# Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы №6/2 "Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому.

- Полное наименование: Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы №6/2 "Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому.
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6/2
- Дата принятия: 12.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025110>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40184/edition/30089/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы №6/2 "Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө" токтому. (ред. от 12.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025110

---

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы 2025-жылдын 12-марты № 6/2 Аксакалдар сотунун Регламентин бекитүү жөнүндө

“Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 3-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 токтомунун 1-тиркемесинин 21-пунктунун 4-пункчасына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 12-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2024-жылдын 17-декабрындагы № 01-25/342 сандуу буйругун аткарууга алып, Тилектеш айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аксакалдар сотунун Регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Аксакалдар сотунун Регламентинин жоболорунун негизинде иш кароону регламентте каралган жол-жоболорго ылайык жүргүзүлүүсүн камсыздоо жагы аксакалдар сотунун төрагасы Т.Маназаровго милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы Тилектеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Г.Мадаевге тапшырылсын.

3.Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош областык юстиция башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрүлсүн .

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

К.Төрөшев
