеген чатырларды орнотууга жол берилбейт.
26.5.11. Турак жайлардын терезелеринин астына бириктирилген жерде чатырдын деңгээли имараттын негизги бөлүгүндөгү турак (турак эмес) жайлардын үстүндөгү жертамандын деңгээлинен жогору болбогон учурда чатырларды жана тенттерди орнотууга жол берилет.
26.5.12. Баскычтардын, тепкичтердин, кире бериштердин жана чуңкурлардын орнотулушу ченемдик талаптарга жооп берип, колдонуунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Түзүлүштүн мүнөзү, материалдары, түсү имараттын фасадынын паспортуна ылайык келиши керек.
26.5.13. Короолордун фасаддарында жер астындагы инженердик тармактардын аймагынан тышкары жерде тротуардын жана жолдун ченемдик туурасын эске алуу менен жертөлө кабатындагы жайларга чуңкурлары бар кире бериштерди курууга жол берилет.
26.5.14. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жана имараттарга жана курулмаларга тепкичтер аркылуу кирүү кыйын болгон башка адамдардын имараттарга жана курулмаларга кирүүсүн камсыз кылуу үчүн имараттарга жана курулмаларга кире бериштер пандустар жана кармагычтар менен жабдылышы керек.
26.5.15. Деңгээлдердин айырмасы 0,4 мден ашык болсо, тосмо талап кылынат. Фасаддын тосмолорунун мүнөзү бирдиктүү стилге ээ болууга жана имараттын фасадынын паспортуна, металл жасалгалоосунун башка элементтерине жана жабдууларына ылайык келүүгө тийиш. Жылчыгы жок тосмолорду орнотууга жол берилбейт.
26.5.16. Баскычтардын үстү быдыракай болушу керек жана жылдын кайсы убагында болбосун тайгалак болбошу керек. Адамдар үчүн коркунуч туудурган материалдарды жана түзүлүштөрдү колдонууга жол берилбейт.
Баскычтарды жылтыратылган плиткалар же жылмаланган таштар менен каптоого, баскычтардын бети тайып кетүүснү алдын алуу үчүн атайын иштетилген же 0,8 мден кем эмес баскычтардын туурасы үчүн бекитилген резина килемчелер менен жабылган шартта жол берилет.
26.5.17. Короонун фасаддарында, алар көчөдөн көрүнбөгөн шартта, металл тепкичтерди жана кире бериштерди ар кандай тегиздикте көрүнгөн (ачык) таяныч элементтери менен орнотууга жол берилет.
Металл тепкичтер жана кире бериштер ар кандай тегиздиктеги таяныч конструкциялык элементтери менен кооздолгон элементтер менен жабылып, бирдиктүү стилге ээ болууга жана имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө тийиш.
26.5.18. Алдыңкы фасаддардын кире бериш түзүлүштөрүнө тышкы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди (ички жылма түзүлүштөрдү кошпогондо) коюуга жол берилбейт.
26.5.19. Короо фасадынын биринчи кабатындагы турак эмес жайлардын кире беришинде тышкы коргоочу экрандарды жана жалюзи орнотууга уруксат берилет.
26.5.20. Сырткы коргоочу экрандардын жана жалюзилердин түсү имараттын фасадынын паспортуна шайкеш келип, фасады бирдиктүү мүнөзгө ээ болуп, фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө ылайык келиши керек.
26.5.21. Архитектуралык деталдарга, жасалгалоосуна, фасаддын декоруна, эшик-терезелердин архитектуралык жасалгалоосуна зыян келтирүүчү сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзилерди орнотууга жана жок кылууга жол берилбейт.
26.5.22. Кире беришти жарыктандыруу архитектуралык долбоордун бир бөлүгү катары каралышы керек жана имараттын фасадынын паспортуна ылайык келиши керек.
Кире бериштерди жарыктандырууну уюштурууда фасаддын көркөм жарык берүү тутуму (эгерде бар болсо) эске алынышы керек.
26.5.23. Кире бериштерди мезгилдүү жашылдандыруу жер, дубал жана асма орнотмолорду колдонуу менен жүргүзүлөт.
Дубалга орнотулган жана илинип турган түзүлүштөр фасаддын техникалык абалын бузбастан, жайгаштырылып, ишенимдүү бекитүүчү түзүлүшкө ээ болушу керек. Жашылдандыруу элементтерин жайгаштыруу жана алардын сырткы көрүнүшү фасаддын эстетикалык жагымдуулугуна өбөлгө түзүп, анын жабдылышы жана жасалгаланышы боюнча комплекстүү чечимди камсыз кылууга тийиш. Жашылдандырууну орнотууда тиешелүү гидроизоляция жана архитектуралык беттердин корголушу камсыз кылынууга тийиш.
26.5.24. Кире бериш түзүлүштөрдүн жана жабдуулардын элементтерин алмаштырууда, оңдоодо, эксплуатациялоодо ушул Эрежелердин 23-25- пункттарында белгиленген тартипте, ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен алардын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилет.
Балкондор жана ложиялар.
27. Жалпы жоболор.
27.1. Балкондорду жана ложияларды орнотууга, жабдууга жана жасалгалоого коюлга талаптар төмөнкүлөр менен негизделет:
- имараттын (курулманын) фасадынын паспорту;
- имараттардын жана курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу;
- имарттын, курулманын негизги көтөрүүчү түзүлүштөрүнүн техникалык абалы.
27.2. Балкондорду жана ложияларды орнотууга жана сырткы көрүнүшүн өзгөртүүгө байланыштуу иш-чаралар (айнектөө, тосмолорду оңдоо же алмаштыруу, түсүнүн өңү) ушул Эрежелердин 23-25-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
27.3. Балкондордун жана ложиялардын түрлөрү жана жайгашуусу, жок болгон балкондорду жана ложияларды калыбына келтирүү, тосмонун түзүлүшү имараттын фасадынын паспорту, имараттын же курулманын долбоордо каралган конструкциялык тутуму менен аныкталат.
27.4. Жайгашкан орду боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- алдыңкы фасаддын балкондору жана ложиялары;
- короо фасадынын балкондору жана ложиялары;
- биринчи кабаттын ложиялары;
- мансарда балкондору жана ложиялары.
27.5. Фасаддагы балкондордун жана ложиялардын архитектуралык чечиминин негизги принциптери:
- фасаддын (фасаддардын) бүт бетиндеги бирдиктүү композиция;
- кабат-кабат менен топтоо (фасадды кабатка бөлүү менен бирдиктүү композиция);
- тикелей топтоо (тике ички коммуникациялардын жайгаштырылышына ылайык бирдиктүү композиция);
- фасадды (фасаддардын бөлүгүн) толук бойдон айнектөө.
27.6. Балкондордун жана ложиялардын жабдылышы жана жасалгаланышы, алардын айнектелиши жана түсү имараттын фасадынын паспортуна ылайык келиши керек.
27.7. Өз алдынча айнектөө жана габариттерин өзгөртүү, түсүн өзгөртүү, тосмолордун сүрөтүн жана балкондорду жана ложияларды орнотуунун жана жабдуунун башка элементтерин, имараттын фасадынын паспорту менен аныкталган фасаддын курамын бузууга алып келе турган жаңы балкондорду жана ложияларды орнотууга же эскилерин жок кылууга жол берилбейт.
28.8 Имараттарды жана курулмаларды реконструкциялоонун, капиталдык оңдоонун алкагында фасадды кайра жаңыртуу зарылдыгы менен негизделген балкондорду жана лоджияларды өзгөртүүгө курулуш ченемдерине жана ушул Эрежелерди эске алуу менен фасад боюнча бирдиктүү комплекстүү чечим кабыл алынган учурда жол берилет.
28.9. Балкондорду жана ложияларды кайра орнотууга ушул Эрежелердин 23-25-пункттарында белгиленген талаптарды эске алуу менен шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган менен макулдашып, кайра орнотуу же реконструкциялоо боюнча документтер сакталган шартта жол берилет.
28.10. Имараттын бөлмөлөрүн пайдалануу мүнөзүнүн функционалдык арналышынын өзгөрүшүнө байланыштуу имараттардын жана курулмалардын биринчи кабатынын ложияларын фасад үчүн бирдиктүү комплекстүү чечимди сактоо шартына алардын түзүлүшүнүн жана жабдууларынын жеке мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен реконструкциялоого ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен жол берилет.
28.11. Балкондорду жана ложияларды орнотуу жана жабдуу.
28.11.1 Балкондорду жана ложияларды орнотуунун жана жабдуунун элементтери:
- архитектуралык эшик-терезелери;
- томсолор;
- эшик-терезелерди архитектуралык жаслгалоо;
- айнектөө түзүлүштөрү;
- тикелей жашылдандыруу түзүлүштөрү.
28.11.2. Балкондорду жана ложияларды жабдуунун жана жасалгалоонун кошумча элементтери:
- декоративдүү торлор;
- коргоочу торлор;
- тосмолор;
- кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын сырткы блоктору;
- маркиздер;
- көркөм жарыктандыруу;
- жашылдандыруу.
28.11.3. Балкондорду жана ложияларды орнотуунун жана жабдуунун жалпы талаптары:
- фасаддын жалпы архитектурасына жана түсүнө жараша комплекстүү чечим;
- оңдоо, куроо, жасалгалоо жумуштарынын жогорку сапаты,
- колдонулган материалдар жана конструкциялар;
- элекменттердин жана түзүлүштөрдүн ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;
- фасаддын техникалык абалы жана сырткы көрүнүшү үчүн зыянсыз орнотуу жана эксплуатациялоо;
- тиешелүү абалда кармоо.
28.11.4. Фасаддын архитектуралык көрүнүшүнүн биримдигинин көз карашынан алып караганда, балкондорду жана ложияларды орнотуунун жана жабдуунун эң маанилүү мүнөздөмөлөрү:
- терезе-эшиктердин архитектуралык формасы;
- терезе жана витрина түзүлүштөрүнүн түсү;
- байламалардын сүрөтү;
- терезе түзүлүштөрүнүн профилинин туурасы, анын айнектелген тегиздикке болгон катышы;
- жантаймаларды жасалгалоо жана сырдоо;
- терезе жана витрина түзүлүштөрүнүн материалы.
28.11.5. Жол берилбейт:
- эшик-терезелердин архитектуралык формаларын каалагандай өзгөртүү;
- тосмолордун көрүнүшүн каалагандай өзгөртүү (түсү, сүрөтү, тунугу);
- айнектөө, тосмо түзүлүштөрдү орнотуу, фасаддын бир бөлүгүнүн архитектуралык дизайнын өзгөртүү менен балкондорду жана ложияларды уруксатсыз реконструкциялоо;
- балкондун же ложиянын ичиндеги фасаддын бир бөлүгүн фрагменттүү сырдоо же каптоо (13-сүрөттү кара).
28.11.6. Имараттын жана курулманын ишенимдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун конструктивдик жана башка мүнөздөмөлөрүнө таасир этүүчү балкондорду жана ложияларды реконструкциялоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте экспертизадан өткөн, макулдашылган долбоордук документтердин негизинде жол берилет.
28.11.7. Балкондорду жана ложияларды орнотуунун жана жабдуунун кошумча элементтерин коюу ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
28.12. Балкондорду жана ложияларды эксплуатациялоонун эрежелери.
28.12.1. Имараттар менен курулмалардын менчик ээлери жана тийиштүү милдеттер жүктөлгөн башка адамдар жабдуулардын элементтерин үзгүлтүксүз тазалоону, балкондорду, ложияларды жана тосмо түзүлүштөрүн күнүмдүк оңдоону камсыз кылууга милдеттүү.
28.12.2. Балкондордун жана ложиялардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын элементтерин алмаштырууда, оңдоодо же эксплуатациялоодо алардын имараттын фасадынын паспортунда белгиленген мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилбейт.
Фасаддардын кошумча жабдуулары.
28. Жалпы жоболор.
29.1 Фасаддардын кошумча жабдуулары имараттардын жана курулмалардын ички эксплуатациясын техникалык камсыз кылуу тутумдары жана фасаддарга орнотулган жабдуулардын элементтери болуп саналат.
29.2. Фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштырууга коюлган талаптар төмөнкүлөр менен негизделет:
- имараттын фасадынын паспорту;
- имараттардын жана курулмалардын архитектуралык-көркөмдүк баалуулугу;
- имараттардын жана курулмалардын негизги көтөрүүчү түзүлүшүнүн имараттардын жана курулмалардын техникалык абалы.
29.3. Фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштыруу менен байланышкан аракеттери имараттын фасадынын паспортуна дал келиши керек.
29.4. Фасаддын кошумча жабдууларынын түрлөрү:
а) имараттардын ички техникалык камсыз кылуу тутумдары:
- кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын сырткы блоктору;
- антенналар;
б) шаардык жабдуу:
- почта жащиктери;
- таксофондор;
- банкоматтар жана төлөм терминалдары;
- сааттар;
в) техникалык жабдуу:
- сырткы байкоо видеокамералары;
- шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу электр транспортунун кыймылын камсыз кылуу, шаардын аймагын жарыктандыруу, кабелдик линиялар, дубал электр щиттери, фасадды көркөм жарыктандыруу тутумдары үчүн жабдуулар.
29.5. Фасаддардын кошумча жабдуулары бирдейлешкен сырткы көрүнүшкө жана тажрыйбалык багытка ээ болушу керек.
29.6. Фасаддын кошумча жабдууларынын курамы жана жайгаштыруу ордулары фасаддын архитектуралык көрүнүшү жана жасалгаланышы менен байланышта болушу керек.
29.7. Фасаддын кошумча жабдууларын жайгаштыруунун талаптары.
29.7.1. Имараттардын жана курулмалардын фасадынын кошумча жабдууларын жайгаштырууга кошумча талаптар:
- имараттын фасадынын паспортунда көрсөтүлгөн жерлерге фасаддардын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбестен жайгаштыруу;
- архитектуралык беттер менен минималдуу байланыш, рационалдуу долбоорлоо жана бекиткичтердин даярдалышы, стандарттуу бекитүүчү түзүлүштөрдү колдонуу;
- адам үчүн коопсуз;
- фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштыруунун комплекстүү чечими;
- жашоонун шарттарын, жөө адамдардын жана транспорттун кыймылын начарлатпай жайгаштыруу;
- эксплуатациялоонун жана тейлөөнүн ыңгайлуулугу.
29.7.2. Имараттардын ички эксплуатациясын техникалык камсыз кылуунун элементтерин жайгаштырууга бул Эрежелердин 31.7.5.-31.7.10- пункттарында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен төмөнкү талаптарды сактоо менен жол берилет:
- алдыңкы фасаддын бетинен сырткары жайгашытруу;
- техникалык түзүлүштөрдүн фасаддын бетине минималдуу чыгышы;
- түзүлүштөрдү компакттуу жайгаштыруу;
- сырткы блокторду, деталдарды жашыруу;
- бир катар элементтерди жалпы көтөрүүчү конструкцияда топтоо;
- фасадда бирдиктүү ок тутумуна байлоо.
29.7.3. Шаардык жабдуулар үчүн жайгашкан ордун тандоо төмөнкүлөр менен аныкталат:
- райондун, кварталдын, көчөнүн чектеринде жабдууларды жайгаштыруунун тармактык тутуму;
- жайгаштыруунун унификациясы;
- визуалдык жана физикалык жеткиликтүүлүгү, колдонуунун ыңгайлуулугу;
- имараттын фасадынын паспорту, кошумча жабдуунун башка элементтерин жайгаштыруу.
