# Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №9-18 Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому

- Полное наименование: Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №9-18 Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 9-19
- Дата принятия: 30.08.2024
- Статус: Действует
- Редакция от: 30.08.2024
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025116>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40191/edition/30096/ru>

> Текст приведён по редакции от 30.08.2024 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 30-августундагы №9-18 Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому (ред. от 30.08.2024) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025116

---

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т. Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №VII-чакырылышынын

кезектеги 9-отуруму (сессиясы)

2024-жылдын 30-августу №9-18

Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Т.Кулатов айыл аймагынын Каримберди бөлүмүндөгү №55 котурунан 0,17 га №97 контурунан 0,78 га жер аянтын мектеп жана бала бакча куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

Төрага

А.Ажибаев
