# Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы №6/1 "Тилектеш айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы №6/1 "Тилектеш айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6/1
- Дата принятия: 12.03.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.03.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025107>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40182/edition/30087/ru>

> Текст приведён по редакции от 12.03.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Тилектеш айылдык кеңешинин 2025-жылдын 12-мартындагы №6/1 "Тилектеш айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 12.03.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025107

---

ТИЛЕКТЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы 2025-жылдын 12-марты № 6/1 Тилектеш айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Респбуликасынын 2021-жылдын 05-майындагы №60 “Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жѳнүндѳ” Мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктуна ылайык, «Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү» жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 747 токтомун жетекчиликке алып, аймакта укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында,Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Тилектеш айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин.

2. Коомдук алдын алуу борборунун уюштуруу маселеси боюнча иш алып баруу жагы Тилектеш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар-жооптуу катчысы Г.Мадаевге тапшырылсын.

3.Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош областык юстиция башкармалыгына каттоодон ѳткѳрүлсүн.

4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага:

К.Төрөшев