29.7.4. Техникалык жабдуу үчүн жайгаштыруу имараттын фасадынын паспортуна байланыштуу инженердик тармактарды орнотуу боюнча ченемдик талаптар менен аныкталат.
29.7.5. Кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын тышкы блокторун жайгаштырууга жол берилет:
- имараттардын жана курулмалардын чатырында (чатырдагы кондиционер ички аба өткөрүүчү каналдар менен) (14-сүрөттү кара);
- терезелердин жогорку бөлүгүндө, жертөлө кабатынын терезелеринде жашыруун тосмолорду колдонуу менен фасаддын бетине чыгарбастан (торлор, жалюзилер);
- көчөдөн көрүнбөгөндөй, короо фасаддарында, ирээттүү, фасаддагы октордун бирдиктүү тутумунда байлоо менен (15-сүрөттү кара);
- ложияларда жана балкондордо ложия менен балкондон чыкпастан –
өтө жашыруун жерлерде (16-сүрөттү кара);
- арканын ичинде жердин үстүнөн 3,0 мден кем эмес бийиктикте.
29.7.6. Дубалдагы диаметри 0,15 мге чейинки тешик аркылуу абаны чыгаруучу сырткы блоксуз кондиционерлөө жана желдетүү тутумун орнотууга чектөөлөрсүз жол берилет.
29.7.7. Кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын тышкы блокторун жайгаштырууга жол берилбейт:
- алдыңкы фасаддардын бетинде;
- көчөдөн көрүнгөн тегиздигинен чыкпай короо жана каптал фасаддарда (ложия жана балкондо жайгаштырууну эсепке албаганда);
- жөө адамдар жүрчү тротуарлардын үстүндө;
- жашыруун тосмолорду колдонбостон, фасаддын тегиздигинен чыгып турган терезелерде.
29.7.8. Антенналарды жайгаштырууга жол берилет:
- имараттардын жана курулмалардын чатырында – компакттуу ирээттүү топтор менен, бирдиктүү көтөрүүчү тутумун колдонуу менен (зарыл учурда – тосмону орнотуу менен);
- ложия жана балкондордо, ложия менен балкондун бетинен чыкпай –
өтө көрүнбөгөн жерлерде;
- короо фасаддарда, жабык дубалдарда, брандмауэрлерде, көчөдөн көрүнбөгөндөй;
- короолордун фасаддарында - фасаддагы октордун бирдиктүү тутумуна таянуу менен терезелердин ортосундагы тосмолордо;
- аз кабаттуу имараттарда - имараттардын жана курулмалардын көлөмдүк жана силуэттик мүнөздөмөлөрүн бузбастан, көрүнбөгөн жерлерде;
29.7.9. Антенналарды жайгаштырууга жол берилбейт:
- алдыңкы фасаддарда;
- жеке долбоор боюнча курулган жана шаардык ансамблде олуттуу орунду ээлеген заманбап имараттардын фасадында;
- экспрессивдүү силуэти бар имараттардын чатырында, имараттардын жана курулмалардын силуэт учтарында (мунаралар, куполдор), парапеттерде, чатырдын тосмолорунда, желдетүүчү түтүктөрдө;
- фасаддын бурчунда;
- балкондордун, ложиялардын тосмолорунда.
29.7.10. Кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын тышкы блоктору, антенналар ирээттүү түрдө, октордун бирдиктүү тутумуна таянуу
менен имараттын фасадынын паспорту менен аныкталган жерлерде, бир катар элементтерди жайгаштырууда стандарттуу бекитүүчү жана тосмо түзүлүштөрүн колдонуу менен жалпы колдоочу базада жайгаштырылышы керек (17-сүрөттү кара). Архитектуралык деталдарга, декоративдик элементтерге, баалуу архитектуралык жасалгалоо беттерине жайгаштырууга, ошондой эле архитектуралык беттердин бузулушуна алып келген бекиткичтерге жол берилбейт.
29.7.11. Сырткы байкоо камералары чатырлардын, калкаламанын, балкондордун, эркерлердин астына, ошондой эле фасаддын архитектуралык деталдары, декорлору жана баалуу жасалгалоочу элементтери жок жерлерине жайгаштырылат (18-сүрөттү кара).
29.7.12. Тышкы байкоо камераларын колонналарга, фронтондорго, карниздерге, пилястрларга, порталдарга, калкаламага жана балкондордун астына коюуга жол берилбейт (19-сүрөттү кара).
29.7.13. Почта жащиктери жана таксофондор эң жеткиликтүү жерлерде, фасаддын архитектуралык деталдары, декорациялары жана баалуу жасалгалоочу элементтери жок жерлеринде, тротуардын туурасы фасад менен чектеш аймакта 1,5 мден кем эмес жерде жайгаштырылат.
29.7.14. Почта жащиктерин жана таксофондорду аталган жерлерде жайгаштырууга жол берилбейт:
- архитектуралык-көркөм баалуулугу бар имараттардын жана курулмалардын фасаддарында;
- жөө адамдардын жана транспорт каражаттарынын жүрүшүнө тоскоол болгон жерлерде;
- турак-жай терезелерине жакын жерде;
- порталдарда, колонналарда жана фасаддын башка пластикалык элементтеринде.
29.7.15. Сааттар фасаддын көрүнөө тилкеси бар жерлерге жайгаштырылат:
- фасаддын бурчтук участокторунда биринчи же экинчи кабаттардын деңгээлинде консоль менен жабылган фасаддын башка консолдуу объектилеринен жана фасаддын чыгып турган элементтеринен (эркерлер, балкондор) кеминде 5,0 м аралыкта;
- имараттын кире беришинин үстүндө же жанында;
- эки дубалдын ортосундагы окторго ылайык консолдук объектилерди фасадга вертикалдуу координациялоо менен жайгаштыруу.
29.7.16. Банкоматтарды жана төлөм терминалдарын фасаддарга коюуга уруксат берилет:
- бирдиктүү тегиздик жана витринанын жалпы мүнөзү сакталган шартта, витринанын бүт көлөмүнө курулган;
- жалпы архитектуралык дизайнын жана эшик-терезелерди сактоо менен, кире бериш катары пайдаланылбаган шартта, нишага же эшиктин ичине курулган;
- фасаддарга орнотулган банкоматтар жана төлөм терминалдары эч кандай кошумча тосмолорсуз коюлушу керек (20-сүрөттү кара).
29.7.17. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу электр транспортунун кыймылын камсыздоо жана шаардын аймагын жарыктандыруу үчүн фасаддарга жабдууларды бекитүү фасаддын техникалык абалын жана сырткы көрүнүшүн бузбастан, ченемдик талаптардын негизинде ишке ашырылууга тийиш.
Көрсөтүлгөн жабдууларды архитектуралык деталдарга, декоративдик элементтерге жана фасадды жасалгалоого бекитүүгө жол берилбейт.
29.8. Фасаддын кошумча жабдууларынын сырткы көрүнүшүнө жана орнотууга талаптар.
29.8.1. Фасаддын кошумча жабдууларынын сырткы көрүнүшүнө жалпы талаптар:
- унификация;
- компакттык габариттер;
- заманбап техникалык чечимдерди колдонуу;
- жогорку декоративдик жана эксплуатациялык касиеттери бар материалдарды колдонуу.
29.8.2. Фасаддын кошумча жабдууларын даярдоо үчүн колдонулган материалдар климаттык шарттарды эске алуу менен жасалгалоо жана эксплуатациялоо касиеттерин өзгөртпөстөн, узак мөөнөткө туруштук берүүгө, коррозияга каршы узак мөөнөттүү туруктуулукка жана жеңил салмакка ээ болууга тийиш.
29.8.3. Фасаддын кошумча жабдууларын бекитүү үчүн конструкциялар архитектуралык беттери менен эң аз сандагы интерфейстерге ээ болушу керек, монтаждоо жана демонтаждоо жеңилдигин, эксплуатациялоонун коопсуздугун жана оңдоонун жеңилдигин камсыз кылышы керек. Өндүрүш технологиялары кошумча жабдуулардын механикалык стресске туруктуулугун камсыз кылууга тийиш.
29.8.4. Кондиционер жана желдетүү тутумдарынын жана техникалык жабдуулардын тышкы блоктору архитектуралык фонго (фасаддын түсү, айнектин күңүртү мүмкүн болушунча жакын, нейтралдуу түскө ээ болууга тийиш.
29.8.5. Дубалдын жарык жеринде же чатырда жайгашкан антенналар ачык түстө болушу керек. Караңгы дубалда жайгашкан антенналар архитектуралык беттин күңүртүнө жакын кара түскө ээ болушу керек (21- сүрөттү кара).
29.8.6. Фасаддын кошумча жабдууларын бекитүү үчүн конструкциялар фасаддын түсүнө жакын нейтралдуу түскө ээ болушу абзел.
29.9. Кошумча жабдууларды эксплуатациялоонун эрежелери.
29.9.1. Эксплуатациялоо процессинде кошумча жабдууларды талаптагыдай абалда кармап туруу, күнүмдүк оңдоо жана техникалык тейлөө, тазалоо иштери жүргүзүлүшү зарыл.
29.9.2. Фасаддын кошумча жабдууларын эксплуатациялоо фасаддын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбей, башкаларга ыңгайсыздык жаратпашы керек.
V. Фасаддардын сырткы көрүнүшүн жасалгалоону уюштуруу
29. Ушул Эрежелердин талаптарына жооп бербеген турак эмес имараттардын жана курулмалардын фасаддары ушул Эрежелер бекитилген күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде имараттын фасадынын паспортун даярдоо менен ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш.
30. Турак жайдын фасадына ушул Эрежелердин талаптарын бузуу менен орнотулган эшик же аркалар, кире бериштер, витриналар, биринчи жана экинчи кабаттардын терезелери, имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтери жана түзүлүштөрү, жарнама түзүлүштөрү ушул Эрежелер бекитилген күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде имараттын фасадынын паспортун даярдоо менен ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш.
31. Имараттын же курулманын фасадына колдонуудагы мыйзамдарда каралган уруксаты жок, маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштырууга карата талаптарды, ошондой эле ушул Эрежелердин талаптарын бузуу менен жайгаштырылган маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр демонтаждалууга жатат.
Демонтаждоо айыл аймактык жарнама жана маалымат маселелерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органы тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
32. Турак жайлардын терезелери, балкондору жана ложиялары, турак жайларды ички эксплуатациялоону техникалык камсыздоо тутумдары, ошондой эле ушул Эрежелер күчүнө киргенге чейин имараттардын жана курулмалардын фасадына орнотулган жана фасаддар үчүн кошумча жабдуулардын башка түрлөрү, колдонуудагы мыйзамдарга, ченемдерге жана техникалык регламенттерге ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген бул объекттерди пайдалануу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген учурларды кошпогондоушул Эрежелердин талаптарына жана имараттын фасадынын паспортуна ылайык келбеген имараттарды ушул Эрежелердин талаптарына жана имараттын фасадынын паспортуна ылайык келтирүүнүн мөөнөтүн белгилебестен пайдаланууга болот.
33. Ушул Эрежелердин 35-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ушул Эрежелердин жана имараттын фасадынын паспортунун талаптарына ылайык келбеген турак жай имараттарынын жана курулмаларынын фасаддары имаратты же курулманы реконструкциялоонун, капиталдык оңдоонун алкагында ушул Эрежелерде жана ушул Эрежелерде
белгиленген тартипте ушул Эрежелердин жана имараттын фасадынын паспортунун талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш. VI. Фасаддардын абалына контроль жүргүзүү
34. Фасаддарды күтүүгө карата берилген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Эрежелер менен белгиленген талаптардын сакталышын контролдоо:
- шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган;
- жарнама жана маалымат маселелерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган;
Эскертүү: 1-тиркеме графикалык материал ушул Эрежелердин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. VII. Маалыматтык түзүлүштөр. Маалыматтык түзүлүштөрдүн түрлөрү жана жайгаштыруунун эрежелери.
35. Маалыматтык түзүлүштөр – жарнаманы кошпогондо, маалыматты жайылтуу үчүн арналган түзүлүштөр, курулмалар, техникалык түзүлүштөр, көркөм элементтер жана башка маалымат каражаттары.
Бул Эрежелер маалыматтык түзүлүштөрдүн төмөнкү түрлөрүн аныктайт:
35.1. Көрнөк - имараттын, курулманын, курулуштун фасадында жана стационардык эмес соода объектилеринде, жеке жана юридикалык жактардын жүргүзгөн же иштеген жеринде жайгашкан, компаниянын логотибин жана аталышын камтыган ири маалыматтык түзүлүш (22-сүрөттү кара).
Көрнөк ишмердүүлүктүн профилин көрсөтүү менен жеке жактын маалыматтары же юридикалык жактын аталышы жөнүндө белгисиз чөйрөдөгү жактарды маалымдоого арналат. Дубал түзүлүштөрү имараттын кире беришинин же бөлмөлөрдүн терезелеринин (витриналарынын) үстүндө, фасаддын ичинде орнотулган башка дубал түзүлүштөрү менен бирдиктүү горизонталдык огунда, биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы шып сызыгынын деңгээлинде же көрсөтүлгөн сызыктан төмөн жайгаштырылат (23-сүрөттү кара). Эгерде бөлмөлөр объектилердин жертөлө же биринчи кабаттарында жайгашса жана ушул пункттун биринчи абзацынын талаптарына ылайык маалыматтык түзүлүштөрдү (көрнөктү) коюу мүмкүнчүлүгү жок болсо, көрнөк жер төлөнүн же цоколь кабаттарынын терезелеринин үстүнө, бирок жердин деңгээлинен дубал түзүлүшүнүн төмөнкү четине чейин 0,60 мден кем эмес жерде коюлушу мүмкүн. Мында көрнөк фасаддын тегиздигинен 0,20 мден ашык чыкпоого тийиш (24-сүрөттү кара). Маалыматтык түзүлүштөрдүн максималдуу өлчөмү (эшиктердеги табличкалар) төмөнкүдөн ашпашы керек (25-сүрөттү кара):
- бийиктиги боюнча - 0,40 м;
- узундугу боюнча - 0,30 м.
Имараттардын, курулуштардын, курулмалардын сырткы беттеринде уюмдар, жеке ишкелер жайгаштырган дубал түзүлүштөрүнүн максималдуу өлчөмү төмөнкүдөн ашпашы керек:
- бийиктиги боюнча - 0,50 м, дубал көрнөгүн фризде жайгаштырган учурду кошпогондо;
- узундугу боюнча - бул уюмдар жана жеке ишкерлер ээлеген жайларга туура келген фасаддын узундугунун 70 пайызы, бирок бирдиктүү конструкция үчүн 15 мден ашык эмес;
- бирдей өз ара байланышкан элементтердин (маалымат талаасы (тексттик бөлүк) жана декоративдик-көркөм элементтер) комплекси түрүндөгү дубал түзүлүшүн фасаддын узундугунун 70 пайызынын чегинде жайгаштырууда көрсөтүлгөн элементтердин ар биринин узундугунун максималдуу өлчөмү 10 мден ашпоого тийиш.
