Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Т.Кулатов айыл аймагынын Беш-Буркан айылындагы Беш-Буркан орто мектебинин 1,40 га жер тилкесин мектеп куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө токтому
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Т. Кулатов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин №VII-чакырылышынын
кезектеги 9-отуруму (сессиясы)
2024-жылдын 30-августу №9-11
Т.Кулатов айыл аймагынын Беш-Буркан айылындагы Беш-Буркан орто мектебинин 1,40 га жер тилкесин мектеп куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагынын Беш-Буркан айылындагы Беш-Буркан орто мектебинин 1,40 га жер тилкесин мектеп куруу үчүн трансформациялоого макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Мыйзамынын 12-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу тартиби жөнүндөгү” убактылуу жобонун негизинде, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы № 45 Жер кодексинин 11-13-беренелерине таянып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагынын Беш-Буркан айылындагы Беш-Буркан орто мектебинин 1,40 га жер тилкесин мектеп куруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрага
А.Ажибаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Постановление Правительства КР от 19 марта 2014 года № 169 "Об утверждении Временного положения о порядке перевода (трансформации) земельных участков"Постановление · 19.03.2014 · № 169 · Утратил силу
- Земельный кодекс КРКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Утратил силу
- Закон «О переводе (трансформации) земельных участков»Закон · 15.07.2013 · № 145 · Утратил силу