# Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 31-январындагы №7-1 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын бекитүү жөнүндө” токтому

- Полное наименование: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 31-январындагы №7-1 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын бекитүү жөнүндө” токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7-1
- Дата принятия: 31.01.2025
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.01.2025
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/230025104>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-40178/edition/30083/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.01.2025 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2025-жылынын 31-январындагы №7-1 “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын бекитүү жөнүндө” токтому (ред. от 31.01.2025) - https://aqlex.ai/kg/doc/230025104

---

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясынын

2025-жыл 31-январындагы №7-1

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашаларын бекитүү жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын жана 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгашаларын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүнүн негизинде, айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасын талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Кызыл-Туу айылдык кеңеши тарабынан 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражаттары жана трансферттер менен кошулуп 44188,5 миң сомго бекитилип, жыл ичинде такталган план 54859,1 миң сомду түзүп, 56876,0 миң сомго аткарылган. Ал эми, чыгашалардын аткарылышы жыл ичиндеги кошумча каражаттар жана жыл башындагы калдыктар менен биргеликте 57795,8 миң сомду түзүп, отчетун канааттандырарлык деп табылсын.

2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылда айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети атайын каражат менен кошулуп кирешелери жана чыгашаларынын көлөмү 44550,2 миң сом өлчөмүндө, анын ичинен жергиликтүү бюджеттик каражаттын көлөмү 37050,2 миң сомго, атайын каражат 7500,0 миң сомго № 1, 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жергиликтүү бюджеттин көлөмү 37050,2 миң сом өлчөмүндө бөлүмдөр жана беренелер боюнча чыгымдарына биринчи кезекте коргоого алынган беренелерди каржылоого (эмгек акы жана социалдык фондко чегерүүгө, көмүр сатып алууга) багытталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин штат бирдиги жалпысынан 30 (отуз) штат бирдиги менен бекитилсин. Анын ичинен 9 (тогуз) штат бирдиги келишимдик негизде алынсын.

5. Кызматкерлердин эмгек акысы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы №381 токтомуна ылайык келишимдик негизде алынган кызматкерлердин эмгек акысын эсептелген нормага ылайык 11782,5 миң сомго айлык акыларына жана социалдык фондго чегерүүлөр 1597,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

6. Ыйгарым укуктар боюнча кызматкердин эмгек акысы республикалык бюджеттен төлөнүүсүн эске алуу менен жергиликтүү бюджеттен башкаруу бөлүмүнүн эмгек акы фондусуна 11443,4 миң сомго, анын социалдык фондго чегерүүсү 1546,7 миң сом өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 700,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

8. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №240 токтомунун негизинде 350,0 миң сом, телефондук, уюлдук байланышка жана интернет төлөмүнө 110,0 миң сом, кеңсе жана чарба товарлары үчүн 186,0 миң сом, административдик кызматкерлерди керектүү жабдуулар менен камсыздоо максатында 145,0 миң сом, түрдүү чыгымдарына 1750,0 миң, мүчөлүк акы төлөө 31,0 сом №4 жана №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 ”Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык жайыт пайдалануучулардан жыйналуучу 1000,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты №6 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жайыттан жыйналган каражаттарды максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын башчысына милдеттендирилсин, аны көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн. Э. Төрөбаев атындагы орто мектебине балдарды мектепке жеткирип туруу үчүн муниципалдык автобустун айдоочусунун айлык акысына жана социалдык фондго чегерүүсүнө (9 айга) 119,0 миң сом жана таштандыларды чыгаруу үчүн каралган 90,0 миң сом акча каражаты “Кызыл-Туу кызмат” муниципалдык ишканасына субсидия катары өткөрүлүп берилсин.

10. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга коммуналдык чарба бөлүмүнүн чыгымдарынын бөлүнүшү №7-тиркемеге ылайык 2979,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-августундагы №429 токтомуна ылайык 7 штат бирдигине жана анын эмгек акы фонду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №185 токтомунун негизинде 1450,4 миң сом, социалдык фондго болгон чегерүүсү 250,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана зыяндыктарды төлөөдө керектүү иш кагаздарынын негизинде эсептөө айыл өкмөтүнүн эсепчисине жүктөлсүн №8 тиркемеге ылайык.

12. Маданият үйүнө жана китепканаларга 2025-жылга түрдүү чыгымдарына 200,0 миң сом №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.

13. Билим берүү бөлүмү боюнча ар бир жалпы билим берүү мекемелери, мектепке чейинки билим берүү мекемелери, мектептен тышкары мекеме боюнча чыгымдалышы №10 тиркемеге ылайык 4861,8 миң сом өлчөмүндө, атайын каражат эсебинен 7500,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Жаңы ачылган “Балалык” жана “Бийиктик” бала бакчаларынын кызматкерлерине эмгек акылары жана социалдык фонд чегерүүлөрү жергиликтүү бюджет эсебинен 8670,0 миң сом төлөнүп берилсин.

14. Мектептерди, бала бакчаларды жана спорт мектебин 2025-2026-окуу жылына карата отун-көмүр менен камсыз кылуу үчүн 3000,0 миң сом № 11 тиркемеге ылайык бекитилсин.

15. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдардын тамак ашы үчүн ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрү боюнча 7500,0 миң сом балдардын тамак-ашына багытталсын, казыналык система аркылуу пайдаланылсын. Атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Аталган тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынышы эскертилсин.

16. Аз камсыз болгон, турмуш шарты оор үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, багар көрөрү жок карыяларга, ата энеси жок балдарга жардам берүү үчүн 1040,0 миң сом №12 тиркеменин негизинде каралсын.

17. Жыл ичинде пландык көрсөткүчтөрдөн кошумча жыйналган кирешелер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык пайдаланылсын.

18. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүүгө айылдык кеңештин сессиясына сунуш берүү айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э. Жолдошовага милдеттендирилсин.

19. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана максаттуу пайдалануу айылдык кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

20. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

А. Алимов