Дубал түзүлүшүнүн элементтеринин четки чекити фасаддын тегиздигинен 0,20 мден ашык аралыкта болбошу керек (26-сүрөттү кара). Жантайма чатырды туураган жана фасаддын бир бөлүгүнүн аягы болуп саналган фасаддын элементиндеги дубал түзүлүшүн коюуда, бул түзүлүштүн бийиктиги көрсөтүлгөн элементтин тегиздикке карата горизонталдык проекциясынын 70 пайызынан ашпоого тийиш жана бийиктиги боюнча 1 мден ашпоого тийиш. Газ менен жабдуу жана (же) дренаждык тутумдардын (дренаждык түтүктөрдүн) элементтери орнотулган жерде имараттын, курулуштун же курулманын сырткы беттеринде көрнөк жайгашса, дубал түзүлүштөрүн жайгаштыруу бул тутумдардын коопсуздугун сактоо шарты менен жүргүзүлөт. Объекттин бир фасадына бир убакта бир нече уюмдардын көрнөктөрү жайгаштырылганда, бул уюмдардын көрнөктөрү бир горизонталдык тегиздикте (бир деңгээлде, бийиктикте) бир бийиктеги катарга жайгаштырылат. Эгерде объектинин фасадында фриз бар болсо, дубалдын түзүлүшү фризде жайгаштырылууга уруксат берилген дубал көрнөгүнүн фризинде гана көлөмдү символдор катары (субстратты колдонуу менен же колдонбостон) жайгаштырылат (27-сүрөттү кара). Фризге коюлган дубал түзүлүшүндө субстратты колдонууда аталган субстрат тиешелүү уюмдар жана жеке ишкерлер ээлеген жайлардын физикалык өлчөмдөрүнө туура келген узундукта фризге жайгаштырылат. Фризге дубал түзүлүшүн жайгаштыруу үчүн колдонулган субстраттын бийиктиги фриздин бийиктигине барабар болушу керек. Маалымат талаасынын (тексттик бөлүгүнүн), ошондой эле үч өлчөмдүү символдор түрүндөгү фризге жайгаштырылган дубал түзүлүшүнүн декоративдик-көркөм элементтеринин жалпы бийиктиги фриздин бийиктигинин (негизги шрифттин өлчөмүнөн тышкары кичинекей жана баш тамгалардын ылдый жагынын бийиктигин, ошондой эле декоративдик жана көркөм элементтердин бийиктигин эске алуу менен) 70 пайызынан, ал эми алардын узундугу фриздин узундугунун 70 пайызынан ашпашы керек. Фриздеги дубал түзүлүшүндө колдонулган көлөмдүү символдор бирдиктүү горизонталдуу окто жайгаштырылышы керек. Эгерде бир фризге бир нече дубал конструкциялары жайгаштырылса, алар үчүн көлөмдүү символдорду жайгаштыруу үчүн бирдиктүү таяныч түзүлүшү мүмкүн (28-сүрөттү кара). Объектинин фасадында калкалама бар болсо, дубалдын түзүлүшү көрсөтүлгөн фриздин габаритинде гана калкаламанын фризине жайгаштырылышы мүмкүн. Дубал түзүлүшүн түздөн-түз калкалама түзүлүшүнө орнотууга тыюу салынат (29-30-сүрөттөрдү кара). Тарыхый-маданий мурас объекттеринин жана тарыхый-маданий мурас объекттеринин аймактарынын чектеринде жайгашкан объектилердин фасадына жайгаштырылган дубал конструкцияларынын маалымат талаасы өзүнчө элементтерден (тамгалар, белгилер, декоративдик элементтер ж.б.) жасалууга тийиш. Тунук негиз түрүндөгү субстратты колдонуу мүмкүнчүлүгү маданий мурас объекттерин коргоо боюнча орган менен макулдашып, көрнөктү жайгаштыруунун дизайн-долбоору менен аныкталат (31-сүрөттү кара).
35.1.1. Уникалдуу маалыматтык түзүлүштөр:
- монументалдык-декоративдик чеберчиликтин объектиси болуп саналган көрнөктөр (барельефтер, горельефтер, скульптура ж.б.) (32-сүрөттү кара);
- көркөм жазуу, мозаика, панно техникасында жасалган көрнөктөр (33- сүрөттү кара);
- тарыхый көрүнүшү имараттын архитектуралык долбоору менен аныкталган, ушул Эрежелер күчүнө кирген күнгө чейин ишке киргизилген көрнөктөр;
- архитектуралык элементтер жана объекттин сырткы беттерин жасалгалоочу көрнөктөр (34-сүрөттү кара).
Уникалдуу маалыматтык түзүлүштөрдү (көрнөктөрдү) жайгаштыруу көрнөктөрдү жайгаштыруунун дизайн-долбооруна ылайык жүргүзүлөт. Объекттин бир эле фасадына бир убакта бир нече уюмдардын көрнөктөрүн коюуда бул уюмдардын көрнөктөрү бир горизонталдык тегиздикте (бир деңгээлде, бийиктикте) бир бийиктиктеги катарга коюлат (35-сүрөттү кара).
35.1.2. Көрнөк:
- имараттын биринчи жана экинчи кабаттарынын ортосунда жайгашып, үйдүн архитектуралык көрүнүшүнө органикалык туура келиши керек;
- кечинде айрым ички же сырткы жарык булактары менен жарыктандырылышы керек.
Көрнөктүн жарыгы жылтылдабай, күңүрт жарыкка ээ болуп, турак жайдын терезелерине түз багытталган нурларды жаратпашы керек. Көрнөктөргө жасалгалоочу элементтерди, ошондой эле товардык белгилери же тейлөө белгилери катары белгиленген тартипте катталган тексттик, графикалык сүрөттөрдү же башка комбинацияларды коюуга жол берилет.
35.1.3. Көрнөк:
- жарнама катары колдонулбашы керек;
- экинчи кабаттын терезелеринин төмөнкү жагынан өйдө чыкпашы керек;
- терезелерди, декорду жана архитектуралык элементтерди жаппашы керек.
35.2. Маалыматтык табличкалар – уюм, анын иштөө убактысы жөнүндө маалыматты чагылдырат жана кире бериште да, витриналардын айнегинде да, келгендерге жакшы көрүнүштү камсыз кылган бийиктикте жана жерде жайгаштырылышы мүмкүн.
36.2.1 Табличкалардын типтери жана алгылыктуу маалымат. Табличкалардын үч түрү бар: жеке жана топтоштурулган:
- жеке табличка – уюмдун аталышын, логотибин, иштин түрүн, иштөө убактысын, дарегин камтышы мүмкүн;
- топтоштурулган табличкага уюмдун аталышы, логотиби, иштин түрү, имараттын кабаты, кеңсенин номуру жайгаштырылышы мүмкүн.
Ижарачылардын саны көп болгон имараттарда топтоштурулган белгилерди колдонуу туура болот. Ал үчүн ижара берүүчү уюмдун табличкалары үчүн бирдиктүү модулдук жерди бөлүп бериши керек. Мындай шартта алардын баары бирдей өлчөмдө болуп, бир материалдан жана бирдей стилистикада жасалышы керек.
36.2.2. Негизги талаптар:
- маалыматтык табличканын аянты 1,0 кв.мден ашпай, 0,3 кв.мден кем болбошу керек, муну менен катар табличкадагы тамгалардын минималдуу бийиктиги эки сантиметрден кем болбошу керек;
- табличкалар түздөн-түз имараттын кире беришинде жайгашышы керек;
- табличкалар үйдүн фасадында жана кире бериштин айнегинде жайгашышы мүмкүн;
- имараттын ар бир кире беришинде эки жана андан көп эмес табличкалар жайгашышы мүмкүн. Табличкалар бир типте болушу керек;
- имараттын бир кире беришинде эки бирдей табличканы жайгаштырууга болбойт;
- кире бериштин айнегинде жеке табличкалар гана жайгаштырылат;
- кире бериш эшиктердин айнектерине табличкаларды субстратсыз орнотууга болот;
- кире бериш эшиктин айнегине уюмдун аталышын, анын дарегин жана иштөө убактысын жана кире бериштеги үйдүн фасадына аты гана жазылган дагы бир табличканы орнотууга болот;
- маалыматтык түзүлүштөр имараттардын, курулуштардын, курулмалардын же бөлмөлөрдүн түздөн-түз кире беришинде (оң же сол) же уюм, жеке же юридикалык жак иш жүзүндө жайгашкан (иш-аракетин жүзөгө ашырган) жерде, алар жөнүндө маалыматтар ушул маалыматтык түзүлүштө камтылган бөлмөнүн кире бериш эшиктеринде архитектуралык элементтери жок фасаддын жалпак тилкелеринин көрүнөө жерлеринде жайгаштырылат (36-сүрөттү кара);
- бир уюм, жеке же юридикалык жак үчүн бир объектиде бир маалыматтык түзүлүш орнотулушу мүмкүн (табличка);
- жерден (кире бериштин жертаманынан) маалыматтык түзүлүштүн (табличка) жогорку четине чейинки аралык 2 мден ашпашы керек;
- маалыматтык түзүлүштү (табличка) терезеге орнотууга жол берилбейт.
36.2.3. Маалыматтык табличка маалыматтык талаадан (тексттик бөлүктөн) турат (36-сүрөттү кара).
Мүмкүндүү өлчөм::
- узундугу боюнча 0,50 мден ашык эмес;
- бийиктиги боюнча 0,75 мден ашык эмес.
35.3. Маркиздер - жарнамалык маалымат жазылган калкалама жана чатыр түрүндө жасалган жана имараттардын жана курулмалардын витриналарынын, кире бериштеринин же эшик-терезелеринин үстүндө жайгаштырылган сырткы жарнама жана маалымат каражаттары. Маркиздер имаратка бекитүүчү элементтерден, каркастан жана жумшак же катуу негизде жасалган маалымат талаасынан турат.
Маркиздер биринчи кабатта терезелердин жана эшиктердин үстүндө орнотулат. Аларга логотип жана компаниянын аталышы гана жайгаштырылышы мүмкүн. Кошумча макулдашуу боюнча маркиздерди үйдүн бардык терезелерине коюуга болот. Маркиздер ээлеген ордунун терезелеринин үстүнө бирдей горизонталдык окто, биринчи жана экинчи кабаттардын ортосун бөлгөн деңгээлде же ушул деңгээлден төмөн жайгаштырылат. Маркиздер бир конструкциядагы окшош өз ара байланышкан элементтердин комплекси түрүндө орнотулушу керек. Витрина, терезе же эшиктин аянтынын 30%дан ашыгын ээлебеши керек - узун маркиздерди орнотууга болбойт. Түсү үйдүн түсү менен шайкеш болушу керек же аны так кайталашы керек. Стационардык коомдук тамактануу ишканасында мезгилдик кафени жайгаштырылган убакытта бул мезгилдик кафени жабдуу үчүн колдонулган маркиздер жана кол чатырларга жазууларды коюу жолу менен маалыматтык түзүлүштөрдү (көрнөктөрдү) коюуга жол берилет. Ошол менен бирге көрнөктөрдүн бийиктиги 0,20 мден ашпоого тийиш. Эгерде сезондук кафенин маркиздеринде жана кол чатырларда орнотулган көрнөктөрдө, товардык белгинин, тейлөө белгисинин сүрөттөрүндө колдонулса, көрсөтүлгөн сүрөттүн бийиктиги 0,30 мден ашпоого тийиш, ал эми көрнөктүн маалымат талаасы (тексттик бөлүгү) жана декоративдик-көркөм элементтери бирдиктүү горизонталдык окто жайгаштырылышы керек (17- сүрөттү кара).
35.4. Кронштейн - имараттарга жана курулмаларга перпендикуляр орнотулган, ички же сырткы жарыктандыруусу бар жана коомчулукка бизнес жөнүндө маалымат берүүгө арналган чакан эки тараптуу маалыматтык түзүлүшү (38-сүрөттү кара).
Аларда көрсөтүлгөн маалыматтын курамы көрнөктөрдөгү алгылыктуу маалыматтарга ылайык келет. Ошондой эле кронштейнде уюмдун логотиби, аталышы жана анын ишинин түрү көрсөтүлүшү мүмкүн. Стилистикалык жактан алганда, кронштейндер көрнөктөрдүн графикалык көрүнүшүнө шайкеш келиши керек. Көрнөктөрдү колдонууда кронштейн менен көрнөктүн түсү дал келиши керек. Маалыматтык тегиздиктин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат. Кронштейн ишкананын көрнөгү менен бирдей деңгээлде жайгашып, жарык булактарын күйүп-өчүп турбашы керек. Бир жактуу кронштейндерди орнотууга жол берилбейт. Бирден ашык кронштейн коюуга болбойт, эгерде кронштейн каралган ишкананын фасадынын узундугу 20 метрден ашпаса. Ишкананын фасадынын узундугу 20 метрден ашса, кошумча кронштейндерди орнотууга жол берилет (фасаддын узундугунун ар бир 15 метрине бирден). Кронштейндин астыңкы чети жерден 2,5 мден төмөн болбошу керек. Кронштейн панели 2-кабаттын терезелеринин төмөнкү четинин деңгээлинен толук же жарым-жартылай жогору жайгашпашы керек. Өлчөмдөрү 0,5 м х 0,7 м, калыңдыгы 5 смден кем эмес болуп, кронштейндердин ортосундагы аралык 10 мден кем болбошу керек. Кронштейндер фасаддын бир горизонталдык тегиздигинде, анын ичинде аркаларда, имараттардын, курулуштардын, курулмалардын чектеринде жана сырткы бурчтарында төмөнкү талаптарга ылайык жайгаштырылат:
- кронштейн фасаддын тегиздигинен 0,20 м ашык аралыкта, ал эми анын алдыңкы капталынын эң четки чекити фасаддын тегиздигинен 0,70 мден ашык аралыкта болбоого тийиш;
- көлөмдүк-мейкиндик композиция түрүндө жасалган кронштейндердин максималдуу параметрлери (өлчөмдөрү) бийиктиги боюнча 0,50 мден, туурасы боюнча 0,50 мден жана тереңдиги боюнча 0,50 мден ашпоого тийиш;
- тарыхый-маданий мурас объекттери болуп саналган объекттердин фасадына кроштейндерди жайгаштырууга жол берилбейт.
35.5. Витрина - товарларды жана тейлөө кызматтарды көрсөтүүгө, алардын мазмунун жана көчө жактан бөлмөнүн ичиндеги товардын экспозициясын көрүүгө мүмкүнкүнчүлүк берген кардарлардын керектөө өзгөчөлүктөрүн маалымдоого, ошондой эле уюм жөнүндө маалыматты жайгаштырууга арналган имараттын, курулуштун, курулманын экстерьеринин айнектелген бөлүгү.
35.5.1. Витриналарга карата жалпы талаптар:
- витрина анын профилин ачкан соода буюмдары менен милдеттүү түрдө кооздолуп, кечинде жарыктандырылышы керек;
- витриналарда сатылуучу товарлар жана тейлөө кызматтар жөнүндө ар кандай маалыматты жайгаштырууга жол берилет, ошону менен бирге саны жана көлөмү (70% же андан көп) боюнча товарлар жөнүндө маалымат үстөмдүк кылууга тийиш;
- жалпы мамлекеттик же шаардык майрамдарга жана башка массалык иш-чараларга арналган витриналарына майрамдык маалыматтарды жайгаштырууга жол берилет.
