Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кочкор айылдык кеңешинин «Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө» токтому
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2022-жылдын 5-августундагы № 15/6
Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү жөнүндө Кочкор айылынын Шолохов көчөсүнүн атын өзгөртүү боюнча Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Б. Сламовдун сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Респуликасындагы географиялык обьектерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айылынын Шолохов көчөсү Абдиев Төлөбек Зайнидинович атындагы көчө болуп өзгөртүлсүн.
2. Т.Абдиев атындагы көчөнүн турак жайларына катар номерин, көчөнүн атын жаздыруу, жарыктандыруу жана кум шагыл төгүп ирээтке келтирүүнү Абдиев Толобектин баласы Улукка милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага
Э.Э. Эшмукамбетов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.