Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Курманжан Датка айылдык кеңешинин «Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» токтому.
КУРМАНЖАН ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Курманжан Датка айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 5-отуруму 2025-жылдын 17-марты 5/3
Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 3-главасынын 34-беренесинин 2-пунктунун 2) жана 4) пунктчаларына ылайык Курманжан Датка айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Курманжан Датка айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби боюнча аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2.Курманжан Датка айыл аймагында муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби боюнча атайын айыл өкмөтүнүн деңгээлине жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы №183 токтомун негиздеп атайын жобо иштеп чыгуу жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси К. Пасаңовго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Бул токтом http://kurmanjan-datka.gov.kg сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага:
Д. Камчыбек уулу
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Постановление Кабинета Министров КР от 24 сентября 2021 года № 183 "О вопросах, регламентирующих порядок предоставления государственного имущества в аренду, хозяйственное…Постановление · 24.09.2021 · № 183