Витринанын ички бетинде витринанын айнектелген бетинен витринанын конструкциясына чейинки аралык 0,15 мден кем эмес болушу керек (39-сүрөттү кара). Витринанын айнектелген бетинин ички жагында жайгаштырылган витрина түзүлүштөрүнүн (анын ичинде электрондук экрандар жана табло) максималдуу өлчөмү витриналардын айнектелген өлчөмүнүн жарымынан ашпоого тийиш. Ошол эле учурда, витрина конструкциялары байламталардын чегинде гана жайгаштырылышы керек (40-сүрөттү кара). Витриналар үйдүн жана бүтүндөй көчөнүн сырткы көрүнүшүн аныктайт, ошондуктан алар бош дубалдар эмес, имараттын ичинде мейкиндик сезимин жаратышы керек. Витриналардын туура жасалгасы шаардын көчөлөрүнүн көрүнүшүн түп-тамырынан бери өзгөртө алат. Витриналарга толук бойдон пленка каптоого тыюу салынат (41-сүрөттү кара).
35.6. Уюштуруучу такталар – уюмдун катталган толук юридикалык
аталышын жана ведомстволук тиешелүүлүгүн чагылдырат. Уюштуруучу такталар имараттын кире беришинде орнотулат. Мүмкүндүү өлчөм:
- узундугу боюнча 0,50 мден ашык эмес;
- бийиктиги боюнча 0,50 мден ашык эмес.
Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана жайлардын аталыштары милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде таризделет.
35.7. Мемориалдык (эскерүү) такта - жарандардын тарыхындагы, турмушундагы жана ишмердүүлүгүндөгү маанилүү окуяларды кыска формада эскерүүгө арналган тексттик эстелик жанры болгон монументалдык көркөм чеберчиликтин түрлөрүнүн бири. Алар фасаддарга, имараттардын, курулмалардын ички бөлүгүнө жана жабык же тосулган аймактарга жана Ош шаарынын башка жерлерине орнотулат.
Мемориалдык такталар эки метрден кем эмес бийиктикте ачык көрүнүп турган жерлерге орнотулат. Мемориалдык тактанын жанындагы имараттын же курулуштун дубалына мемориалдык тактанын текстине тиешеси жок башка маалыматтарды (жарнамаларды, кулактандырууларды ж.б.) жайгаштырууга болбойт. Мемориалдык такталардын композициясы тексттен тышкары портреттик сүрөттөрдү жана декоративдик элементтерди камтышы мүмкүн. Мемориалдык такталар вертикалдуу же горизонталдуу жайгашуусу менен, жалпы өлчөмдөрү 900*600мм ашпаган, бышык материалдардан гана жасалышы керек. Мемориалдык белгинин өлчөмү жайгаштырылган маалыматтын көлөмүнө, портреттик сүрөттүн, декоративдик элементтердин болушуна жараша аныкталат жана ал орнотулган имаратка, курулушка, курулмага пропорционалдуу болууга тийиш.
35.8. Башка эстелик белгилер - тарыхый окуя жөнүндө маалымдоочу же тарыхтын, маданияттын же архитектуранын эстеликтери болуп саналган, сакталбай калган имараттардын жана башка объекттердин жайгашкан жерин көрсөтүүчү же көчөлөрдүн атын, ошондой эле аталышы өзгөртүлгөн көчөлөрдүн тарыхын түшүндүрүүчү маалымат такталары (табличкалары).
35.9. Көрсөтмө белгилер - көчөлөрдүн, аянттардын, өтмөктөрдүн, аллеялардын, долбоорлонгон (номурланган) өтмөктөрдүн, проспектилердин, шосселердин, жээк көчөлөрдүн, гүлбакчалардын, туюктардын, бульварлардын, аллеялардын, линиялардын, көпүрөлөрдүн, эстакадалардын жана үйлөрдүн номурларынын (көчө белгилеринин) аталыштары; картографиялык маалымат, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун маршруттары (схемасы) жана графиктери; мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жайгашкан жери.
Көчө белгилериндеги тексттер (жазуулар) мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, ошондой эле зарыл болгон учурда чет тилде жазылат. Турак жайга ылайыкташтырылган көмөкчү жана убактылуу имараттар (сарайлар, кампалар, от казандары жана башкалар) номурланбайт. Табличкаларды, көчө белгилерин, имараттардын номурларын, кире бериштерди жана батирлерди талаптагыдай абалда орнотуу жана күтүү алардын ээлерине жүктөлөт. Имараттарга жаңы белгилерди жана номурларды илип жатканда бардык эски белгилер жана номурлар алынып салынат.
35.9.1. Белгилерди жана унаа номурларын жайгаштырууга жана пайда кылууга талаптар:
- түштүктөн түндүккө багытталган көчөлөр үчүн - имараттардын номурлары түндүккө карай жогорулоо менен жүргүзүлөт;
- чыгыштан батышка багытталган көчөлөр үчүн - номурлар батышка карай жогорулоо менен жүргүзүлөт;
- жуп сандар түштүктөн түндүктү караган көчөлөрдүн батыш тарабында жайгашкан имараттарга, ал эми түштүк тарапта – чыгыштан батышка карай кеткен көчөлөргө ыйгарылат. Так сандагы номурлар тиешелүүлүгүнө жараша көчөлөрдүн чыгыш жана түндүк тарабында жайгашкан имараттарга ыйгарылат;
- бульварлардын, проспектилердин, көчөлөрдүн, чолок көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан бурчтук имараттарда эки номурдук жана көчө белгилери болушу керек, алардын бири – имараттын негизги фасадына, экинчиси анын четине орнотулууга тийиш. Калган имараттар бир номурга ээ. Кварталдын ичинде жайгашкан имараттардын белгилери болбойт;
- кварталдын ичиндеги имараттардын фасадындагы номурдук белгилер көрсөтүлгөн бийиктикте дарек белгилерин алыскы аралыктан визуалдык кабыл алууну камсыз кылбаган учурлардан тышкары учурларда жерден 3 м, бурчтун четинен номурларды жогорулатуу менен горизонталдуу түрдө 40 см бийиктикте орнотот. Карнизге чейин бийиктиги 3,5 мден ашпаган имараттарда - дубалдын карнизинен 20 см же чатырдын керегесинин ашкан жеринен 40 см аралыкта ылдый жайгаштырылат (42-сүрөттү кара);
- бульварлардын, проспектилердин, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн кесилишинде жайгашкан имараттарда номурдук белгилер имараттын көчө кесилишине караган бурчунда жана имараттын тиешелүү бурчу четинен, анын орто бөлүгүндөгү белгинин үстүндө туурасынан 40 см аралыкта илинет;
- калыңдыгы 1,8 мм цинктелген металл материалынан жасалат. Каптоо үчүн жогорку сапаттагы эмаль колдонулат;
- түсү эскизге жараша: фону ак, белгилери көк;
- бекитүү бурчтардын огунда тегерек баштуу кооз бурамалар менен жүзөгө ашырылат;
- бардык имараттар жана үй чарбалары сериялык менчигинин түрүнө жана алардагы жарандардын санына карабастан номурланууга тийиш;
- кыймылы бир тараптуу болгон көчөлөрдө - имараттын, курулманын фасадынын кыймыл багыты боюнча эң жакын бурчтук бөлүгүндө;
- короо фасаддарында - квартал ичиндеги өтмөктүн капталындагы тосмодо;
- фасадынын узундугу 100 мден ашык болгондо - анын карама-каршы бурчтук участокторунда;
- өнөр жай ишканаларынын тосмолорунда жана корпустарында -
негизги кире бериштин, транспорттук кире бериштин оң жагында;
- фасаддын сыртка чыгып турган архитектуралык деталдары жана декоративдик элементтери жок бөлүгүндө, фасадды жасалгалоодон тышкары;
- бирдиктүү вертикалдуу белгиге имараттардын жана курулмалардын чектеш фасаддарына алардын курулуштун бирдиктүү алдыңкы линиясын түзүүдө даректүү белгилерди коюуда;
- көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштеринин жана алардагы батирлердин номурларын белгилөөчү табличкалар эшиктин үстүнө же босогонун импостуна (горизонталдык табличка) же эшиктин оң жагына 2,0- 2,5 м бийиктикте (вертикалдуу табличка) орнотулат;
- үйлөрдүн номурларын көрсөтүүчү номурдук белгилер көчөлөрдүн, аянттардын аталыштарын көрсөтүүчү белгилер менен бирге жайгаштырылат;
- табличкалар 2 жерге орнотулат – кварталдын башында жана аягында, эгерде кварталдын узундугу 500 мден ашык болсо, ошондой эле кварталдын ортосунда;
- номурдук белги менен айкалышкан табличкалар имараттын бетинде көчөнүн, кварталдын, кесилиштин башында жана аягында жайгаштырылат;
- кварталдын ортосундагы имаратка өзүнчө номурдук белгилер коюлушу керек;
- кварталдын узундугу 500 метрден ашса, кварталдын башына, ортосуна жана аягына айкалыштырылган табличкалар, ал эми калган имараттарга өзүнчө номурдук белгилер орнотулушу керек.
35.9.2. Номурдук белги, аншлаг (көчөлөрдүн аталыштары көрсөтүлгөн табличка), номурдук белги менен айкалышкан аншлагдар төмөнкү өлчөмдөргө ээ болушу керек:
Аталышы
Өлчөмдөрү
Номурдук белги
300х300мм
Аншлагдар
300х800мм
Номурдук белги менен айкалышкан аншлагдар
300х1000мм
35.10. Навигациялык корсөтмө белгилер - калктуу конуштун аймагын пландаштырууну уюштуруу, инфраструктура объектилеринин, маданий-тарыхый эстеликтер, шаардык, округдук жана муниципалдык маанидеги мекемелердин жана уюмдардын, керектөө рыногунун ишканалары жана объектилери жайгашкан жери жөнүндө маалыматтарды камтыган жер тилкелериндеги тирөөчтөргө орнотулган эки тараптуу түзүлүштөр (жеке тирөөчтөр, шаардык жарыктандыруунун мачта- тирөөчтөрү, контакттуу тармактын тирөөчтөрү).
35.11. Маалымат стенди - көрктөндүрүү элементи, жеке тирөөчтө турган өз алдынча маалыматтык түзүлүш.
Маалымат стенддери көп кабаттуу үйлөрдүн, турак жайлардын, мекеме-ишканалардын имараттарынын кире беришинде жана сырткы беттеринде, ошондой эле муниципалдык жерлерге жайгаштырылган жана Айыл аймагынын калкын маалымдоо үчүн арналган.
36.11.1 Маалымат стенддери төмөнкүлөр жөнүндө айыл аймактын калкын маалымдоо үчүн колдонулат:
- Айыл аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыттары жөнүндө;
- Айыл аймактын жана мамлекеттик программалардын максаттары, маселелери жана аткарылышынын жүрүшү жөнүндө;
- Айыл аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн иш-чаралар;
- шаар тургундарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле өкмөттүк эмес коммерциялык эмес уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жана мындай органдардын кызмат адамдарынын байланыш маалыматтары, мамлекеттик бийлик органдарынын, аларга баш ийген уюмдардын, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн көп функционалдуу борборлорунун жайгашкан жеринин даректери жөнүндө;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө;
- социалдык жана инженердик инфраструктура объектилерин куруу жөнүндө;
- Айыл аймагын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жана натыйжалары, айыл аймактарды өнүктүрүүнүн комплекстүү программаларын ишке ашыруу жөнүндө;
- короо аянттарын, көрктөндүрүү объекттерин, көп кабаттуу үйлөрдү жана турак жайларды күтүү жана оңдоо жөнүндө;
- оорулардын алдын алуу программаларын ишке ашыруу жана калкты санитардык-гигиеналык окутуу жөнүндө;
- муктаж адамдарга социалдык жардам көрсөтүү жана калкты социалдык жактан тейлөөнүн формалары жөнүндө;
- коммуналдык кызматтарды көрсөтүү, турак жай жана коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөө жөнүндө;
- көп батирлүү үйдөгү бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечимдери жөнүндө;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучу, мындай өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышы, калктын жүрүм- турум эрежелери жана коргоо чараларын көрүү зарылчылыгы жөнүндө.
36.11.2. Маалымат стенддеринин максималдуу өлчөмдөрү (көп кабаттуу үйлөрдүн кире беришинде) төмөнкүнү түзүшү керек:
- бийиктиги - 1,05 м;
- узундугу - 0,75 м.
VIII. Жарнамалык түзүлүштөр. Жарнамалык түзүлүштөрдүн түрлөрү жана жайгаштыруунун эрежелери.
36. Жарнамалык түзулүштөр – жарнаманы жайылтуу максатында Айыл аймагында орнотулган көрнөк-жарнактар, стенддер, плакаттар, баннерлер, жарыктандыруучу жана электрондук таблолор, ар кандай бетке жарнаманы проекциялоо үчүн проекциялык жана башка жабдуулар, аба шарлары, аэростаттар жана тышкы жарнаманы жайгаштыруунун башка техникалык каражаттары.
37. Жарнамалык түзүлүштөр жайгаштыруунун түрү боюнча төмөнкү типтерге бөлүнөт:
- бөлөк тургандар (менчигинин түрүнө карабастан жер тилкелерде жайгаштырылат);
- менчигинин түрүнө карабастан, кыймылсыз мүлк объектилерине (имараттар, курулмалар ж.б.) бекитилип берилген каражаттар;
- стандарттуу эмес, жеке долбоорлор боюнча жасалган (шарлар, аэростаттар жана башка түрлөрү).
38. Өз алдынча турган жарнама түзүлүштөрү төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- чакан форматтагы;
- орто форматтагы;
- чоң форматтагы;
- ири форматтагы.
Жарнама түзүлүштөрү тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда жылына бир жолудан кем эмес техникалык кароодон өтүшү керек. Бардык жарнама түзүлүштөрүндө анын ээси жөнүндө маалыматты камтыган (уюмдун аталышы, дареги, телефону, ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылган инвентардык номуру) маркировкасы болушу керек. Курулуш процессинде аткарылган иштердин техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин, жарнамалык түзүлүштөрдүн талаптарына шайкештигин текшерүү жолу менен курулуш объектилеринин коопсуздугун, сапатын, сейсмикалык туруктуулугун жана эксплуатациялык ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында тиешелүү уруксаттарды алгандан кийин жарнама түзүлүшүнүн объектиси курулуп жаткан объектилердин реестрине киргизилет жана курулуш аяктагандан кийин объект Архитектуралык-курулуш көзөмөлү мамлекеттик департаментинин мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча мамлекеттик департаментинин Кара-Суу район боюнча башкармалыгы тарабынан шайкештигин баалоого жатат. Ошону менен бирге мамлекеттик экспертизадан өтүү талап кылынбайт жана кардардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
40.1. Чакан форматтагы түрүнө жарнама аянты 6 м2 чейинки жарнама түзүлүштөрү кирет:
40.1.1. Флагшток – имараттардын жана курулмалардын дубалдарындагы атайын кронштейндерге, ошондой эле жер участокторундагы өз алдынча турган устундарга орнотулган мамлекеттик жана фирмалык тууларын илип коюу үчүн конструкция.
Флагштокторго төмөнкү талаптар коюлат: флагшток пайдубалдан, тирөөч рамасынан, тик тирөөчтөрдөн жана жумшак панелдерден турат, тууну көтөрүү жана бийиктигин жөнгө салуу үчүн түзүлүштөр менен жабдылган;
- пайдубал бетондон жасалышы керек;
- жарнама аянты анын курамындагы өз алдынча туулардын бардык капталдарынын аянты менен аныкталат;
- мамлекеттик жана фирмалык туулар туруктуу негизде өйдөрөөк илиниши мүмкүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу өлчөмү боюнча орнотулушунун бийиктиги боюнча башка туулардан кичине болбой, төмөн орнотулбашы керек. Туу эскиргенине жараша жаңыланып же алынып салынышы керек;
- жарнама сүрөтүнүн (материалынын) өлчөмү 1,2 м х 0,6 мден ашпоого тийиш. Бир композициядагы флагштоктордун саны 5 даанадан ашпоого тийиш.
40.1.2. Сити-формат – тротуарларда жайгашкан эки жарнама тегиздиги жана ички жарыктандыруусу менен өз алдынча турган эки тараптуу жарнама түзүлүшү.
Жарнама сүрөтүнүн өлчөмү (бир тарабы): 1,2 м х 1,8 м. Сити-форматтын жарнама тегиздигинин аянты анын тарабынын жалпы аянты менен аныкталат.
40.1.3. Пиллар – ички жарыгы бар, үч бурчтуу же төрт бурчтуу призма түрүндөгү, ар бир вертикалдуу капталында 1,4 м х 3,0 м өлчөмүндөгү жарнама тегиздиги жайгашкан өз алдынча турган жарнама түзүлүшү.
Жарнама тегиздигинин аянты эксплуатацияланган тараптардын жалпы аянты менен аныкталат.
40.1.4. Афишалык стенддер жана тумбалар – тротуарларда жайгашкан бир же эки маалымат талаасы бар жарнамалык түзүлүштөр.
Афишалык стенддер жана тумбалар театрлардын, кинотеатрлардын, спорттук жана башка массалык иш-чаралардын, социалдык, маданий, оюн- зоок, спорттук жана ден соолукту чыңдоо мүнөздөгү иш-чаралардын репертуарлары жөнүндө гана жарнаманы жана маалыматты жайгаштыруу үчүн арналат. Афишалык стенддерге жана тумбаларга төмөнкү талаптар коюлат:
- афишалык стенддерге же тумбаларга жайгаштырылган жарнамалык материалдар тиешелүү иш-чаралардын демөөрчүлөрү жөнүндө маалыматтарды камтышы мүмкүн;
- афишалык стенддин же тумбанын маалымат талаасынын бир капталынын өлчөмү 1,4 м х 3,0 м;
- афишалык стенддин же тумбанын маалымат талаасынын аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
Афишалык стенд же тумба тик бурчтуу же цилиндр формасында болушу мүмкүн. Чакан форматтагы жарнама түзүлүштөрүнө төмөнкү талаптар коюлат:
- пайдубалды эки вариантта орнотууга жол берилет: көмүлгөн, жол катмарынын деңгээлинен чыкпаган жана көмүлгөн эмес. Эгерде көмүлбөгөн пайдубал орнотулган болсо, анда ал милдеттүү түрдө жарнама түзүлүшүнүн дизайнына дал келген декоративдик материал менен капталышы керек;
- конструкция жогорку сапаттагы чеберчиликке, жогорку оңдоо жеткиликтүүлүгүнө ээ болуп, дат баспаган, вандалдыкка каршы материалдарды колдонуу менен чогултуу жана куроо оңой болушу керек;
- коопсуз айнектен жасалган айнек беттерин колдонуу;
- металл конструкцияларынын элементтери дат басуудан ысык цинктөө жолу менен корголушу керек жана порошок технологиясы же металл тетиктерин 5 жылдан кем эмес стандарттык кепилдик мөөнөтү менен үзгүлтүксүз сырдоону талап кылбаган башка ыкманы колдонуу менен сырдалышы керек;
- чакан форматтагы маалымат каражаттарында жарнамалык түзүлүшкө тиешелүү документтер болушу керек.
Чакан форматтагы жарнама түзүлүштөрүнө карата жалпы талаптар:
- шаар куруу корутундусун (ШК) иштеп чыгууда чакан форматтагы жарнама түзүлүштөрүн жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнө карата талаптар жекече каралышы керек.
40.2. Орто форматтагы түзүлүштөргө аянты 12 м2 чейинки жарнама түзүлүштөрү кирет:
40.2.2. Ситиборд – жарнаманы жайгаштырууга арналган, атайын иштелип чыккан, сырткы тегиздиги бар ички же сырткы жарыктандыруусу менен өз алдынча турган жарнама түзүлүшү.
Ситиборддун жарнама тегиздигинин бир капталынын өлчөмү 3,0 м х 4,0 мден ашпоого тийиш. Ситиборддун жарнама тегиздигинин аянты анын эксплуатацияланган капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат. Конструкцияны айнектөө үчүн материалдар коопсуздукту эске алуу менен колдонулушу керек.
40.2.3. Жарыктандыруучу куту (лайтбокс) – имараттардын жана курулмалардын фасадына орнотулган жана ички жарыктандыруусу бар жарнама түзүлүшү.
Жарыктандыруучу куту бул рамалык түзүлүш, анын алдыңкы бөлүгү жарнамалык каражат болуп саналат. Жарнама тегиздигинин аянты пайдаланылган аянт менен аныкталат. Жарыктандыруучу куту имараттын фасадынын бетине параллелдүү жайгашып жана фасаддын тегиздигинен 0,25 мден ашык чыкпоого тийиш.
40.2.4. Стелалар – объекттин жайгашкан жерин, иштөө убактысын жана негизги кызматтардын тизмесин көрсөтүү үчүн иштелип чыккан өз алдынча турган жарнама түзүлүшү. Стелалар пайдубалдан, таянычтан, каркастан, маалымат талааларынан турат жана ички же сырткы жарыкка ээ.
Стеланын тараптарынын саны төрттөн ашпашы керек. Стеланын төмөнкү типтерин орнотууга мүмкүндүк берилет:
- чоң (габарити 1,5 х 5 мден ашык эмес);
- орточо (габарити 1,2 х 3 мден ашык эмес);
- чакан (габарити 1,0 х 2 мден ашык эмес);
- жеке (жайгаштырылган ордуна жараша габариттерди макулдашуу зарыл).
Стеланын пайдубалы жолдун бетинен же жердин деңгээлинен чыга албайт. Стелалар электр менен жабдуу тармагынан авариялык өчүрүү тутуму менен жабдылып, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек. Жарнамалык тегиздиктин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат. Май куюучу станциялардын баалар тактасы – бул май куюучу станциялардагы (мындан ары – МКС) күйүүчү-майлоочу майлардын ар кандай түрлөрүнө учурдагы баалар жөнүндө кардарларга маалымдоо үчүн арналган фундаменттен, каркастан жана тышкы беттерден турган өз алдынча маалыматтык түзүлүш. Май куюучу жай ээлеп турган жер участогунун чектеринде бирден ашык эмес май куюучу станциялардын баалар тактасын, ээлеп турган жер участогунун чегинен тышкары бирден ашык эмес май куюучу станциялардын баалар тактасын коюуга жол берилет. Ошону менен катар жер участогунун чектеринен тышкары май куюучу станциянын баалар тактасы ошол эле багытта көрсөтүлгөн жер участогунун чектеринен 100 метрден ашпаган аралыкта жайгаштырылат. Май куюучу жайдын баалар тактасында май куюучу жайдын аталышы (фирмалык аталышы, коммерциялык мааниси), май куюучу жайдын иш жүзүндө жайгашкан жери (ишмердүүлүктү жүргүзгөн жери), ал саткан күйүүчү майдын түрлөрү, экологиялык класстары жана анын баалары, көрсөтүлүүчү кызматтар, төлөм тутумдары жөнүндө маалыматтар камтылышы мүмкүн. Май куюучу станциялардын баалар такталарын ээлеп турган жер участокторунун чегинен тышкары жайгаштыруу май куюучу станцияларды куруунун бекитилген долбооруна же ушул Эрежелердин талаптарына ылайык иштелип чыккан жана макулдашылган май куюучу станциялардын баалар такталарын жайгаштыруунун дизайн-долбооруна ылайык жүзөгө ашырылат. Май куюучу жайлардын баа такталарын жайгаштыруудагы көрнөктөрдүн дизайн-долбоору транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү аймактык бөлүм тарабынан бекитилүүгө тийиш. Май куюучу станциялардын баалар такталарын жайгаштыруу боюнча дизайн-долбоорду баалоо критерийлери болуп төмөнкүлөр эсептелет: автомобилдик жолдо көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
- жол белгилеринин, светофорлордун жана жол кыймылын уюштуруунун башка техникалык каражаттарынын көрүнүүсүн камсыз кылуу;
- май куюучу станциялардын баалар такталары менен жол белгилеринин же жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарынын окшоштугунун жоктугу;
- жол кыймылынын катышуучуларын алаксытуу жана көздү уялтуу мүмкүнчүлүгү жок.
Орто форматтагы жарнама каражаттарына коюлган жалпы талаптар:
- пайдубал көмүлгөн болушу керек жана жол бетинин же газондун деңгээлинен 150 ммден ашык чыкпоого тийиш. Ошол эле учурда, пайдубал сөзсүз түрдө жарнама түзүлүшүнүн дизайнына ылайыктуу жасалгалоочу материал менен капталат.
Орто форматтагы жарнама каражаттарына коюлган жалпы эрежелер:
- орто форматтагы жарнама түзүлүштөрү колдонуудагы жарнама түзүлүшүнөн 200 мден кем эмес аралыкта жайгаштырылат.
40.3. Чоң форматтагы жарнама түзүлүштөрүнө жарнама аянты 36 м2 чейинки жарнама түзүлүштөрү кирет:
40.3.1. Билборд (жарнама тактасы) - сырткы бети бар, атайын жарнама үчүн иштелип чыккан, өз алдынча турган такта түзүлүшү.
Жарнама тегиздигинин өлчөмдөрү: 6,0 м х 3,0 м; 4,0 м х 9,0 м. Тактанын жарнама тегиздигинин аянты анын эксплуатацияланган капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
40.3.2. Чоң форматтагы жарнама каражттарына коюлган талаптар:
- жарнама түзүлүшүнүн пайдубалы жолдун бетинин же газондун деңгээлинен 150 ммден ашык чыкпоого тийиш. Ошол эле учурда, пайдубал сөзсүз түрдө жарнама түзүлүшүнүн дизайнына ылайыктуу жасалгалоочу материал менен капталат;
- бир жактуу вариантта жасалган түзүлүштөрдүн декоративдүү жасалгаланган арткы капталы жана сырткы же ички жарыгы болушу керек.
Чоң форматтагы жарнама түзүлүштөрүн жайгаштырууга коюлган талаптар:
- чоң форматтагы жарнама түзүлүштөрү колдонуудагы жарнама түзүлүштөрүнөн 300 мден кем эмес аралыкта шахматтык тартипте жайгаштырылат;
- чоң форматтагы жарнама түзүлүштөрү жалпы жөнгө салуу тилкесинде гана жайгаштырылат.
40.4. Ири форматтагы түзүлүштөргө жарнама аянты 36 м2 жогору жарнама түзүлүштөрү кирет:
40.4.1. Суперборд – жарнаманы жайгаштыруу үчүн атайын арналган, сырткы беттери бар өз алдынча турган жарнамалык такта.
Суперборддун жарнама тегиздигинин бир капталынын өлчөмү 12 х 4 мден ашпашы керек. Жарнама тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
40.4.2. Мегаборд (суперсайт) – жарнаманы жайгаштыруу үчүн атайын арналган, сырткы беттери бар өз алдынча турган жарнамалык такта.
Суперсайттын маалымат талаасынын бир капталынын өлчөмү 15 х 5 мден ашпоого тийиш. Жарнамалык тегиздиктин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
40.4.3. Арка (П түрүндөгү) – пайдубалдан, каркастан жана жарнамалык тегиздиктен турган, жарнаманы жайгаштыруу үчүн сырткы беттери бар, жерде өз алдынча турган жарнама тузүлүшү.
Устундардын ортосундагы аралык белгилүү бир технологиялык, инженердик шарттарга жана жарнама түзүлүшү орнотулган жердин ландшафтына жараша өзгөрүшү мүмкүн жана, ошол эле учурда, жарнама аянтынын өлчөмүнө карабастан, түзүлүштүн бул түрүнө жарнамалык каражаттардын чоң форматтагы түрлөрүнө бардык талаптар жайылтылат. Арканын жарнама тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.
40.4.4. Медиафасаддар - имараттардын, курулуштардын жана курулмалардын дубалдарынын бетине же дубалды пластикасын кайталаган металл каркаска түздөн түз жайгаштырылган (имараттын, курулуштун, курулманын айнегинде медиафасаддарды жайгаштырган учурда) маалыматтык материалдарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берген чоң форматтагы жарык өткөрүүчү жарнама түзүлүштөрү (дисплейлер). Айыл аймагына коюлган медиафасаддар сырткы архитектуралык көрүнүштү бузбашы керек. Медиафасаддын конструкциясы металл же полимердик негиздеги тордон турат, анын ичине жарыкдиоддук түзүлүштөр орнотулуп, сүрөттү чагылдырат.
Медиафасаддын жарнама талаасынын аянты жарнама талаасынын өлчөмүнө жана көрсөтүлгөн сүрөттөрдүн санына жараша жекече аныкталат. Жарнамалык түзүлүштү медиафасад түрүндө жайгаштырууда терезенин табигый жарыктандыруусу жана ченемдик инсоляциясы бузулбашы керек. Конкреттүү имаратка медиафасадды жайгаштыруу үчүн аны эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу максатында бүтүндөй имараттын жарнамалык жасалгалоосунун комплекстүү дизайн-долбоору (эскизи) жана түзүлүштүн (тордун) техникалык документтери иштелип чыгат. Медиафасаддар авариялык өчүрүү тутуму менен жабдылышы жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек. Күндүзгү убакта медиафасадда сүрөттөрдү көрсөтүү динамикалык эффекттерди колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Түнкүсүн медиафасаддарда динамикалык эффекттерди колдонуу менен сүрөттөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат. Түнкү убакта медиафасаддардагы сүрөттөрдүн өзгөрүлүшү мүнөтүнө 1 жолудан ашык болбой, сүрөттүн өзгөрүүсүнүн узактыгы 10 секундадан ашык болушу керек жана жарыкты нөлгө чейинки мааниге чейин акырындык менен азайтып, андан кийин жарыктыгын акырындык менен жогорулатуу аркылуу ишке ашырылат. Медиафасаддар соода борборлорунун фасадына гана коюлат.
40.4.5. Ири форматтагы жарнама каражаттарына коюлган талаптар:
- ири форматтагы түзүлүштөр сырткы же ички жарыктандырууга ээ болушу керек;
- жер тилкелеринде жайгаштырылган ири форматтагы түзүлүштөргө белгиленген тартипте экспертизадан өткөрүлө турган долбоордук документация иштелип чыгат;
- медиафасаддардан башка ири форматтагы жарнама түзүлүштөрү так жана жалпы жагынан жөнгө салынган тилкеде жайгаштырылышы керек.
41. Жеке долбоорлор боюнча жасалган стандарттуу эмес жарнама түзүлүштөрү - ушул Эрежелерде каралган башка форматтардан айырмаланган форматтагы жарнама түзүлүштөрү.
41.1. Жеке долбоорлор боюнча жасалган стандарттуу эмес жарнама түзүлүштөрүнө көлөмдүк-мейкиндиктик түзүмдөрү - объекттин көлөмү да, анын үстү да жарнамалык маалыматты жайылтуу үчүн пайдаланылган жарнамалык түзүлүштөр (анын ичинде аба шарлары, аэростаттар, үч өлчөмдүү моделдер ж.б.) кирет.
42. Көлөмдүк-мейкиндиктик түзүлүштөрдүн маалымат талаасынын аянты эсептөө жолу менен аныкталат.
43. Көтөрүп жүрүүчү жарнама түзүлүштөрү - техникалык каражаттарды колдонбостон, жеке адамдар тарабынан көчүрүлгөн сырткы жарнаманын жана маалыматтын убактылуу каражаттары.
Жарнама аянты көтөрүп жүрүүчү түзүлүшүнүн жарнама талаасынын өлчөмүнө жараша болот. Жөө адамдар өтүүчү аймактарда жана тротуарларда көтөрүп жүрүүчү жарнама түзүлүштөрдү колдонууга жол берилет. Жөө адамдардын өтүүсүнө тоскоолдук кылган, ошондой эле жолдун бөлүгүнөн кабыл алууга багытталган көтөрүп жүрүүчү жарнама түзүлүштөрүн колдонууга тыюу салынат.
44. Проекциялык орнотмолор – проекциялык түзүлүштөн жана жарнама сүрөтү калыптанган беттен (экрандан) же көлөмдөн турган жерде, бош дубалдардын тегиздигинде сүрөттөрдү кайра чыгарууга арналган жарнама түзүлүштөрү.
Жалпак сүрөттөр үчүн маалымат талаасынын аянты проекцияланган беттин өлчөмдөрү менен, ал эми көлөмдүү сүрөттөр үчүн – эсептөө жолу менен аныкталат.Проекциялык түзүлүштөрдү жер участокторуна да, имараттарга, курулуштарга жана курулмаларга да жайгаштырууга жол берилет.
45. Электрондук экрандар (LED экрандар, электрондук таблолор) - жарыкдиоддордон, лампалардан, башка жарык булактарынан же жарык чагылдыруучу элементтерден жарык чыгаруунун эсебинен экрандын тегиздигинде сүрөттөрдү кайра чыгаруу үчүн арналган түзүлүштөр.
Маалымат талаасынын аянты жарык берүүчү беттин өлчөмдөрү менен аныкталат.
45.1. Экрандар өз алдынча туруучу түзүлүштөр түрүндө да, имараттардын, курулмалардын фасаддарында жайгаштырылган түзүлүштөр түрүндө да жайгаштырылышы мүмкүн.
45.2. Электрондук таблолордун маалыматтык-жарнамалык аянты маалыматтык жана жарнамалык талаанын өлчөмүнө жараша жекече эсептөө жолу менен же түздөн-түз эфирдик сүрөттүн санына жараша аныкталат.
45.3. Электрондук экрандарга (LED экрандар, электрондук таблолор) карата талаптар:
- электрондук алып жүрүүчүлөрдө сүрөттөрдү көрсөтүү статикалык сүрөт технологиясын колдонуу менен, аудиовизуалдык чыгармаларды (медиафасаддарды кошпогондо) камтыган динамикалык эффекттерди колдонбостон жүргүзүлүүгө тийиш;
- күндүзгү жарыкта сүрөттү өзгөртүү 5 секундада бир жолудан ашпоого тийиш, сүрөттү өзгөртүүнүн узактыгы 2 секундадан ашык болушу керек жана жарыкты нөлгө чейин акырындык менен азайтып, андан кийин жарыктыгын акырындык менен жогорулатуу аркылуу жасалышы керек;
- акча алмаштыруу жайларынын электрондук алып жүрүүчүлөрүнө сүрөттөрдү көрсөтүү динамикалык эффекттерди колдонбостон, статикалык сүрөт технологиясын колдонуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Сүрөттү 30 секундада бир жолудан ашык эмес өзгөртүү керек, сүрөттү өзгөртүү ылдамдыгы 2 секундадан ашпашы керек;
- түнкүсүн электрондук алып жүрүүчүдө сүрөттөрдү көрсөтүүдө ак фонду колдонууга жол берилбейт;
- турак жай имараттарынын фасадына, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринин имараттарына электрондук экрандарды коюуга жол берилбейт;
- электрондук экрандар соода жана оюн-зоок борборлорунун фасадына орнотулат.
45.4. Уюм, жеке же юридикалык жак бир имараттын, курулуштун, курулманын сырткы бетинде бирден ашык эмес маалыматтык түзүлүштөрүнүн ар биринин төмөнкү түрлөрүн орнотууга укуктуу:
- дубал түзүлүшү (көрнөктөрдүн конструкциясы объекттердин фасадынын бетине жана (же) алардын конструкциялык элементтерине түздөн-түз объекттин фасадынын тегиздигинде параллелдүү жайгашат);
- валюта алмаштыруучу жайлардын таблосунун стандарттуу өлчөмү 1,2 х 0,8 м болушу керек.
Курулуш объекттериндеги жарнама - курулуш же реконструкциялоочу объектинин убактылуу тосмолоруна же курулуп жаткан же реконструкцияланып жаткан имараттын фасадына жайгаштырылган жарнама. Курулуш тосмосунда курулуп жаткан объект жөнүндө маалыматтар жайгашы мүмкүн.
45.5. Убактылуу жарнамалык түзүлүштөрду – курулуш торлорун – курулуп жаткан имараттарга, курулуштарга жана курулмаларга жайгаштырууга уруксат берилет.
Курулуш торлорун жайгаштырууга жана сырткы көрүнүшүнө карата талаптар архитектуралык-техникалык документтер менен белгиленет. Курулуш торлорунун сырткы көрүнүшү бир түстүү болушу мүмкүн же сүрөттүн фону түстүү формага ылайык 1:1 масштабында фронталдык проекцияда курулуп, реконструкцияланып, оңдолуп жаткан имараттын, курулманын фасадын туурап турушу керек. IX. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр үчүн жалпы эрежелер
46. Жалпы техникалык эрежелер:
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр коопсуз болуп, ушул Эрежелерге, архитектуралык-техникалык документтерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарына ылайык даярдалышы жана орнотулушу керек;
- түзүлүштөрдү жасоодо колдонулуучу материалдар заманбап сапаттын талаптарына жооп бериши керек;
- маалыматтык түзүлүштөргө механикалык зыян келтирүүгө, ошондой эле түзүлүштүн бүтүндүгүн бузууга жол берилбейт.
47. Сырткы түрүнө коюлган жалпы эрежелер:
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр Айыл аймактын сырткы архитектуралык-көркөм көрүнүшүн бузбашы керек;
- сырткы көрүнүшү бүтүндүгү, тыкан боёлгон каркастары, түн ичинде конструкциялардын жарыктануусу болушу керек;
- дат жана кир, ашыкча элементтер (аркан ж.б.), чапталган жарнамалар жана башка маалыматтык билдирүүлөр, беттин бузулушу, жарнама материалдарынын жыртыктары, ошондой эле бардык бөлүктөрүндө жана конструкциялык элементтеринде бөтөн жазууларга жана сүрөттөргө жол берилбейт;
- Айыл аймактын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында жарнама жок болгон учурда сырткы жарнама каражаттарында социалдык жарнаманы жайгаштырууга милдеттүү;
- жарнама түзүлүштөрүнүн конструкциялык элементтери (бекемдегичтер, болт бириктиргичтери, таяныч элементтери, технологиялык
шишелер ж.б.) декоративдик элементтер менен капталган же жашырылган же эстетикалык жактан жасалган көрүнүшкө ээ болушу керек.
48. Эксплуатациялоо боюнча жалпы талаптар:
- Айыл аймагындагы өз алдынча турган курулуштарда маалыматты же жарнаманы жайгаштыруу, алмаштыруу түн ичинде (саат 22:00дөн 6:00гө чейин) жүргүзүлүшү керек;
- жалпы коомдук жайларда жарнамалык түзүлүштөрдүн иштеши жөө адамдардын эркин өтүшүн жана көчөлөрдү жана тротуарларды тазалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш;
- конструкциялар жуулуп, кирден жана калдыктардан тазаланышы керек. Конструкцияларды тазалоо зарылчылыгына жараша (алар кирдеп калганына жараша) жүргүзүлөт.
49. Айыл аймактагы жарнамалык жана маалыматтык түзүлүштөрүнө коюлган талаптар:
- жарнама түзүлүштөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнама берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча түрдө Кыргыз Республикасында жашаган элдердин тилдеринде таркатылышы керек;
- жарнамалык жана маалыматтык түзүлүштөр адабий тилдин ченемдерин сактоо менен (алфавит жана орфографиялык эрежелер) белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык топтомдорунда (логотиптер) муун литерлери түп нускада көрсөтүлүп, жайылтылууга тийиш;
- жарнама түзүлүштөрү башка тилдердеги тексттин шрифтинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн ашпоого тийиш, мамлекеттик тилдеги текст маалыматтык түзүлүштүн көрүнүктүү жерине жайгаштыруу шарты менен таркатылышы керек;
- жарнама түзүлүштөрү, эгерде жарнама берүүчүлөрдүн иши лицензияланууга тийиш болсо, лицензиянын номурун, ошондой эле лицензияны берген органдын аталышын камтууга тийиш;
- милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон товарларды жарнамалоодо жарнама түзүлүштөрү «тастыкталган продукция» белгиси менен коштолууга тийиш;
- жарнама түзүлүштөрүнүн ээлери жылына 18 календардык күндөн кем эмес мөөнөттө социалдык жарнаманы акысыз жайгаштырууну камсыз кылууга милдеттүү;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр санитардык ченемдерге жана талаптарга, техникалык регламенттерге ылайык келүүгө тийиш;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр ызы-чуунун, титирөөнүн, жарыктын, электромагниттик жана башка нурлануунун ченемдерине ылайык келүүгө тийиш;
- Айыл аймактын көчөлөрүнүн, аянттарынын, имараттарынын жана курулмаларынын бирдиктүү архитектуралык-көркөм көрүнүшүнүн талаптарына шайкеш келүүсүн камсыз кылуу үчүн маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрү Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы менен макулдашылууга тийиш;
- жарнамалык, үгүттөөчү материалдарды, транспаранттарды, баннерлерди курулмаларга, инфраструктура жана көрктөндүрүү объектилеринин түзүмдүк элементтерине (айыл аймактык транспорттун аялдама комплекстери, чакан архитектуралык формалар (ЧАФ), жол жээгиндеги жарыктандыруу жана троллейбус таянычтары ж.б.) жайгаштырууга тыюу салынат;
- тарых жана маданият эстеликтери, диний жана ритуалдык объектилер, билим берүү мекемелери, мектептер жана мектепке чейинки балдар мекемелери, медициналык мекемелери болуп саналган имараттардын, курулмалардын аймагына, фасаддарына, чатырларына жана башка конструкциялык элементтерине жарнама түзүлүштөрүн жайгаштырууга тыюу салынат.
Жарнамалык жана маалыматтык текстте төмөнкүлөр болбошу керек:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектөөлөргө дуушар болгон маалыматтарды камтууга;
- жарнамаланган товарды колдонбогон адамдарга карата терс мамилени калыптандырууга же андай адамдарды айыптоого.
50. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөргө (көрнөктөргө) стационардуу эмес (павильон, киоск ж.б.) конструктивдик элементтерде коюлган талаптар.
Аянты 8 кв. мге чейинки (кошо алуу менен) стационардык эмес соода объектилеринде орнотулган маалыматтык түзүлүштөрдүн жайгашкан жери жана параметрлери (өлчөмдөрү) стационардык эмес соода объектилерин жайгаштырууга келишим түзүү укугуна ауциондук документациянын бөлүгү болуп саналган стационардык эмес соода объектисинин типтүү архитектуралык чечимдери же стандарттык талаптары (көчмө соода объектилери үчүн) менен аныкталат. Жарнамалык түзүлүшттөрдү (баннерлерди) стационардык эмес жеңил типтеги соода объектилеринин сырткы беттерине жайгаштырууга жол берилбейт.
51. Сырткы жарнама жана маалымат каражаттарынын ээлери Айыл аймактын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында, анын ичинде жарнама түзүлүштөрүн электрондук түрдө идентификациялоодо шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органдын талаптарына тез арада жооп берүүгө милдеттүү. Турак жай жана коомдук имараттарды табигый, жасалма жана айкалыштырылган жарыктандыруу талаптарын бузуу менен пайдаланылган сүрөттү өзгөртүү технологиясы жарнама түзүлүшүнүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси аныкталган бузууларды жоюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү. Эгерде аныкталган бузууларды четтетүү мүмкүн болбосо, жарнама түзүлүшүнүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси сүрөттү өзгөртүү технологиясын өзгөртүүгө милдеттүү.
52. Айыл аймагында маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
52.1. Имараттардын жана курулмалардын сырткы беттеринде (43-44- сүрөттөрдү кара):
- көрнөктөрдү жайгаштыруучу жайларга белгиленген талаптарды бузуу
(45-сүрөттү кара);
- көрнөктүн маалымат талаасында тамгаларды жайгаштыруунун вертикалдуу тартиби (46-сүрөттү кара);
- көрнөктөрдү биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы шып сызыгынан жогору жайгаштыруу (47-сүрөттү кара);
- балкондорду, ложияларды, терезе жана эшиктерди, ошондой эле витраждарды жана витриналарды толук жабуу (жабуу) (48-сүрөттү кара);
- көрнөктөрдү турак жайлардын чектеринде, анын ичинде фасаддын эшик-терезеси жок дубалында жайгаштыруу (49-сүрөттү кара);
- көрнөктөрдү чатырларга, ложиялардын жана балкондордун чатырларына жана (же) ложияларга жана балкондорго жайгаштыруу (50- сүрөттү кара);
- көрнөктөрдү объектилердин фасаддарынын архитектуралык деталдарына (анын ичинде колонналарга, пилястрларга, оюларга, чаптама жасалгалоолорго) жайгаштыруу (51-сүрөттү кара);
- көрнөктөрдү мемориалдык такталардан 2 - 10 м жакын аралыкта жайгаштыруу (52-сүрөттү кара);
- көчөлөрдүн аталыштарынын жана үйлөрдүн номурларынын көрсөтмө белгилерин тосуу (жабуу) (53-сүрөттү кара);
- дубал көрнөктөрүн биринин үстүнөн бирин жайгаштыруу (53-сүрөттү
кара);
- консолдук көрнөктөрдү бири-биринен 10 мден аз аралыкта, ошондой
эле бир консоль көрнөгүн экинчисинин үстүнөн жайгаштыруу (55-сүрөттү кара);
- курулмаларга картон, кездеме, баннердик кездеме колдонуу менен көрнөктөрдү жайгаштыруу (56-сүрөттү кара);
- неондук жарыктарды, жаркыраган (жыбырттаган) элементтерди колдонуу менен белгилерди жайгаштыруу (57-сүрөттү кара);
- экинчи кабаттын терезесинин түбүнүн деңгээлинен жогору чыгып турганда;
- терезелерди, декорду жана архитектуралык элементтерди жабуу;
- фасаддын бетине декоративдик-көркөм жана (же) тексттик сүрөттөрдү түздөн-түз колдонуу аркылуу (сырдоо, стикерлер жана башка ыкмалар менен) көрнөктөрдү (уникалдуу маалыматтык түзүлүштөрдү кошпогондо) жайгаштыруу;
- көрнөктөрдү жайгаштыруу – жугүрмө сап;
- витриналарды декоративдик пленкалар менен сырдоо жана жабуу, витриналардын айнектерин жарыктандыруучу кутучалар менен алмаштыруу, неондук лампаларды колдонуу менен көрнөктөрдү, жаркыраган (жыбырттаган) элементтерди, витриналардын айнектеринин бүт бийиктигине жана (же) узундугуна электрондук медиа-экрандарды (LED экран) жайгаштыруу, картонду, кездемени, баннер кездемесин колдонуу менен көрнөктөрдү жайгаштыруу;
- социалдык жарнаманы жана маалыматты, ошондой эле көркөм ишмердүүлүктү кошпогондо, имараттарды жана курулмаларды жарнамалык максатта боео, сүрөт тартуу жана көркөмдөп боео (граффити, стрит-арт ж.б.);
- брандмауэрдик паннону жайгаштыруу (дубал панносу – бекемдөөчү элементтерден, каркастан жана жарнама талаасынан турган, терезелери, витриналары, архитектуралык деталдары, түздөн-түз дубалга же конструкцияга карата колдонулган сүрөтү жок имараттардын жана курулмалардын туюк каптал тегиздиктерине жайгаштырылган жарнамалык түзүлүш);
- тосулган конструкцияларга (тосмо дубалдарга, шлагбаумдарга, тосмолорго, перилаларга, ошондой эле афишаларга, плакаттарга, мамылардагы графиктер, электр жарыктандыруучу тирөөчтөрүнө, тосмо дубалдарга, дарбазаларга жана бак- дарактарга) жарнаманы жана маалыматтарды жайгаштыруу, чаптоо же бекитүү (58-сүрөттү кара);
- объектинин стилобаттык (жанаша курулган) бөлүгүнө жайгаштырылган маалыматтык түзүлүштөрдүн (көрнөктөрдүн) параметрлери (өлчөмдөрү) объектинин стилобаттык (жанаша курулган) бөлүгүнүн кабаттарынын санына жараша аныкталат (59-сүрөттү кара);
- өз алдынча турган курама (бүктөлүүчү) конструкциялар - штендерлер түрүндөгү көрнөктөрдү жайгаштыруу;
- бүтө элек курулуш объектилеринин тышкы беттерине көрнөктөрдү жайгаштыруу.
52.2. Жер тилкелеринде жана башка курулмаларда:
- жол кыймылынын реалдуу абалына баа берүүнү кыйындаткан жана жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары жана атайын сигналдар менен окшоштуктарга (сырткы көрүнүшү, сүрөтү же үн эффектиси боюнча) ээ болуу, ошондой эле жөө жүрүүчүлөр, транспорт каражаттары, жаныбарлар же башка объекттер бар деген ойду жарата турган;
- жол белгилери, светофор тирөөчтөрү же жол кыймылын жөнгө салуу үчүн арналган жана аларга ылайыкташтырылган башка түзүлүштөр менен бир эле тирөөчтө;
- жолдун авариялык кооптуу тилкелеринде;
- темир жол кесилиштеринде жана алардан 50 м жакыныраак жерде, ошол эле учурда темир жолдордо жайгаштыруу темир жол башкармалыгынын тиешелүү органы менен макулдашуу боюнча мүмкүн болот; ар кандай деңгээлдеги транспорттук кесилиштердин чектеринде, көпүрө курулмаларында, темир жолдорунун астында, ошондой эле алардан 25 метрден кем эмес аралыкта;
- колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга жана эрежелерге ылайык аныкталган "Транспорт-транспорт" жана "Транспорт-жөө жүрүүчү" көрүүгө мүмкүн болгон үч бурчтуктарынын чегинде;
- жол тосмолорунда жана багыттоочу түзүлүштөрдө;
- узунунан эңкейиши 4%дан ашкан көчөлөрдүн жана жолдордун тилкелеринде;
- маршруттук транспорттук каражаттардын аялдамаларынан 25 м жакыныраак;
- кыймылдуу элементтерди камтыган сүрөттү колдонуу, өзгөчө, эгерде бардык жарнама же маалымат толугу менен бир убакта пайда болбосо жана ошону менен жол кыймылынын катышуучуларына аны окууга кеткен убакытты көбөйтсө;
- автожолдордун, тротуарлардын, аянттардын же транспорт каражаттарынын токтоочу жайларынын, имараттардын сыртындагы жөө жүрүүчүлөр баскан башка жерлердин үстүнкү бетине курулуш материалдарын, сырларды, жол белгилерин ж.б. колдонуу менен жарнама жана чарба субъектилери, товарлар, жумуштар, тейлөө кызматтар, соода объектилери, ошондой эле башка ушундай эле маалыматтар жөнүндө жазуулар жана сүрөттөр;
- айылдын гүлдөр менен кооздолгон аймактарында, ошондой эле тротуарларда, эгерде алар орнотулгандан кийин жөө жүрүүчүлөр үчүн, ошондой эле механикалаштырып тазалоо үчүн өтмөктүн туурасы 2 метрден кем болуп калган учурда;
- жер астындагы жана жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдүн тышкы (көчө) курулуштарында;
- имараттардын фасаддарында алмаштырылуучу жарнамалык билдирүүлөрдү жайгаштыруу үчүн арналган фасаддагы консолдор;
- турак жайлардын терезелерине тике багытталган нурларды жаратуу, жыбырттаган жарыктандырууну, күңүртүлбөгөн жарыкты орнотуу;
- жер алдындагы коммуникациялардын үстүндө;
- фасаддын бетине декоративдик, көркөм жана (же) тексттик сүрөттөрдү түздөн-түз колдонуу жолу менен (сырдоо жана ушул Эрежелерде каралбаган башка ыкмалар менен) көрнөктөрдү;
- көчө жолдорунан өтүүчү троллейбустардын жана электр чубалгыларынын байланыш тармагынын колдонуудагы асма тутумундагы көчөлөрдөн өтүүчү бөлүгүнө жайгаштырылган, жумшак негизде жасалган транспаранттар, баннерлер жана стримерлер.
52.3. Сырткы жарнама каражаттары:
- жол кыймылынын катышуучуларынын жолдогу абалды же транспорт каражатынын эксплуатациясын кабылдоосуна тоскоолдук кылууга, ошондой эле жөө адамдардын жана велосипедчендердин кыймылына тоскоолдуктарды жаратууга;
- эмеректердин көрүнүшүн чектөөгө;
- жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарына жана атайын сигналдарга окшош (сырткы көрүнүшү же сүрөтү боюнча) болууга, алардын көрүнүүсүн начарлатууга жана чектөөгө, ошондой эле жолдо транспорт каражаты, жөө жүрүүчү же кандайдыр бир нерсе тургандай таасир калтырууга.
53. Атайын объект болуп саналган жана маданий мурастын аймактарынын чектеринде жайгашкан имараттардын, курулуштардын, курулмалардын чатырларына маалыматтык түзүлүштөрдү (көрнөктөрдү) орнотууга тыюу салынат. Имараттардын, курулмалардын, курулмалардын чатырларында маданий мурас объектилери болуп саналган, мындан мурун турган маалыматтык түзүлүштөрдү (көрнөктөрдү) калыбына келтирүү учурларын кошпогондо, көрсөтүлгөн маалыматтык түзүлүштөрдү (көрнөктөрдү) жайгаштырууну караган, белгиленген тартипте бекитилген реставрациялоо долбоору болгон учурда (60-сүрөттү кара).
54. Айыл аймакта маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууда төмөнкүлөргө жол берилет:
- имараттардын, курулуштардын, курулмалардын фасаддарына, чатырларына же башка тышкы беттерине маалыматтык түзүлүштөрдү жайгаштыруу;
- ушул Эрежелерге ылайык асма маалыматтык түзүлүштөрдү жайгаштыруу. Имараттын, курулуштун, курулманын бир галереясында жайгаштырылган асма маалыматтык түзүлүштөрдүн сырткы көрүнүшү, өлчөмдөрү, ошондой эле алардын саны шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген дизайн-долбоору менен аныкталат (61-сүрөттү кара);
- дубал жана асма маалыматтык түзүлүштөрдү, көрнөктөрдү бирдиктүү түзүлүш жана (же) бир маалыматтык түзүлүштүн окшош жана (же) өз ара байланышкан элементтеринин комплекси түрүндө жайгаштыруу;
- консоль көрнөктөрүн бирдиктүү түзүлүш катары гана жайгаштыруу
(62-сүрөттү кара).
55. Жеке долбоор боюнча жасалган имараттын фасадына же чатырына жайгаштырылган жарнамалык түзүлүштөр.
55.1. Имараттын фасадына же чатырына жайгаштырылган жарнамалык түзүлүштөр төмөнкү элементтерден турат:
- жарнама аянты (тексттик бөлүк) – тамгалар, тамга символдору, аббревиатура, сандар;
- көркөм элементтер (логотиптер, белгилер ж.б.);
- бекемдөөчү элементтер (мейкиндиктүү тор).
55.2. Имараттын фасадына же чатырына коюлган түзүлүштөргө карата жалпы талаптар:
- имараттардын, курулуштардын жана курулмалардын чатырларына коюуга уруксат берилген көрнөктөрдүн түзүлүштөрү ички жарыктандыруу менен гана жабдылышы мүмкүн үч өлчөмдүү символдор (аларды колдонбостон) болуп саналат (63-сүрөттү кара);
- бир объектиде имараттын негизги фасадына бир гана чатырдын конструкциясын жайгаштырууга болот;
- эгерде объект эки блоктон турса, анда ар бир блокко бир чатырдын конструкциясын орнотууга болот.
55.3. Имараттын фасадына же чатырына жайгаштырылган жарнамалык түзүлүштөр үчүн төмөнкү эрежелер белгиленет:
- жарнама аянты жана көркөм элементтер ички жарыктандыруу менен гана жабдылышы керек;
- жарнама түзүлүшүнүн жарнама талаасынын аянты конструкциянын өлчөмдөрү менен аныкталат;
- имараттардын фасадына же чатырына жайгаштырылган өз алдынча турган тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнама түзүлүштөрүндөгү сүрөттү өзгөртүү технологияларын, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдүн, кыймылдуу бөлүктөрдүн, ошондой эле медиафасаддарды уюштуруу технологияларынын жардамы менен колдонууга жол берилбейт;
- объекттин чатырында орнотулган жарнама каражаттарынын узундугу алар жайгаштырылган фасаддын узундугунун 70% ашпоого тийиш;
- жарнама түзүлүшүнүн бекитүүчү элементтери бул түзүлүштүн капталдарынан жана үстүнкү периметринен сырткары чыкпашы керек. Чатырдын жарнама түзүлүшүнүн маалымат талаасынын парапетинен төмөнкү четине чейинки аралык 1 мден ашпоого тийиш;
- өз алдынча турган тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнама түзүлүштөрү үчүн орнотуу, куроо жана эксплуатациялоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуу максатында жумушчу долбоордук документтер милдеттүү түрдө иштелип чыгышы зарыл;
- өз алдынча турган тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнама түзүлүштөрү электр менен жабдуу тармагынан авариялык өчүрүү тутуму менен жабдылып, өрт өчүрүүчү тутумдарга ээ болуп, өрт коопсуздугунун башка талаптарына жооп бериши керек.
55.4. Имараттын фасадына же чатырына жайгаштырылган маалыматтык түзүлүштөр (өлчөмдүү тамгалар) үчүн төмөнкүдөй эрежелер белгиленет:
- объекттердин чатырларына коюлган көрнөктөрдүн маалымат талаасы алар орнотулган объектилердин фасаддарынын бетине параллелдүү, объекттин карнизинин, парапетинин сызыгынан жогору жерде жайгаштырылат;
- имараттардын, курулуштардын, курулмалардын чатырларына жайгаштырылган маалыматтык түзүлүштөрдүн (өлчөмдүү тамгалардын) бийиктиги төмөндөгүдөй болууга тийиш:
а) 1-5 кабаттуу объектилер үчүн 1 мден ашык эмес;
б) 6-10 кабаттуу объектилер үчүн 2 мден ашык эмес;
в) 11 жана андан көп кабаттуу объектилер үчүн 3 мден ашык эмес (64-
сүрөттү кара).
55.5. Имараттын, курулуштун, курулманын чатырына жайгаштырылган маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн сырткы көрүнүшү шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган менен иштелип чыккан жана макулдашылган дизайн-долбооруна ылайык аныкталат.
55.6. Дизайн-долбоорду иштеп чыгуу жана макулдашуу милдеттүү, эгерде объектилердин фасадында маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууга тоскоол болгон архитектуралык-көркөм элементтер бар болсо, ошондой эле турак эмес объектилердин сырткы беттерине жайгаштырылган түзүлүштөрүнүн параметрлери бул маалыматтык түзүлүштү (көрнөктү) ушул Эрежелерге ылайык жайгаштырууда маалымат талаасынын жана архитектуралык-көркөм элементтердин пропорционалдуулугун бузбастан, сактоого мүмкүндүк болбосо.
Атайын эскертүүлөр:
Жарнама түзүлүштөрү тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда жылына бирден кем эмес жолу техникалык кароодон өтүшү керек.
X. Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруунун эрежелери
56. Жарнама түзүлүштөрдүн төмөнкүдөй болууга жол берилбейт:
- жол белгилери жана көрсөтмө белгилери менен окшоштуктарга ээ болууга, алардын көрүнүүсүн начарлатууга, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун төмөндөтүүгө;
- көрүнүүгө тоскоолдук кылууга жана муниципалдык жана башка курулмалардын техникалык жана эстетикалык талаптарын бузууга;
- жөө жүрүүчүлөргө, шаарды көрктөндүрүү менен байланышкан көчөлөрдү, тротуарларды тазалоо иштерине тоскоолдуктарды жаратууга, ошондой эле башка курулуштарды тосууга;
- жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарынын көрүнүүсүн чектөөгө же аларды жол кыймылынын катышуучуларынын кабыл алуусуна тоскоолдук жаратууга;
- жарыктан, анын ичинде түзүлүшүнүн бетинен чагылган жарыктан жол кыймылынын катышуучуларынын көзүн жарыктандырууга;
- инженердик курулмаларды коштомо курулуштарда жайгаштырууда алардын өлчөмдөрүн кичирейтүүгө;
- көрүү үчүн жөө жүрүүчүлөр көчөлөрдүн жана жолдордун автотранспорт жүргөн бөлүгүнө чыгууга мажбур боло тургандай жайгаштырылууга;
- нормалдуу угуусу бар адамдар автожолдо уга турган үндөрдү чыгарууга.
56.1. Жарнама аянтына жараша жолдун бир тарабында өз алдынча турган жарнама түзүлүштөрүнүн ортосундагы аралык кеминде төмөнкүдөй болушу керек:
- 2 м2 чейин – 50 метр;
- 6 м2 чейин – 200 метр;
- 12 м2ден 18 м2 чейин – 250 метр;
- 18 м2 жогору – 300 метр;
- 36м2 жогору – 350 метр.
56.2. Жарнама түзүлүштөрү каптал таштары жок жолдордун боюнда жайгаштырылганда, эгерде жолдун четинен курулуштун четине чейинки аралык 3,0 мге барабар же андан аз болсо, транспорт каражаттарынын конструкцияны сүзүп калууга жол бербөө үчүн жол тосмолор орнотулууга тийиш. Конструкциянын тирөөчтөрүнүн анкердик негизи жер деңгээлинен 15 смден ашпашы керек.
56.3. Жарнамалык же маалымат тактасынын ылдыйкы четинен жолдун бетине чейинки аралык жолдун жээгине орнотулганда 2,5 мден кем эмес, ал эми жолдун үстүндө орнотулганда - 4,5 метрден кем эмес болууга тийиш.
56.4. Ички же сырткы жарнаманы жарыктандыруу үчүн жарыктандыруучу аспаптар жана шаймандар жарык нурларынын жолдун өтүүчү бөлүгүнө тикелей тийүүсүн болтурбастан, орнотулууга тийиш.
56.5. Жарнамалык түзүлүштөрдөн светофорго чейинки аралык таблицада көрсөтүлгөндөн кем болбошу керек:
Кыймыл ылдамдыгы (км/саат)
Түзүлүштүн жарнама аянты (м2)
60
18ден жогору
12ден 18ге чейин
6дан 12ге чейин
6дан аз
60тан аз
100
60
40
25
56.6. Жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштырууда жолдорду жана көчөлөрдү күтүүнүн ыңгайлуулугу, жол кыймылын жөнгө салуучу каражаттарды киргизүү мүмкүнчүлүгү жана алардын иштеши эске алынуусу абзел.
56.7. Жарнамалык түзүлүштөрдүн устундары кагылышуу учурунда коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана шамалдын жүктөмүндө жана эксплуатациясында жетиштүү туруктуулукту камсыз кылуучу ар кандай материалдардан жасалышы мүмкүн.
Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү монтаждоо боюнча иштерди жүргүзүүгө карата талаптар.
57. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү орнотуу боюнча иштер архитектуралык-техникалык документтерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
58. Жер участокторунда маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн пайдубалдарын орнотуу жана башка жер казуу иштерин жүргүзүү аларды орнотууда белгиленген тартипте таризделген жер казуу иштерине карата ордердин негизинде жүргүзүлөт.
59. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жолдун же көчөнүн автотранспорт жүрүүчү бөлүгүн же жол тилкесин ээлөө зарылчылыгы жана кыймылды убактылуу жабуу же чектөө зарылчылыгы жөнүндө маалыматтар иштин башталышына кеминде 5 жумушчу күн калганда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү аймактык бөлүмгө берилүүгө тийиш.
60. Курулуштун менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси 3 күндөн ашпаган мөөнөттө жарнама түзүлүштөрүн орноткондон же демонтаждагандан кийин аймакты жана объектини көрктөндүрүп, калыбына келтирүүгө милдеттүү.
61. Жарнамалык түзүлүштүн тиешелүү техникалык жана эстетикалык абалда болушун камсыз кылып, түзүлүштү, тосмолорду тез арада оңдоп, сырдап, өңү өчкөн жана бузулган жарнамаларды алмаштырышы керек.
62. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү орнотуу аяктагандан кийин үч күндүн ичинде курулуштун менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси бул тууралуу ыйгарым укуктуу органга жана шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүүгө милдеттүү.
Маалыматтык жана жарнама түзүлүштөрүн алмаштыруу ушул Эрежелерге ылайык ыйгарым укуктуу орган менен макулдашып жүргүзүлөт. XI. Сырткы жарнаманы жана жарнамалык түзүлүштөрдү реестрге киргизүү жөнүндө арыздарды кароонун тартибине карата жалпы талаптар
63. Ыйгарым укуктуу орган:
1) ушул Эрежелердин талаптарын ишке ашыруу максатында:
- Реестр жүргүзөт;
- жарнама берүүчүлөр, жарнама түзүлүштөрүнүн ээлери, мамлекеттик органдар, аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөр, Айыл аймактын чарба субъекттери менен мамлекеттик жана социалдык жарнаманы жайгаштыруу маселелери боюнча өз ара аракеттенет;
жарнама тексттеринин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келүүсүнө лингвистикалык экспертизаны белгиленген тартипте жүргүзөт;
- жарнама ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык техникалык каражаттарды долбоорлоого, курууга жана башкарууга жеке өнөктөштөрдү тартат;
- ушул Эрежелердин талаптарын бир нече жолу бузган адамдар менен маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштыруу укугу боюнча келишимдик милдеттенмелерди токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
- орнотуу же демонтаждоо мөөнөттөрү, жарнама жана көркөм жасалгалоонун абалы жана маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруунун ылайыктуулугу боюнча келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;
- жарнама жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына контролду жүзөгө ашырат.
2) Ушул Эрежелердин талаптарынын аткарылышын төмөнкүлөр боюнча контролдойт:
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштыруунун мыйзамдуулугу;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүнүн долбоордук документтерге ылайык келүүсү;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен зарыл макулдашуулардын болушу;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн абалы, мазмуну, сырткы көрүнүшү жана алар орнотулган аймактын абалы;
- жарнама ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды орнотуу жана пайдалануу.
64. Айыл аймагында, менчигинин түрүнө карабастан, жер участокторуна жана башка объектилерге маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү жайгаштыруу Реестрге киргизүү шарты менен жүргүзүлөт.
65. Реестрге киргизүү жарнама берүүчүнүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген тартипте жана формада, жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жүргүзүлөт.
66. Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) Жеке адамдар үчүн:
- фамилиясы, аты, атасынын аты;
- арыз берүүчүнүн почта дареги;
- жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк же жеке жактын экономикалык иш жүргүзүү укугун ырастоочу башка документ;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (СИН);
маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн максаты жана негизги параметрлери.
2) Юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун аталышы;
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматы;
- жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты;
- почта дареги;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номуру (СИН);
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн максаты жана негизги параметрлери;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн жайланышкан ордунун дареги.
67. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- жер участогуна же имаратка, курулмага укук белгилөөчү жана/же укук тастыктоочу документтер;
- паспорттун көчүрмөсү – жеке адамдар үчүн;
- стационардык жарнаманы жайгаштырууда – маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөргө шаар куруу корутундусу (ШК);
- жарнаманын эскизи.
68. Ыйгарым укуктуу орган арызды кароонун жыйынтыгы боюнча арыз берилгенден кийин 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө:
- чечим оң болсо, маалыматтарды Реестрге киргизет;
- чечим терс болсо, арыз ээсине баш тартуу жөнүндө билдирүү жөнөтөт.
69. Реестрге маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз арыз ээсинин ушул Эрежелердин талаптарын аткарбагандыгы болуп саналат.
70. Ыйгарым укуктуу орган чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн Реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимин арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтөт.
71. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү Реестрге киргизүү арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык бир айдан бир жылга чейинки мөөнөттө, бирок жер тилкесин ижарага берүү же жарнама түзүлүшүн ижарага берүү укугунун мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт.
72. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн эскизи өзгөргөн учурда жарнама берүүчү 3 жумушчу күндүн ичинде Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга билдирүү жөнөтөт.
73. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизбестен, төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- документтерди аларды пайдаланууга укугу жок башка адамдарга өткөрүп берүүгө;
- уруксат берүүчү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн техникалык элементтерин өзгөртүүгө.
XII. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби
74. Реестрдеги эсепке алуу объекттери:
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр, аларга жайгаштырылган плакаттар, стенддер, жарыктандыруучу таблолор жана башка туруктуу аймактык жайгаштыруу техникалык каражаттары;
- транспорт каражаттарына жайгаштырылган жарнамалык түзүлүштөр.
75. Реестрди Айыл аймагынын ыйгарым укуктуу органы жүргүзөт.
76. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Реестрди жүргүзүүнүн тартибин жана Реестрди жүргүзүүнүн талаптарын сактоону камсыз кылууга;
2) реестрге кирүү укуктарын жана коммерциялык сырды коргоону камсыз кылууга;
3) белгиленген тартипте маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө, Реестрден көчүрмөлөрдү берүүгө.
77. Реестр төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн эскизи;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүнүн дареги (жайгашкан жери), кадастрдык номуру, жарнама автотранспорт каражатында жайгаштырылган учурда транспорт каражатынын мамлекеттик номуру;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүнүн өлчөмү жана аянты;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштырууга укуктардын аякташынын мөөнөтү;
- юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк, маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүнүн ээсинин же пайдалануучунун паспорттук реквизиттери;
- укук берүүчү жана укук тастыктоочу документтердин реквизиттери;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн же транспорт каражатынын ээси жана/же пайдалануучусу жөнүндө маалыматтар;
- маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштыруу үчүн шаар куруу корутундусу (ШК) жөнүндө маалымат;
- жарнамага жана маалыматка карата белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалыматтар, алардын келип чыгышынын жана токтотулушунун негиздерин жана датасын көрсөтүү менен.
78. Реестр кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн алып жүрүүчүдөгү маалыматтар дал келбеген учурда кагаздагы маалымат артыкчылыкка ээ болот.
79. Реестр маалыматтын уурдалышын, жоголушун, бурмаланышын жана жасалмаланышын болтурбоо шарттарын сактоо менен, бөтөн адамдар жетпеген жерлерде сакталат жана иштетилет.
80. Реестрге маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрү жөнүндө маалыматтарды жана алар жөнүндө маалыматтардын өзгөрүшүн киргизүү киргизилүүгө тийиш болгон маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдүн менчик ээсинин же пайдалануучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде ишке ашат.
81. Документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелген арыз маалыматтык же жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштыруу укугу пайда болгон, өзгөргөн же токтотулган (маалыматтагы өзгөрүүлөр жөнүндө) учурдан тартып 2 жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга берилет.
82. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрү ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келбегендиги, маалымат же жарнама түзүлүштөрүн жайгаштыруу боюнча тараптын укуктары ырасталбаганы жана документтер толук берилбегендиги аныкталса, ыйгарым укуктуу орган маалыматтарды реестрге киргизүүгө уруксат бербейт.
XIII. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо
83. Белгиленген талаптарга жооп бербеген маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр аныкталса, ошондой эле менчик ээсинин же пайдалануучунун жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирген, айлана- чөйрөгө зыян келтирген аракеттери аныкталса, Айыл аймагынын ыйгарым укуктуу органы (Айыл аймагынын муниципалдык менчик башкармалыгы), шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган аныкталган түзүлүштөр жөнүндө маалыматты тиешелүү ыйгарым укуктуу органга андан ары 30 календардык күндүк мөөнөткө сырткы жарнаманы жайгаштыруу укугун токтото туруу менен жөнөтөт.
84. Ыйгарым укуктуу орган маалыматты же жарнаманы жайгаштыруу укугун токтотууга алып келген бузуулар четтетилгендиги жөнүндө маалыматтын же жарнама түзүлүшүнүн менчик ээсине же пайдалануучуга бузуу табылган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.
85. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүнүн ээси же пайдалануучусу аныкталган бузууларды четтетсе, ыйгарым укуктуу орган 3 жумушчу күндүн ичинде маалыматты же жарнаманы жайгаштыруу укугун калыбына келтирет.
86. Эгерде бузуулар билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттө четтетилбесе, ыйгарым укуктуу орган бузууларды четтетүү мөөнөтү аяктагандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн демонтаждоо жол-жобосун баштайт.
87. Түзүлүштү белгиленген эрежелерге ылайык келтирүү менчик ээси тарабынан өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
88. Түзүлүштү белгиленген эрежелерге ылайык келтирүү мүмкүн болбосо, түзүлүштүн менчик ээси аны өз ыктыяры менен демонтаждап, андан кийин ал орнотулган объекттин тышкы беттерин конструкция орнотулганга чейинки формада жана ушул сыяктуу материалдарды жана технологияларды колдонуу жана участокту баштапкы абалына келтирүү менен калыбына келтирет.
89. Эгерде түзүлүш 10 күндүн ичинде анын ээси тарабынан өз ыктыяры менен демонтаждалбаса, бул маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү мажбурлап демонтаждоону уюштуруу айыл аймактык бюджеттинин каражаттарынын эсебинен тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
90. Тийиштүү ыйгарым укуктуу орган демонтаждоону, атайын уюштурулган сактоочу жайга көчүрүүнү жана андан ары сактоону уюштурат.
91. Жерди пайдалануу жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү демонтаждоо боюнча иштерди жүргүзгөндөн кийин ыйгарым укуктуу органга жана шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга демонтаждоо жөнүндө маалыматты жиберет.
92. Демонтаждалган маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү сактоо аларды сактоо үчүн атайын уюштурулган жерлерде материалдык баалуулуктарды чыгаруу актысы жана аларды сактоого өткөрүп берүү актысын түзүү менен демонтаждоо күнүнөн тартып 30 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.
93. Демонтаждоо жана сактоо боюнча иштердин чыгымдары жерди пайдалануу жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын талабы боюнча маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүнүн менчик ээсинин же башка мыйзамдуу ээсинин каражаттарынын эсебинен толтурулууга тийиш.
94. Курулуштун менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси конструкцияны мажбурлап демонтаждоо, ташуу жана сактоо менен байланышкан чыгымдарды төлөгөндөн кийин демонтаждалган маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр белгиленген тартипте менчик ээсине кайтарылып берилет.
95. Эгерде маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөр демонтаждалган күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүнүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси курулушту сактоочу жайдан алып кетпесе, жерди пайдалануу жана куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган ээси жок деп табуу жөнүндө сотко кайрылууга укуктуу.
96. Эгерде сот талап кылынбаган (ташталган) маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн ээси жок деп тааныса, алар муниципалдык менчикке өтөт.
97. Айыл аймагынын ыйгарым укуктуу органдары күч менен демонтаждоодо жана (же) демонтаждалган түзүлүштөрдү сактоо үчүн атайын уюштурулган жайларга көчүрүү учурунда түзүлүштө жайгашкан конструкциянын, жабдуулардын же башка мүлктүн абалы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартышпайт.
98. Ушул Эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик
99. Тиешелүү документтерди албастан жана (же) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу менен маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрүн жайгаштыруу жана (же) эксплуатациялоо үчүн түзүлүштөрдүн ээлери административдик укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык администрациялык жоопкерчилик тартышат.
100. Түзүлүштүн менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси коопсуздук эрежелеринин бузулушу, ошондой эле маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү монтаждоо, демонтаждоо жана эксплуатациялоо шарттарын анын бузуусунан улам келип чыккан бузулуулар жана авариялык кырдаалдар үчүн жоопкерчилик тартат.
101. Маалыматтык жана жарнамалык түзүлүштөрдү начар абалда кармоо, түзүлүштөрдүн сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды бузуу жана ушул Эрежелердин башка бузуулары үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине, башка ченемдик укуктук актыларга жана айыл аймактык муниципалдык менчигинде жарнама түзүлүшүн жайгаштыруу жана иштетүү келишимине ылайык түзүлүштөрдүн ээлерине (юридикалык, кызматтык жана жеке жактарга) жүктөлөт.
102. Ыйгарым укуктуу органдын Айыл аймак боюнча Реестрге киргизүү жөнүндө чечимдери Кыргыз Республикасынын “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Мыйзамына ылайык датталышы мүмкүн.
103. Жоопкерчилик чараларын колдонуу бузуучуларды кетирилген бузууларды четтетүү милдетинен бошотпойт.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Постановление Кабинета Министров КР от 10 мая 2024 года № 240 "Об утверждении Положения о порядке выдачи документов на проектирование, строительство и иные изменения объектов…Постановление · 10.05.2024 · № 240 · Утратил силу